Тунисте өткөн «Франкофония» саммити – ийгиликсиздик жана саткындык саммити

76
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунисте өткөн «Франкофония» саммити ийгиликсиздик жана саткындык саммити

Үстүбүздөгү жылдын 19-20-ноябрь күндөрү Тунистин түштүгүндөгү Жарба аралында «Франкофония» мамлекеттеринин шериктештик уюмунун 18-саммити болуп өттү. Француз тилинде сүйлөшкөн мамлекеттердин президент жана премьер-министрлеринин катышуусунда өткөн бул саммит 2020-жылы Тунисте өткөрүлүшү айтылып, ошондон бери тынымсыз жылдырылып келген.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө ушулар баса белгиленет: «Франкофония саммити Франциянын куралы болуп, дүйнөгө өкүмдарлык кылууга жана башкарууга аракет кылып жаткан ири мамлекеттердин арасында өз салмагына ээ болууда Франция ушул куралдан пайдаланууда…

Бул саммит колонизатор Франциянын өз гегемондугун улантуу долбоорунун бир бөлүгү болуп, Франция бүгүнкү күндө Ислам Умматына каршы күрөшүүдө да бул уюмду курал катары пайдаланууда. Демек, бул – калктарды кыйратуу жана өз сакафатынан арылтууга каратылган саясий жана хазарий долбоор…

Буркиба да ушул уюмдун өлкөбүздөгү куйруктарынан о.э. эрки тартып алынган жана аң сезимин жоготкон мындай элитанын эң белгилүү өкүлдөрүнүн бири болгон. Президент Кайс Саид да бүгүн Буркибанын изинен бара жатат. Ал Францияны колонизатор деп да, кылмышкер деп да эсептебейт, тескерисинче, Франция Тунисти коргоо үчүн келген деп билет. Ал дагы эле ушул саммит үчүн күрөшүп, аны токтотмокчу болгондорду коркутууда».

Билдирүүнүн акырында Тунис калкына мындай кайрылуу жасалды: «Оо, Тунис калкы! Колонизатор өлкөбүздө ийгиликсиздикке учурады. Ал ушунча үлкөн мүмкүнчүлүктөргө, сансыз армияларга, Батыш сакафатына ууланган адамдарына ээ болуп туруп, тунистиктердин Исламга карай багытын өзгөртө албады. Акыбетте, козголоң башталып, адамдар европалыктар орноткон режимди кулатууну талап кылып чыгышты. Бул козголоң дагы эле уланууда жана Батыштын таасирин, малайларын, колонизатордун кулдарын түп тамыры менен кулатмайынча дагы уланат. Андан кийин мусулмандардын өкүлү болгон жана мусулмандарды Аллах Субханаху ва Тааланын өкүмдөрү аркылуу камкордук менен башкара турган чыныгы мамлекет тикеленет».

 Роя гезити, №418, 2022-жыл, 23-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here