Ал-Ваъй тобунун Фалестин университеттериндеги иш-чаралары

156
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ал-Ваъй тобунун Фалестин университеттериндеги иш-чаралары

Ал-Ваъй тобу Бирзайд жана Куддус университеттеринде китепче таратуу иш-чарасын өткөрдү. Китепчеде Батыш өлкөдөгү форум жана жыйындарда үгүттөп жаткан жана айрым баёо адамдар алданып жаткан түшүнүктөрдөгү карама-каршылыктар көрсөтүлгөн.

Китепчеде бул түшүнүктөрдүн бири илманийлик идеологиясынан башка идеологияны кабыл албаган «пикир эркиндиги» жана «адам укуктары» ачыкталган. Негизи, бул аталыш боюнча адам укуктары адамдын түрүнө карап корголот. Сирия жана Украинадагы окуялар ушул эки жүздүү өлчөөлөр жана карама-каршылыктарга ачык-айкын мисал.

Өнүгүү жана заманбаптык аталышына келсек, алар Батыштын жашоо таризине чектелген. Мисалы, сүйүү мамилелери жана эркек менен аялдын ортосундагы зына өнүгүү жана заманбаптык болуп эсептелет… Түпкүлүгүндө, булар моралдык бузукулук жана айбандык турмуштан башка нерсе эмес.

Ал-Ваъй тобу Халил жана Политехника университеттеринде да эгемендүүлүк күнү жөнүндө «Эгемендүүлүк күнү – ар жылдагы жалган» деген темада баракча таратты. Баракчада душман күнү-түнү Фалестин перзенттерин камакка алып, өлтүрүп, үй-жайларын бузуп, Аксага бастырып кирип жатканда мына ушундай жасала эгемендүүлүк белгиленип жатканын камтыган.

О.э. баракчада бул жалган эгемендүүлүктү каралаган суроолор берилген:

«Валютабыз душмандын валютасы болсо, кайсы эгемендүүлүк жөнүндө айтып жатабыз?!

Душмандын курчоосунда турсак, кандай эгемендүүлүк болушу мүмкүн?!

Мыйзамдарыбыз Франция, Британия жана АКШ мыйзамдарынан көчүрүлгөн болсо, кандай эгемендүүлүк жана суверендик болушу мүмкүн?!

Эркибиз эл аралык коомчулуктун эркине байлап коюлган болсо, кандай эгемендүүлүк болушу мүмкүн?!».

Баракчанын акырында Ал-Ваъй тобу ушуларды баса белгиледи: «Эгемендүүлүктүн түпкү мааниси – бул яхудий вужуду жана эл аралык коомчулуктан турган чыныгы душмандын түздөн-түз жана кыйыр түрдөгү эркинен азат болуу экенин түшүнүү керек. О.э. бийлигибиз жана коопсуздугубуз өз колубузда болушу шарт, проблемаларыбыз өзүбүздүн исламий акыйдабыз жана андан алынган өкүмдөр негизинде чечилиши керек. Чыныгы эгемендикти каалаган кишилер ушул иштерди жасашы керек:

  • Мекенчилдикти четке каккыла;
  • Эл аралык колонизаторлук резолюцияларды четке каккыла;
  • Сүйлөшүүлөрдү четке каккыла.
  • Ааламдар Роббисине таянып, өлкөнү азат кылуу жөнүндөгү Аллах Тааланын Китебин жана Расулуллах ﷺдын тарыйкатын кармангыла».

 

Роя гезити, №418, 2022-жыл, 23-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here