Мубарек жерден баш тарткандардын назарындагы жеңиш түшүнүгү

156
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мубарек жерден баш тарткандардын назарындагы жеңиш түшүнүгү

БУУнун Башкы Ассамблеясынын деколонизация боюнча төртүнчү комитети Фалестин резолюциясы долбоорун жактырды. Резолюция долбоорунда Эл аралык соттон яхудий вужудунун Фалестин жерлерин басып алышы аннексия же аннексия эместиги туурасында укуктук корутунду талап кылынган.

Резолюция долбоору добуш берүү жана расмий кабыл алуу үчүн кийинки айда БУУнун Башкы Ассамблеясына мүчө мамлекеттерге сунушталат. О.э. долбоордо Эл аралык соттон яхудий вужуду Фалестин калкынын өз тагдырын өзү белгилөө укугун туруктуу бузушу, Фалестинди басып алышы, жайгашып алышы, жерлерди кошуп алышы о.э. кемсинтүүчү мыйзамдарды жана чараларды кабыл алышы натыйжасында жаралган укуктук акыбеттерди көрсөткөн сунуш корутундусу талап кылынган.

Фалестин тышкы иштер министри БУУга мүчө мамлекеттердин бул резолюцияны жактап добуш беришин алкыштап: «Эгер аны жактап добуш беришсе, бул фалестиндиктер үчүн жеңиш жана дипломатиялык утуш болот», – деди.

Роя:

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмүнүн веб-сайтында жарыяланган түшүндүрмөдө мындай делет: «Фалестин президенти Махмуд Аббас Алжирде өткөн Араб Мамлекеттери Лигасынын конференциясында бир тараптан чоң мамлекеттер жана комитеттерди айыптап, дагы бир тараптан, яхудий вужудун «эки мамлекет» чечими долбоорун ишке ашырууга үндөө боюнча БУУ резолюциясын таанып: «БУУнун 700 резолюциясынын бири да колдонулбады», – деген. Мына, арадан бир нече күн өтүп Фалестин администрациясынын тышкы иштер министри резолюцияны жактап добуш берилишин «жеңиш» деди! Фалестин Азаттык Уюму жана администрациясы көптөн бери кичине мамлекетчеге жана бир алакандай жерге ээ болуу үчүн эл аралык уюм жана комитеттерге жалбаруу аркылуу бир катар «жеңиштерине» дагы бир «жеңишти» кошту.

Фалестин администрациясынын бул резолюция долбоорун «жеңиш» деп эсептеши саясий жактан жеңилүүнү актоо жана кыянатты улантуу болуп эсептелет. Себеби, бул резолюция долбоору «эки мамлекет» долбоору алкагында 1967-жылы басып алынган жерлер жөнүндө болуп, Азаттык Уюму ушул «эки мамлекет» долбоору аркылуу яхудий вужудунун Фалестиндеги көпчүлүк жерлерге ээлигин тааныган. О.э. бул резолюция долбоору Осло келишиминин өкүлү болгон Фалестин жетекчиси өзүнүн акыркы кайрылуусунда моюнга алган ийгиликсиз аракетти актоо болсо, дагы бир тараптан, убакытты текке кетирүү болуп эсептелет. Анткени, яхудий вужуду ушул учурдан пайдаланып калган жерлерди да басып алууда. Буга чейин ал «эки мамлекет» долбоорун тебелеп, анын оңчул өкмөтү Батыш Жээктин көпчүлүк жерлерин расмий түрдө аннексиялоону талап кыла баштады!

БУУ жана Башкы Ассамблея Фалестин маселеси боюнча өз позициясын 1949-жылы 11-майдагы №273-резолюциянын алкагында алга сүргөн. Бул резолюцияга ылайык яхудий вужудунун БУУга мөчө болуу талабы кабыл алынып, БУУга караштуу Коопсуздук Кеңеши тарабынан 1949-жылы 4-марттагы №69-резолюция аркылуу бул нерсе жактырылган о.э. баскынчы вужудга мубарек жердин чоң бөлүгүндө мыйзамдуу мамлекеттик статус берилген. Азаттык Уюму бул резолюцияны көңүл сыртында калтырышын о.э. №69-резолюцияны адилеттүү чечим деп сүрөттөшүн жаман ниеттеги адаштыруу о.э. ийгиликсиздик таштандысы арасынан жеңиш издөө десе болот. Айрыкча, БУУнун тизгини Американын колунда болуп, БУУдан кандай резолюция чыгышын да, кандай резолюция токтотулушун да ушул колонизатор мамлекет белгилейт та. яхудий вужудуна карата саясатына ылайык, Фалестин администрациясы жана БУУга мүчө мамлекеттердин каалоосунан алыс түрдө белгилейт.

Мубарек жердеги баскынчылык маселесинде укуктук корутундуга, комитет жана адилетке муктаждыгыбыз жок. Алар эл аралык сот менен Азаттык Уюмунун оюндарынан башка нерсе эмес. Себеби, яхудий вужуду армиясы, калкы, кылмыштары мене турат о.э. мубарек топуракты, сууну жана аба мейкиндигин көзөмөлдөөдө. Ушул себептен улам, биз яхудий вужудун жок кылууга муктажбыз. Бул болсо Ислам Умматынын аракетке келиши менен гана ишке ашат. Себеби, маселенин ээси Уммат болуп, анын армиялары бул нерсени жүзөгө чыгарууга кудуреттүү. Бирок, Фалестин Азаттык Уюму, администрациясы жана фракциялар бул чечимди Фалестин маселесин текке кетирген, баскынчылыкты бекемдеген жана мубарек жерден баш тарткан мекенчилдик менен жашырууга аракет кылышууда.

 Роя гезити, №418, 2022-жыл, 23-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here