Көк Нилде жаңыдан башталган согуштардын артында ким турат?!

777
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Көк Нилде жаңыдан башталган согуштардын артында ким турат?!

 

Устаз Ибрахим Усман (Абу Халил)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан

вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү

Көк Нилдеги өз ара согуштардын артында ким турганы жөнүндө сөз кылуудан мурун окурманга бул регионду сүрөттөп берүү керек. Өлкөнүн түштүгү бөлүнүп, Түштүк Судан мамлекети пайда болгондон кийин Көк Нил вилаяты Судандын жаңы түштүгүнө айланды. Аймакка ал жердеги Көк Нил дарыясынын аты берилген. Бул дарыя вилаяттан агып өтүп, Хартумдагы Ак Нилге кошулуп, Нил дарыясына айланат. Көк Нил вилаятында бир катар уруулар жашайт: негизинен Парта, Фунаж, Анкасна, Хавса жана башкалар.

Белгилүү болгондой, Көк Нил вилаятында бул сыяктуу ырайымсыз күрөш мурун болбогон. Бул күрөш өткөн июль айында Хавса уруусу башкалар сыяктуу аларга да өзгөчө жетекчиликти талап кылышы, өз кезегинде, бул нерсе эски жетекчиликтин ачууланышы натыйжасында келип чыкты. Себеби, уруунун эски жетекчилери Хавса уруусу жерге ээлик кылууну, көз карандысыз башкарууну каалап жатканын билишкен жана бул нерсеге таптакыр ыраазы болбой жатышкан. Күрөш мына ушундан башталды жана ондогон адам каза болду, жүздөгөнү жараат алды, миңдегени көчүрүлдү. Ал эми, бийлик жаңжалдарды чечүү боюнча өз ыкмасына ылайык, күрөшүп жаткан тараптар ортосунда маселенин негизине этибар бербеген жана мазлумдарга адилеттик кылбаган жарашуу келишимин түздү… Келишим түзүлгөндөн болгону үч күн өтпөстөн кайра күрөш жалындады. Бул күрөш андан да үрөй учурган түс алып, адамдар үйлөрү менен кошо өрттөлүп, жасаддар көмүрдөй катып калгандыктан адамдын денеси титирейт… Миңдеген адам өлүм, от жана кыргындан башка аймактарга качып чыкты. Согуш аялдар, балдар жана карылардын өмүрүн алганга чейин бийлик аралашкан жок. Бул болсо, бийликтин жаңжалда колу бар экенинен о.э. бул региондогу адамдардын коопсуздугуна жана тынчтыгына парда артынан карап жатканынан кабар берет.

Бийлик социалдык тармактарда тараган текчилдик жөнүндөгү саясий кайрылуунун акыбети өз ара согушка алып келишин билет. Күрөштү курчуткан, адамдарды жахилиятка кайтарган нерсе ушул кеңири тараган кайрылуу болду… Бардыгы өз уруусунун тарабын алды, ал туурабы же туура эмеспи, кызыккан жок. Жада калса, адам эмне үчүн өлтүрүп жатканын, адам эмне үчүн өлүп жатканын билбеген абал жүзөгө келди!

Табигый трдө, эмнеге уруулар мына ушундай учурда жетекчилик жөнүндөгү талаптарды коюшту деген суроо пайда болот? Бул талаптын себеби – саясий. Жаңы талаптын артында айрым расмийлердин саясий карөзгөй максаттары турат. Алар бир урууну башка урууга каршы тукуруу менен өздөрү бекемделип алууну каалайт. Аларды кан төгүлүшү да, адамдардын кырылышы да кызыктырбайт, жеке кызыкчылыктары ишке ашса болду. Бул жаатта алар Суданга өкүмдарлык кылган мурунку кожоюндары менен бирдей. Жергиликтүү башкаруу деген нерсе ар дайым ири урууда болуп келген. Бул уруудан жетекчи дайындалып, ал ошол жердеги адамдарга саясий, юстиция жана финансы жагынан өкүмдарлык кылган. Бул регион жергиликтүү жетекчиликтин башчысынын аты менен хакура деп аталат. Ушул хакурада башка уруунун башкаруу укугу жок. Бул абал уруулар ортосунда күрөшкө себеп болууда, айрыкча, эгемендүүлүк деп аталган нерседен кийин. Бул «эгемендүүлүк» доорунда Судан өкүмдарлары да ошол колонизатордун жолунда болушту. Шайлоо маалында бардыгы ал же бул уруу ага караштуу болушуна умтулуп келүүдө.

Колонизаторлук түшүнүктөр дагы эле расмийлер мээсинде бекем орношуп турат. Буга бир эле жаркын мисал жетиштүү. Ал да болсо, Судан Адвокаттар коллегиясынын координациялык комитетинин түзүм долбоорунда келген сөздөр. Бул долбоор Судан убактылуу өкмөтүнүн программасы болушун каалап жатышкан. Бул долбоордун 8/38-беренесинде «Жер жана ресурстардын жергиликтүү курамдык бөлүктөрүнүн тарыхий укуктарын сактап калуу» деп айтылган. Бул тарыхий укук – колонизатор англис кафирлер урууларга берген жерлер, хакуралар жана жетекчиликтерди камтып, түпкүлүгүндө, бул, ээси болбогон нерсени башка ээси болбогон адамга берүү.

Англис колонизторлору өлкөдөн чыгып кеткенден тартып Судан калкы жер, саясат, башкаруу жана башка маселелерде Ислам өкүмдөрүнө амал кылышканда бул проблемалар таптакыр жүзөгө келбейт эле. Бирок, өлкө калкы колонизаторлордун малайлары өкүм жүргүзүшүнө ыраазы болушту. Алар башкаруу, экономика жана жер мселесинде куфр колонизаторлук түзүмүн жана мыйзамдарын колдонууну кабыл алышты. Акыбетте, проблемалар татаалдашып, аларды чечүү мүмкүн эмеске окшоп калды. Бирок, биздин айтар сөзүбүз, бул проблемалардын баарын чечүү элестетилгенден да оңой. Болгону саясатчылар, өкүмдарлар, жарандар жана баарынан талап кылынган нерсе – Исламга кайтуу. Алардан кайра Исламга амал кылып, Исламды Расулуллах ﷺ белгилеп берген Ислам мамлекетинде, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде колдонуу талап кылынат. Халифалык мамлекети тезинен мындай административдик башкаруу деген нерсени, арийне, хакура системасын бекер кылат. Адамдар жашап жаткан жеринде бири-бири менен барабар болушат жана аларды бир Ислам бийлигинен башкасы башкарбайт, Ислам өкүмдөрүнөн башкасы колдонулбайт. Ислам өкүмдөрү ар бир адамга дыйканчылык кылышы, же жашашы, же болбосо соода кылышы, өндүрүү жана башка максат үчүн жерди мүлк кылып берет жана бул ишке эч бир уруу кийлигише албайт.

Жайлоолор, адырлар жана токойлорго келсек, алар Расулуллах ﷺ:

«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ»

«Мусулмандар суу, жайлоо жана отто бири-бирине шерик», дегендей, жалпы мүлк болуп, бардык адамдар пайдаланышы мүмкүн. Кала берсе, мамлекеттин милдети – ар бир жарандын азык-түлүк, кийим-кече, үй-жай сыяктуу негизги муктаждыктарын жана таалим, саламаттыкты сактоо, коопсуздук сыяктуу муктаждыктарын камсыздоо. Мына ушундай башкаруу менен жаңжалдар жана күрөштөр бүтүндөй токтойт, уруу өз ара байланыш орноткон жана силаи рахм кылган урууга айланат. Уруулардын бири-биринен же адамдардын бири-биринен абзелдиктери болбойт. Берешен, кудуреттүү Аллах минтип айткандай:

﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَأُنْثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوباً وَقَبَائِلَ لِتَعَاوَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ

«Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек менен бир аялдан жараттык да бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте, силердин Аллах алдындагы эң урматтууңар – эң такваларыңар. Албетте, Аллах Билүүчү жана Кабардар»                                          [49:13]

Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here