بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
АКШдагы орто-аралык шайлоолор – миллиардерлерди байыткан оюн
АКШда орто-аралык шайлоолордо добуш берүү аяктады жана айрым штаттарда добуш берүү уланууда. Шайлоочулар демократтар конгресстеги эки палатаны тең сактап калабы же көзөмөл республикачылардын колуна өтөбү деп натыйжаны чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Бир нече күн ичинде Өкүлдөр палатасынын натыйжалары чыгат. Демократтар Сенатты өтө кыска айырма менен көзөмөлгө алышты. Республикачылар Конгресстин бир же эки палатасында оңойлук менен көпчүлүк орундарга ээ болушу күтүлүп жаткан эле. Бирок, натыйжанын мынчалык жакын калганы көпчүлүктү таң калтырды.
Бирок, бул шайлоолордо эң чоң утушка жеткендер миллиардерлер болуп, алар ким жеңишке жетерин алда качан билишкен. Шайлоодо чыныгы жеңишке жеткендер талапкерлер да, алардын партиялары да, Америка эли да эмес, тескерисинче, талапкерлерге шайлоо алдында үгүт иштери үчүн миллиондогон долларларды бергендер. Шайлоо алдында үгүт иштеринин каражаттары өтө кымбат. Мисалы, демократтар жана республикачылардын Жоржия штатындагы шайлоо алдындагы кампаниялары 262 миллион долларга жетти. 2022-жылдагы Конгресске шайлоо кампаниясынын негизги донорлору:
Жорж Сорос: Сенатка талапкер демократ Жон Феттерманды (Пенсильвания штатынан) колдоо үчүн 13 миллион доллар берди.
Питер Тиль: Огайо жана Аризона штаттарынан республикачыл эки талапкерге 15 миллион доллар берди.
Жефф Ясс: республикачылардан Оклахома жана Түндүк Каролина штаттарынан ат салышып жаткан эки талапкерге о.э. Миннесота штатынан бир демократ талапкерге миллиондогон доллар менен жардам берди.
Натыйжалардан белгилүү болгондой, бул талапкерлер шайлоодо жеңип чыгышты. Андан тышкары, жеңилген талапкерлер да миллиардерлер тарабынан колдоп-кубатталышты. Эртең ар кандай талапкер жеңсе да, жеңилсе да, айырмасыз, байлардын утушуна кызмат кылат.
Ага-ини Рональд Лаудер менен Леонард Лаудер да миллиондогон доллар сарпташты, бирок, алар Нью-Йорк штатынын гебернатору кызматына оппозициячыл талапкерлерди колдоп-кубатташты. Бүгүн жеңилген эртең жеңүүчүгө айланууда. Себеби, ар кандай талапкер миллиардерлердин акчасы болбосо эч болбогондо шайлоочулар анын атын уга турган жана шайлоо алдындагы кампаниясын жүргүзө турган жерге чейин да жетип бара албайт… Ошондуктан, түпкү жеңишке жеткендер – миллиардерлер. Себеби, шайланган талапкерлер, ким болушуна карабастан, албетте бир ууч элитанын колундагы чоң өлчөмдөгү байлыкты коргоого аракет кылышы шарт.
Кээде Жей Роберт Притцкер сыяктуу миллиардерлер өзүлөрү да саясий күрөшкө түздөн-түз катышып жатышат. Иллинойс штатынын белгилүү бизнесмени эсептелген жана 3.6 миллиард доллар каражатка ээ болгон, үй-бүлөсү «Hyatt Hotels Corporation» мейманканаларына ээлик кылган бул демократ бизнесмен ушул штаттын гебернаторлугуна 150 миллион доллар сарптап, кайра шайланган.
Трамп да миллиардер жана учурда ал 2024-жылдагы президенттикке ат салышууга аракет кылууда. Башкалардын айырмаланып, Трамп ири электоратка ээ. Бирок, Трамптын партиясы анын маселесинде бөлүнгөн, миллиардерлер да кудум ушундай бөлүнгөн.
Руперт Мёрдок «Уолл-стрит жорнэл», «Нью-Йорк Пост» жана «Fox-News» гезиттерине ээлик кылат. Алгач Трампты сындап, аны акмак деп сөккөн, кийин аны колдоп-кубаттаган. Жакында ал 2024-жылдагы президенттикке республикачылардан потенциалдуу талапкер катары пайда болду жана баары Трампты акараттоого өтүштү.
Массалык маалымат каражаттары демократтардын ыйык тирөөчү болуп эсептелет, бирок, алардын көпчүлүгү миллиардерлер тарабынан көзөмөлдөнөт. Мисалы, Мёрдок өзүнүн 21.7 миллиард долларлык байлыгы менен АКШдагы отуз биринчи эң чоң бай болуп саналат. О.э. ал AКШ, Британия жана Австриядагы массалык маалымат каражаттарынын негизги бөлүгүн да көзөмөлдөп, бул нерсе да анын таасирин жайылткан.
Конгресс да Американын демократиялык назариясы тирөөчтөрүнүн бири болуп эсептелет. Ал президенттин укуктарын чектөө үчүн түзүлгөн мыйзам чыгаруучу орган. АКШ конституциясынын башкы негиздөөчүлөрү президенттин король болушуна жол бербейт. Бирок, Конгресс тарабынан болгон көзөмөл миллиардерлерге да пайда алып келет. Себеби, король сыяктуу аракет кылган президент алар үчүн проблема туудурушу мүмкүн. Финансы базарлары Конгресс президенттин партиясынан башка партия тарабынан көзөмөлдөнүшүн абзел көрөт.
Дүйнөнүн эң чоң финансы институту UBS АКШдагы орто-аралык шайлоолордун күтүлүп жаткан натыйжалары жөнүндө мындай түшүндүрмө берди: «Жыйынтыктоочу натыйжа кандай болушуна карабастан, биз бөлүнгөн бийлик болушун каалайбыз, себеби, бул туруксуздук мүмкүнчүлүгүн күчөтөт жана мыйзамчылык иш-аракеттерин чектейт. Адатта базарлар үчүн ушундай болгону жакшы». Жарым-жартылай «Goldman Sachs» банкына таандык BTIG компаниясы да ушуга окшогон билдирүү берди: «Биз негизги абалыбызды айгинелеген бөлүнгөн бийлик сценарийине ишенебиз. Себеби, бул келечекте – 2011-2013-жылдарда бөлүнгөн бийликте күбө болгонубуздай – финансылык согушка алып келет».
Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.