Кытай-Араб мамлекеттери саммитинен көздөлгөн максаттар

1584
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооп

Кытай-Араб мамлекеттери саммитинен көздөлгөн максаттар

Суроо: 2022-жылы 12-декабрда «Ал-Жазира» веб-сайты ушул кабар таратты: «Саудия борбору Эр-Риядда жума күнү көптөгөн араб жетекчилери менен Кытай жетекчиси Си Цзиньпиндин катышуусунда Булуң Кызматташтык Кеңеши мамлекеттеринин жетекчилеринин 43-саммити, Кытай-Булуң мамлекеттери саммити жана Кытай-Араб саммити болуп өттү». Суроо: Эр-Риядда Кытай менен Сауд Арабия, Фарс булуңу мамлекеттери жана араб мамлекеттери ортосунда болуп өткөн саммиттерден эмне максат көздөлгөн? Бул саммиттер өзүнүн саясий таасирин кеңейтүү жана өзүн ири эл аралык таасир ээси катары көрсөтүү үчүн эл аралык көп полярдуулукка чакырып жаткан Кытайдын Россия колдонуп жаткан зомбулук ыкмага альтернатива ыкмасыбы? Араб регионундагы өкүмдарлардан бул чакырыкка татыктуу жооп болобу? Американын буга мамилеси кандай?

Жооп: бул суроолордун жообун аныктоо үчүн ушуларды карап чыгабыз:

  • Кытай жетекчиси Си Цзиньпин 2022-жылы 8-декабрь күнү Сауд Арабияга сапар кылып, король Салман жана канзада Мухаммад ибн Салман менен жолугушту. Си Цзиньпин жылуу тосуп алынды жана эки мамлекет ортосунда энергетика жана инфраструктура тармагында кеңири көлөмдүү экономикалык кызматташтык келишимдер, 30 миллиард долларлык келишим түзүлдү. Кытайдын «Бир кур, бир жол» стратегиясынын алкагындагы долбоорлорду Ибн Салмандын 2030-жылга карата «көңүл ачуу» долбоорлоруна шайкеш келтирүү үчүн келишимдер түзүлдү. О.э. Кытай продукцияларын региондо сатуу үчүн Сауд Арабияны негизги борборго айлантуу маселеси да талкууланды. Эртеси күнү Эр-Риядда Кытай-Булуң мамлекеттери саммити болуп өттү жана ошол күнү эле көптөгөн араб «жетекчилеринин» катышуусунда Кытай-Араб мамлекеттеринин саммити болуп өттү. Кытайдын тышкы иштер министрлиги бул саммиттер: «Кытай Элдик Республикасы түзүлгөндөн бери Кытай менен араб дүйнөсү ортосундагы эң ири жана эң жогору даражадагы дипломатиялык иш-аракет», – деди. («Би-Би-Си», 2022-жыл, 8-декабрь). Эки саммитте араб мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы шериктештикти жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Корутунду декларацияда учурдагы эл аралык эреже жана мамлекеттердин суверенитетин урматтоо, күч колдонбоо, жакшы кошуначылык, Фалестин меселеси борбордук орунду ээлеши жана ядролук куралдардын жайылышын алдын алууга каратылган келишимдерди колдоп-кубаттоо сыяктуу жалпы маселелер баса белгиленди. Кытай-Булуң мамлекеттери саммитинин корутунду декларациясында Кытай Иранды сындап, аны өз кошуналарын урматтоого чакырды. «Кече Булуң мамлекеттери менен Кытай Эр-Риядда болуп өткөн Кытай-Булуң мамлекеттери саммитинин акырында биргелешкен билдирүү берди. Билдирүүдө Иран өзүнүн аймагы деп эсептеген үч арал проблемасын эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган Бириккен Араб Эмираттарынын демилге жана аракеттерин колдоп-кубаттоо баса белгиленди». «Алар Иранды ядролук келишимге кайтуу үчүн сүйлөшүүлөргө олуттуу катышууга чакырышты». («Маядин», 2022-жыл, 10-декабрь). Иран Кытайдын бул позициясына нааразылык билдирүү үчүн Тегерандагы Кытай элчисин тышкы иштер министрлигине чакырды.
  • АКШнын жаңы стратегиясына ылайык, Кытай АКШ үчүн дүйнөдөгү эң чоң коркунуч катары каралат. Чынында, Кытай бүткүл дүйнө бойлоп амалий таасир өткөрө алат. Кытай экономика боюнча дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунда турат. Ал аскерий бюджет боюнча да дүйнөдө экинчи орунда турат. Ушул себептен улам, Америка Кытайдын иш-аракеттерин күзөтүп, аны өнүгүшүн тосуу үчүн пландарды иштеп чыгууда. Кала берсе, АКШ президенти Жо Байдендин акыркы Тайвань кризиси жөнүндөгү билдирүүлөрүнөн көрүнүп тургандай, АКШ Кытай менен согушка даярданууда. АКШ Кытай жетекчисинин бул сапарына мындай түшүндүрмө берди: «Ак үй шаршемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө Кытай башчысы Си Цзиньпиндин Саудияга сапары таң калычтуу эместигин, себеби, Пекин «Жакынкы Чыгышта өз таасирин күчөтүү үчүн аракет кылып жатканын» айтты. Ак үй Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык мамилелер боюнча координатору Жон Кирби: «Биз Кытайдын бүткүл дүйнө бойлоп өнүгүүнө аракет кылып жаткан таасирин билебиз. Жакынкы Чыгыш, шексиз, алар өз таасирин тереңдетүүнү каалаган региондордун бири… Кытай президенти Си Цзиньпиндин Сауд Арабияга сапары да, Жакынкы Чыгышты тандаганы да таң калычтуу эмес», – деди. («CNN Arabic», 2022-жыл, 8-декабрь).
  • Башка тараптан, Кытай да Америка чакырган нерсеге чакырып, Американын эл аралык эрежесине каршы эместигин көрсөтүүгө аракет кылууда. Муну Кытай башчысы сапар учурунда ачык айтты. Себеби, саммиттин корутунду билдирүүсүндө эл аралык укукка негизделген эл аралык эрежени коргоо, ядролук куралдын жайылышын алдын алуу жана терроризмге каршы күрөшүү өзгөчө баса белгиленди. Кала берсе, Эр-Риядда болуп өткөн Кытай-Араб саммитинин корутунду билдирүүсүндө мамлекеттердин суверенитетин урматтоо, күч колдонбоо же күч колдонуу менен коркутпоо, жакшы кошуначылыкты колдоо зарыл экендиги баса белгиленип, бул, Россияны ачык эмес сындоону өзүнө камтууда. Бул – Россия-Украина согушуна ишара. Корутунду декларацияда Кытайдын Иранды сындаганы, жакшы кошуначылыкка жана Фарс булуңу мамлекеттеринин ички иштерине аралашпоого чакырганы Иранга көптөн бери ушундай сындарды айтып келе жаткан Батыш мамлекеттери жана Америка менен биригүү катары бааланууда. Иран нааразылык билдирүү үчүн Кытай элчисин тышкы иштер министрлигине чакырышы Россия, Кытай, Иран жана Түндүк Корея тарабынан айтылган «жаңы эл аралык лагерди» куруу жөнүндөгү сөздөрдүн вакиъси жок, чындыкка туура келбеген куру кыял экенин дагы бир ирет көрсөттү.
  • Арабдардын Кытай менен мамилелерине келсек, Сауд Арабияда болуп өткөн бул саммиттерде эл аралык өзгөрүүлөр жок. Туура, Саудия бийлиги 2022-жылы июль айында Сауд Арабияга келген АКШ президенти Жо Байденге көрсөтпөгөн меймандостукту жана урматты Кытай жетекчисине көрсөттү. Бирок, бул нерсе Сауд Арабиянын демократтар, президент Байден менен келишпестигине Саудия республикачылардын тарабын алганынан кабар берет. Мындан тышкары, президент Байден Сауд Арабиянын мураскер канзадасы Ибн Салманга жетиштүү урмат көрсөтпөйт. О.э. Араб мамлекеттери Индия жана Германия менен да стратегиялык шериктештик келишимдерди түзгөн. Бул нерсе алардын садакаты жана саясий көз карандылыгы өзгөргөнүн билдирбейт.
  • Кытай жанында турган, өзүнүн бир бөлүгү катары көргөн жана ушул күнгө чейин өзүнө кошуп ала албаган Тайвань жана кошунасы Вьетнам менен саясий проблемаларды башынан өткөрүүдө. Андан тышкары, бир нече мамлекеттер менен аралдар проблемасына туш болгон. Анын жакын достук мамилеси дээрлик Түндүк Корея менен чектелген. Ушул себептен улам, Кытай араб регионундагы жетекчилер Америка менен Англияга катуу байланганын билгендиктен региондо Кытайга карата саясий садакат пайда кылмакчы эмес жана пландаган да эмес. Ошондуктан, Кытай жетекчисинин сапары, саммиттерди өткөрүшү жана көлөмү канча болушуна карабастан экономикалык келишимдерди түзүшү саясий көз карандылыкка эч кандай тиешеси жок. Бул саммиттер мамлекеттер ортосундагы ачык-айкын экономикалык мамилелерден болуп, алар жалаң гана экономикалык деп эсептөө керек. Бул саммиттердин саясий маңызы регионго же регион жетекчилеринин саясий көз карандылыгына эч кандай тиешеси жок. Мисалы, Кытайдын Иранды сындаганы Батыштын позициясына ээрчүү болуп эсептелет. Кытай Иранды сындаган дүйнөлүк кербенден тышкары эмес экенин жана Фарс булуңу мамлекеттери менен биргеликте Иранга каршы саясий аралашууга барбастыгын ырастамакчы. Бул корутунду билдирүүдө мамлекеттердин суверенитетин урматтоо, күч олдонбоо жана жакшы кошуначылыкты урматтоо сыяктуу Россияны ачык оозго албаган сын пикирлердин айтылышы да Кытай Украина согушунда Россия менен союздаш абалында эместигинин жана дүйнө менен мамиле кылууда тынч дипломатиялык жандашууга амал кылышынын көрсөткүчтөрүнүн бири катары кабыл алынууда.
  • Кытай экономикалык жактан Фарс булуңу регионуна жакындашууда. Себеби, ал Америка менен Европа Кытай өнөр жайы тизмегин, айрыкча, Батыш базарларына экспорттоо тизмегин үзүп коюшунан коркот. Бүгүнкү күндө Европада Россия энергия ресурстарына көз карандылык стратегиялык жаңылыштык экени баса белгиленүүдө. Кудум ушундай талкуу Батыштын Кытай өнөр жай тизмегине көз каранды экендиги жөнүндө да болушу мүмкүн. Түпкүлүгүндө, бул талкуунун күчтүү белгилери эбак эле пайда болгон. Германия тышкы иштер министри Анналена Бербок мындай деди: «Германиянын Россия менен болгон тажрыйбасы ушуну көрсөттү: биз баалуулуктарыбызды тилектеш болуп бөлүшпөгөн эч бир мамлекетке көз каранды болбошубуз керек. Экономикалык көз карандылык бизди саясий шантаждарга кептейт». («Маядин», 2022-жыл, 2-ноябрь). Германия канцлери Олаф Шольц Пекинге расмий сапар кылар алдында «Франкфуртер цайтунг» гезитинде анын макаласы жарыяланды. Шольц өз макаласында: «Германия «марксисттик-лениндик саясий жандашууга» карай бара жаткан Кытайга өз «жандашуусун» өзгөртүшү керек», – деген. Ал немис компаниялары Кытай камсыздоо тизмегине «кооптуу байланышты азайтуу» үчүн чараларды көрүшү керектигин кошумчалады». («Шаркул Авсат», 2022-жыл, 4-ноябрь). Ушул көз караштан келип чыгып жана муну алдын алууга аракет кылган Кытай Батышка болгон камсыздоо тизмегинде, айрыкча, энергия маселесинде Россия башынан өткөргөн абалды алдын алуу үчүн профилактикалык чараларды көрүүдө. Кытайдын ушул күнгө чейин көргөн айрым профилактикалык чаралары ушулар:

а)   Өзүн Россиядан алыс кармоо: Кытай Россия президенти Путиндин Украинада ийгиликке жетишине жана мунун натыйжасында Россия чоңураак дүйнөлүк ролду өз мойнуна алышына үмүт кылган эле. Ошондуктан, Россия-Украина согушунун башында Кытай белгисиз позицияны карманды. Бирок, Америка менен Европа көрсөткөн чоң жардамдар Украинанын күчтүүлүгүн бекемдеди. Ошол замат Кытай Россиядан алыстай баштады жана Россияны ачык оозго албастан, сындаганды көбөйттү. Кытай Коммунисттик партиясынын (2022-жыл, октябрь) акыркы жайынынан кийин жана Президент Си Цзиньпин бийлик тизгинин толук өз колуна алып, атаандаштарын партиянын саясий мекемесинен «дисквалификация» кылгандан кийин Кытайдын Россиядан алысташканы байкалды. Кийинчерээк ал алысты көрбөгөн Россиядан дагы да алыстады. Америка менен Европа мамлекеттери Россиянын энергия тизмегин кесип салгандай, Кытайдын өнөр жай тизмегин кесишин Пекин көңүл сыртында калтыра албайт. Кытай муну эсепке алат.

б)   Батыштын позицияларын ээрчүү: Кытай (америкалык) эл аралык эрежеге берилгендигин жарыялай баштады жана Батыш сындаган нерселерди, мисалы, Ирандын Фарс булуңу мамлекеттеринин ички иштерине аралашуусун сындады. Муну менен Кытай кээ бир мамлекеттер тарабынан жүргүзүлүп жаткан жырткыч саясатты четке каккан «маданияттуу» мамлекеттердин бири экенин Батышка көрсөтмөкчү. Ыктымал, Кытайдын жакынкы күндөрдө Тайвань менен аскерий кескиндикке баруудан качуу, АКШдан кескиндикти төмөндөтүүнү өтүнүү жана Түндүк Кореянын ядролук кризисин чечүүгө жардам берүү сыяктуу позицияларды алга сүрүшүнө күбө болорбуз. Булардын бардыгы Америка менен Европанын Кытайдан бара турган өнөр жай камсыздоо тизмегин үзүү саясатын алдын алууга каратылган.

в)   Экономикалык альтернативалар кызыгуунун күчөшү: араб мамлекеттеринин базарлары Батыштын базарлары сыяктуу маанилүү болбосо да, Кытай дагы эле аларды альтернатива базар катары карайт. Башкача айтканда, Кытайдын Америка менен Европага болгон камсыздоо тизмеги кесилсе (же кыскартылса) араб базарлары – ал тургай, Америка менен Батыш базарларына салыштырганда али да маргиналдуу болсо да – өзүнө жараша альтернатива болушу мүмкүн. Араб мамлекеттеринин базарлары, Африка жана Латын Америка базарлары менен бириккенде, Кытайга көз карандылыкты азайтуу үчүн Америка менен Европада пайда болгон жаңы тенденциялар менен буулуп калган Кытай экономикасына дем тартуу мүмкүнчүлүгүн берет.

  • Араб мамлекеттеринин экономикалык абалына келсек, Булуң же араб мамлекеттери болсун, бул саммиттерге мындай назар салууга болот:

а)   Араб мамлекеттеринде ондогон жылдарга созулган башкаруу кеңири көлөмдүү ийгиликсизликке учураган, бул мамлекеттер кимдир бирөөнүн ширеңке жагышын күтүп жаткан куурап калган токойлорго окшоп калды. Бул мамлекеттердин айрымдары элден алынган салыктардын жарымынан көбүн пайызга алган карыздарынын пайыздарын төлөөгө сарпташат. Бул мамлекеттердин валюталары кескин кунсузданды. Алардын ийгиликсиз экономикалык саясаты жана Батышка абдан көз карандылыгынын натыйжасында баалар кескин көтөрүлдү. Бул болсо, нааразылыктарга себеп болуу коркунучун пайда кылууда. Булуң мамлекеттеринен тышкары дээрлик бардык араб мамлекеттери олуттуу экономикалык проблемаларды башынан өткөрүүдө. Бул акыйкат өкүмдарларды Кытайды потенциалдуу экономикалык куткаруучу катары көрүүгө мажбур кылат. Ошентип, алар Кытайдан көбүрөөк кредит алуу жана Эл аралык Валюта Фондунун кээ бир оор шарттарынан кутулуу мүмкүн деп ойлошууда. Кытай чет элдеги өзүнүн ири долбоорлору себептүү бул мамлекеттерге чоң инвестиция жаткырышы мүмкүн. Ушул инвестициялар өкүмдарлардын кабинеттеринде кеңири жайылган бийликтин коррупциясы себептүү жетекчилер жана алардын шериктери үчүн пайда алып келиши турган иш.

б)   Америкага келсек, анын экономикалык проблемалары малайларына болгон көз карандылыгын дагы да күчөттү. Буга Трамп администрациясы Сауд Арабия менен түзгөн куру кыялдагы курал келишимдери мисал боло алат. Ушул себептен улам, мурун Американын малайлары Британиянын малайы болгон Катарга басым өткөргөнү сыяктуу Америка бүгүнкү күндө өзүнүн экономикалык кызыкчылыгы үчүн башка мамлекеттердин малайларына басым өткөрүүдө. Ал тургай, Катардын Америкага жаткырган инвестициясы өкүмдарлардын бийликте калышы үчүн куткаруучу нерсеге айланган. АКШ президенти Трамп региондогу өкүмдарлардан АКШ аларды коргогонунун акысына каражат төлөөнү талап кылды. Бул өкүмдарлар чоң проблемаларга туш келгени үчүн Америка аларды экономикалык жактан Кытай тарапка бет алышына каршылык билдирбей жатат же өзү ушуга үндөп жатат. Ыктымал, бүгүнкү күндө АКШ Кытайдын өнүгүшүн токтотуу саясатынын бир бөлүгү катары региондогу Америка малайларына көрсөтүп жаткан экономикалык жардамы менен Кытай экономикасын алдан тайдырууну пландап жаткан болушу да мүмкүн. Башкача айтканда, Кытай-Араб экономикалык кызматташтыгы жана шериктештиги бул өкүмдарлардын АКШга берилгендигине эч кандай коркунуч туудурбайт.

  • Жогоруда айтылгандардан белгилүү болгондой, Кытай бул саммиттерден биринчи кезекте экономикалык максаттарды көздөп жатат. Ал саясий таасирин күчөтүү үчүн араб регионунда Америка жана Европа менен атаандашпайт. Себеби, анын мүмкүнчүлүктөрү жана эрки өтө күчсүз. Ал тургай, Кытай жанындагы Чыгыш Азияда да саясий таасирин өз пайдасына чече албайт. Кытай бул саммиттер жана экономикалык кызматташтык келишимдери менен, Булуңдан келип жаткан энергия булактары болобу, Кытайдын өнөр жайы үчүн араб өлкөлөрүнүн базарлары болобу, араб регионунун экономикасын азыктандыруучу артерия кан тамыры болууну каалап жатат. Ал өзүн цивилизациялашкан дүйнөнүн бир бөлүгү экендигин, Түндүк Корея жана Иран сыяктуу Батыш «каракчы мамлекеттер» деп атаган мамлекеттер лагеринин бир бөлүгү эместигин билдирүү үчүн бул жана башка абалдардан пайдаланууда. Кытай бүгүн Россиянын мойнуна оролуп, муунтмакчы болуп жаткан эл аралык изоляцияга ага таасир кылышын каалайбат. О.э. Батыш мамлекеттери Кытайга басымын күчөтүп, анын өнөр жай камсыздоо тизмегин кесип салганда Батыш базарларына альтернатива катары араб региону, Африка жана Латын Америка менен бекем экономикалык байланаштарга ээ болууну каалайт. Кытай Батыш менен кызматташуу жана Россиядан алыстоо саясаты менен муну алдын алууга же жумшартууга аракет кылууда.
  • Баса белгилеп айтсак, бул саммиттерде Кытай жетекчиси менен өткөргөн «достук» жолугушууларда Шинжан-Уйгур «Чыгыш Түркстан» мусулмандарына каршы Кытайдын жырткыч иш-аракеттерин күн тартибине алып чыгуу «араб жетекчилеринин» оюна да келбеди. Кудум эч нерсе болбогондой, талкууланган да жок! Бул араб өкүмдарларынын олуттуу кыянаттары жана алсыздыктары о.э. мусулмандардын иштерине кайдыгер экендигинен кабар берет. Элдин башчыларга катуу душмандыгы, башчылардын бардык саясаттары бүтүндөй кыйрагандыгы жана элдин турмушундагы эч кандай проблеманы чече алышпаганы да бул өкүмдарлардын негизги көйгөйү өздөрүнүн тактыларын коргоо экенин далилдейт. Кудум Кытайдын уйгур мусулмандарына каршы кылмыштары башка дүйнөдө болуп жаткандай, сүйлөшүүлөр экономикалык алакалар жана эл аралык соода-сатык мамилелерине каратылды!
  • Бүгүнкү күндө араб өкүмдарлары, ал тургай, мусулман өкүмдарлары Халифалык кулатылгандан бери эң жаман абалга түшүп калган. Бул алардын күнү бүтүп калганынан кабар берет. Алар Америка, Европа, а түгүл, Кытай менен келишип жасаган ойрондулуктун көлөмү абдан үлкөн. Алар бийликте калуусун актаган эч бир ийгиликке ээ эмес. Өкүмдарларды бирин экинчисинен айырмалаган нерсе – ийгиликсиздиктин деңгээли… Кала берсе, алар Аллах Субханаху ва Тааланын каарына кабылышкан. Себеби, алар Исламды четке ыргытып, жер жүзүндө Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткандарга каршы согуш ачышты жана ар бир колонизатор залим кафирдин буйругун ачык ээрчишти.

﴿أَمْوَاتٌ غَيْرُ أَحْيَاءٍ وَمَا يَشْعُرُونَ أَيَّانَ يُبْعَثُونَ﴾

«(Алар) жансыз өлүктөр. Дагы алар качан кайра тирилүүлөрүн да сезе алышпайт» [16:21]

 22-жумадулаввал, 1444-х.

16-декабрь, 2022-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here