Голландияда ар сегиз күндө бир аял өлтүрүлүүдө

1233
0

Голландияда ар сегиз күндө бир аял өлтүрүлүүдө

         Демократияны туу туткан Голландиядагы иликтөөлөрдүн натыйжасында, ар сегиз күндө бир аял өлтүрүлөрү аныкталды. О.э. 50 жашка чейинки 6 эркектин бири аялга зулумдук кылса болот деп эсептейт. Бул тууралуу SBS каналы жүргүзгөн иликтөөдө айтылды.

         Маалыматка ылайык, аялдарга карата зомбулук 50 жашка чейинки эркектер арасында кеңири тараган. Алардын көпчүлүгү аялдар буга татыктуу деп эсептейт. Ал эми, 50 жаштан өткөн эркектердин 4%ы аялдарга зулумдук кылса болот деген көз карашта. Иликтөөдө аялдардын 3%ы өздөрүнө карата кылынган зулумдуктар туура деп эсептейт. Мындай көз караштардын натыйжасында ар 8 күндө бир аял өлтүрүлөт. Алардын көпчүлүгү жолдошу же мурунку түгөйү тарабынан жасалат.

         Ал эми, кылмыш жасоого себеп болгон зынаа, алкоголь ичимдиктери, маң заттарды колдонуу жеке эркиндик шылтоосу астында дагы да бекем сакталууда.

         Түпкүлүгүндө, мындай бузукулук жана кылмыштар демократия тануулап жаткан жеке эркиндиктен келип чыгат. О.э демократиянын аял жөнүндөгү көз карашына байланыштуу. Капитализм аял затына дене ырахатын кандыруучу товар катары карайт. Ошондуктан, капитализм аялдан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда табууну көздөйт. Бул көз караш адамдарды аялдарга ар кандай түрдө зомбулук кылууга үндөшү табигый.

         Анткени, бүгүнкү күндө дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан капитализм “эркиндик”, “тең-укуктуулук” беткабы астында аялдарды чечинтүүгө, аларды көчөлөргө алып чыгууга аракет кылат. Мунун натыйжасында коомдо зынакорлук, сойкулук, күйөөлөрүн же аялдарын ойлонбостон алмаштырып кетүү сыяктуу бузукулуктар кең жайылат.
Мындан белгилүү болгондой, демократиядагы керт баш эркиндигинен улам бир катар көйгөйлөр келип чыгып адамзаттын насилин коркунучка салууда. Бул түзүм аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам  деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө туруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө.

         Мунун каршысында Ислам дүйнө карашы аял бул – “корголушу керек болгон ар-намыс” деп эсептейт. Ошондуктан, андагы өкүм-мыйзамдардын баары аялды коргоого багытталат. А түгүл, сапарда анын намысына шек келбеши үчүн махрамы жанында жүрүшүн шарт кылат. Ошондой эле коомдогу терс көрүнүштөргө себеп болбошу үчүн ага денесин жаап жүрүүнү парз кылат. Үй-бүлө ырыскысын таап келүүнү аялга эмес эркекке милдет кылат. Аны камкордугуна алууну нике ырасымында эле жолдошуна тапшырат. Эгер бул өкүмгө суздук кылса эркекке шарий өкүм эскертилет. Натыйжада, бүгүнкү күндө күбө болуп жаткан үй-бүлөлүк, ижтимаий көйгөйлөрдүн баары түп-тамырынан чечилет.

         Буга кошумча, зынаа, алкоголь ичимдиктери, маң заттарды колдонууга катуу тыюу салынып, ага алып бара турган жолдордун баарына каршы күрөшүлөт. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн, кордолбошун жана бакубат өмүр сүрүшүн камсыздап берет. Мындай камкордук бир гана Исламдагы ижтима түзүмү турмушта колдонулуусу менен болот. Бул түзүм болсо албетте Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу ишке ашат. Натыйжада, жогоруда айтылган дүйнөдөгү аялдардын зомбулук астында жашоодон, корголуучу ар-намыстарга айланышат. Андыктан, мына ушул мамлекетти тикелөөгө аракет кылуу алкагында, исламий ижтимаий чечимдерди коомубузга сиңдирип, ал аркылуу батыштын бузук ижтимаий түзүмүн сүрүп чыгарууга аракет кылышыбыз шарт. Мына ушул үй-бүлөлүк зомбулук, ажырашуу сыяктуу көйгөйлөрдүн чыныгы чечими.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here