Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоонун умумий максаттары

1091
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

                Бисмиллахир рохманир рохиим

 Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоонун умумий максаттары

             Жисманий саламаттыкты сактоо

   Жисманий саламаттык адамдын дене мүчөлөрү саламаттыгына жана алардын тынымсыз иштеп турушуна байланыштуу болуп, мына ушул саламаттык себептүү адамдын феълдери, кыймыл-аракеттери табигый түрдө бир калыпта жүрөт. Жисманий саламаттыкты сактоо жарандарда оору пайда болбой туруп, же жайылбай туруп алардан сактануу менен болот. Эгер оору жүз берген болсо, аны дарылоо менен болот. Эгер оору узакка созулса, бул ооруну күзөтүп барыш керек болот. Ошондуктан, соо адамдардын да, бейтаптардын да саламаттыгын сактоо – оорубаган адамдардын саламаттыгын сактоо жана оорулардын бейтаптарга таасирин мүмкүн болушунча жоюу менен болот. Жисманий саламаттык, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, эң улуу неъматтардан болуп эсептелет. Ушул саламаттыкты сактап, абайлоо жана аны сактоо Халифага важиб болгон жана калкы үчүн камсыздашы зарыл болгон зарурий (негизги) муктаждыктардан болуп эсептелет. Расулуллах с.а.в. айтат:

 مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِنًا فِي سِرْبِهِ مُعَافًى فِي جَسَدِهِ عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا

  “Силерден кимдин көңүлү кадыржам болсо, дени соо болсо, күнүмдүк жей турган азыгы болсо, ал бүт дүйнөгө ээлик кылгандай болуптур”. Термизий риваят кылган жана бул хадисти хасан, гариб деген. Расулуллах с.а.в. дагы айтат:

الإمام راع ومسؤول عن رعيته

  “Имам башчы жана ал өз калкынан жоопкер”. Бухарий риваяты.

  Жисманий саламаттыкка амал кылбастык калкка зыян жетишине алып барат. Натыйжада, Расулуллах с.а.в.дын төмөнкү сөздөрү негизинде башчы, жетекчи күнөөгө батат:

لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ، مَنْ ضَارَّ ضَارَّهُ اللَّهُ، وَمَنْ شَاقَّ شَاقَّ اللَّهُ عَلَيْهِ

  Зыян жеткирүү да, бири-бирине зыян жеткирүү да жок. Ким зыян жеткирсе, Аллах ага зыян жеткирет. Ким машакатка салса, Аллах анын өзүн машакатка салат”. Хаким “Ал-Мустадрак”та риваят кылган жана бул хадисти Муслим шартына ылайык, иснады сахих деген.

 Рухий саламаттыкты сактоо

  Рухий саламаттык адам туруктуу кадыржамдыкты хис кылышы менен жүзөгө чыгат. Адам өзүнүн гарыйза жана узвий муктаждыктарын исламий акыйдадан келип чыккан шаръий өкүмдөргө ылайык, туура кандырганда гана кадыржамдыкты хис кылат. Себеби, исламий акыйда гана адамдын турмуштун маани-маңызы жөнүндөгү, өлгөндөн кийинки тагдыры жөнүндөгү суроолоруна анын акылын канааттандыра турган жана фитратына туура келе турган түрдө канааттандырарлык жооп берет. Себеби, Ислам гана адамдын бардык узвий муктаждыктары жана гарыйзаларын – гарыйзалар арасындагы үндөштүктү сактаган абалда – тартиптүү түрдө кандырууну камсыздайт. Аллах Таала айтат:

مَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَنُحۡيِيَنَّهُۥ حَيَوٰةٗ طَيِّبَةٗۖ وَلَنَجۡزِيَنَّهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

“Эркекпи же аялбы – кимде-ким момун болуп туруп бирээр жакшы иш кылса, анда, Биз ага пакиза жашоо беребиз жана алардын өздөрү кылып өткөн эң көркөм – иштерине ажр-сооптор беребиз”. [16:97]

  Аллах Таала дагы айтат:

إِنَّ ٱلَّذِينَ قَالُواْ رَبُّنَا ٱللَّهُ ثُمَّ ٱسۡتَقَٰمُواْ فَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ () أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِ خَٰلِدِينَ فِيهَا جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

  “Албетте, «Роббибиз Аллах», – деген, андан соң Туура Жолдо бекем болгон заттар үчүн кооп-коркунуч жок жана алар кайгы чекишпейт. Мына ошолор бейиш ээлери болуп, ал жайда түбөлүк калышат”.[46:13-14].

Дагы айтат:

 فَمَنِ ٱتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشۡقَىٰ ()وَمَنۡ أَعۡرَضَ عَن ذِكۡرِي فَإِنَّ لَهُۥ مَعِيشَةٗ ضَنكٗا

     Ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот”.[20:123-124].

  Эгер адам дүйнө турмушуна Ислам көз карашынан караса, ага келип жаткан балээ жана мусибаттар Аллах тарабынан болгон сыноо экендигине көзү жетет. Бул мусибаттардын сыйлыгы болсо, эгер ал сабыр кылса, албетте бейиш болот жана ал жерде эч кандай кыйынчылык, машаккат болбойт. Ошондуктан, ал өзүнө жетип жаткан мусибатка катуу кайгырбайт, башына түшкөн жамандыкка ачууланбайт. Сахихи Муслимде Расулуллах с.а.в. дан кылынган риваятта айтылат:

عجباً لأمر المؤمن، إن أمره كله له خير، وليس ذلك لأحد إلا للمؤمن، إن أصابته سراء شكر فكان خيراً له، وإن أصابته ضراء صبر فكان خيراً له

  “Момундун ишине таң каласын. Анын бардык иши жакшы. Мындай нерсе момундан башка эч кимге берилген эмес; Эгер ага жамандык жетсе шүгүр кылат. Бул нерсе ал үчүн жакшы. Эгер ага зыян жетсе, буга сабыр кылат. Бул да ал үчүн жакшы”.

  Ислам жашоосунда рухий саламаттык коомдогу исламий түшүнүктөр жана исламий туйгулардын борборлошуусу артынан жүзөгө чыгат. Исламий түшүнүк жана исламий туйгулардын борборлошуусу мамлекеттеги таалим жихазы жана анын манхаждары о.э. Ислам коомунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн исламий партиялар жана Ислам түшүнүктөрүн жаюуга негизделген массалык маалымат каражаттары аркылуу ишке ашырылат. О.э. коомдо ыйманий мухитти жаратуу, элдин жүрөгүндө такваны күчөтүү да рухий саламаттык жана кадыржамдыкты пайда кылууга салымын кошот. Бул болсо, шаръий өкүмдөрдү колдонуу, жакшылыкты көрсөтүү, маъруфка буюруу, бузукулукту талкалап таштоо, мункардан кайтаруу, шаръий түшүнүктөрдү жайылтуу жана исламий кыйматтарды мухафаза кылуу менен ишке ашат.

  Рухий саламаттык (көңүл тынчтыгы, кадыржамдыгы) адамдардын тамак-аш, кийим-кече жана турак жайлар сыяктуу зарурий муктаждыктарын камсыздоого байланыштуу. Ушундай болгон соң, бул муктаждыктар кандырылбаса, албетте бул өлүмгө алып барат. Эгер бул муктаждыктар жарым-жартылай кандырылса, кээде бул нерсе рухий тынчсызданууга алып барат. Ошондуктан, зарурий муктаждыктарды кандырууну камсыздай турган, адамга мүмкүн болушунча камалий (жогорку) муктаждыктарын кандырууну жетиштүү кылып бере турган исламий экономика түзүмүн колдонуу коомдо рухий саламаттыкты сактоо үчүн керек жана зарыл.

  Коопсуздукка карата да кудум ушундай. Коопсуздук да элдин муктаждыгы болуп, эгер ал камсыздалбаса, тынчсызданууга жана рухий саламаттыктын бузулушуна алып барат. Ислам мамлекетинде армия жана ички иштер министрлиги коомдо коопсуздукту камсыздоо үчүн элди ички жана тышкы душмандардан коргоо менен алектенет.

  Рухий саламаттык (көңүл тынчтыгы, кадыржамдыгы) жисманий саламаттык үчүн зарыл аамил болуп эсептелет. Рухий оорулар организм канчалык күчтүү болбосун, жисманий алсыздыкты пайда кылат. Кээде өлүмгө алып барат. Исламий акыйдадан келип чыккан туура түшүнүктөр рухий саламаттыктын ачкычы болуп эсептелет. Аллах Таала айтат:

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَتۡكُم مَّوۡعِظَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَشِفَآءٞ لِّمَا فِي ٱلصُّدُورِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ

   “Эй инсандар, силерге Роббиңер тарабынан насаат, дилиңердеги бузук ишеним-этикатыңарга шыпаа жана момундар үчүн хидаят-Туура Жол жана рахмат келди”. [10:57].

Аллах Таала дагы айтат:

وَنُنَزِّلُ مِنَ ٱلۡقُرۡءَانِ مَا هُوَ شِفَآءٞ وَرَحۡمَةٞ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ وَلَا يَزِيدُ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا خَسَارٗا

  “Биз момундар үчүн шыпаа жана мээрим болгон Куран аяттарын түшүрөбүз. (Бирок бул аяттар) заалим – каапыр адамдарга зыянды гана арттырат”. [17:82]

  Расулуллах с.а.в. айтат:

ألا وإنَّ في الجَسَدِ مُضْغَةً، إذا صَلَحَتْ، صَلَحَ الجَسَدُ كُلُّهُ، وإذا فَسَدَتْ، فَسَدَ الجَسَدُ كُلُّهُ، ألا وهي القَلْبُ

Эсиңерде болсун, денеде бир бөлүк эт бар. Эгер ал жакшы болсо, бүт дене жакшы болот, эгер ал бузулса, бүт дене бузулат. Эсиңерде болсун, ал жүрөк.” Муттафакун алайх. Ошондуктан, рухий саламаттыкты сактоо Ислам мамлекетинде саламаттыкты сактоонун эң маанилүү максаттарынан болуп эсептелет.

Калктын саламаттыгын сактоо

   Калктын саламаттыгын сактоо таза суу, азык-түлүк, абанын тазалыгы, айлана-чөйрө тазалыгы жана башка тармактар сыяктуу бүтүндөй коомдун саламаттыгына таасирин тийгизүүчү аамилдерге тиешелүү. Калктын саламаттыгын сактоо саламаттыкты бекемдөөгө мамлекеттик деңгээлде, мамлекет тарабынан ишке ашырыла турган тартип жана долбоорлорду камтый турган канализация тармактарын жаткыруу жана табигый дарыканаларды уюштуруу сыяктуу саясий жолдор аркылуу жетишүү максат кылынат. Дагы калктын саламаттыгын бекемдөөгө каратылган мамлекеттик саясат – жол кыймылынын эрежелери, ызы-чуу салбастык жана айлана-чөйрөнү булгабастык сыяктуу Халифа табанний кылып, бул мыйзамдарга амал кылууга калкты мажбурлай турган мыйзамдарды да камтыйт. Калктын саламаттыгын сактоо көпчүлүк абалдарда ооруну дарылоодон да көбүрөөк алардан сактанууга негизделет. Анткени, оорулардан сактануу саламаттыкты сактоодогу пайдасы көп, натыйжасы мол болгон эң маанилүү аамилдерден болуп эсептелет. О.э. калктын саламаттыгын сактоо саламаттыкты сактоо таалими жана сергек жашоо образы үлгүлөрүн баяндоо аркылуу калктын саламаттыгын бекемдөөгө аракет кылат. Калктын туруктуу жакшы саламаттык шарттарынан пайдаланышы үчүн шартарды түзүү аркылуу калктын саламаттыгын бекемдөөгө умтулат. Ислам мамлекетинде айлана-чөйрө тазалыгына көңүл буруу, экологиялык коркунуч аамилдери менен күрөшүү, калкты таза суу менен камсыздоо, абанын тазалыгын сактоо, аба булганышынын алдын алуу, аба булганышынын терс таасирлери менен күрөшүү, жасалма азык-түлүктөрдү текшерип туруу жана алардын саламаттыкка түздөн-түз же кыйыр таасир көрсөтүшүн көзөмөлдөө калктын саламаттыгын сактоого тиешелүү иштерден болуп эсептелет. Дагы жаратылыш кырсыктары менен күрөшүү, глобалдык эпидемияларга каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу о.э. алардын зыяндарын жоюу да калктын саламаттыгын сактоо орундарынан болуп эсептелет. Калктын саламаттыгын сактоо тармагына “Эпидемиялар жана глобалдык кырсыктарга карата глобалдык саламаттыкты сактоо” деп аталуучу нерсе да кирет.

Саламаттыкты сактоо калктын ар бирин өз ичине алат

  Саламаттыкты сактоо зарурий муктаждык экендигинин шаръий далилдери умумий далилдер болуп, бул далилдер мусулманбы, зиммийби айырмасыз, калктын бардыгын өз ичине алат: Күчтүүсүнөн да, алсызынан да, байынан да, кембагалынан да, момундан да, кафирден да жоопкер. Анткени, Имам-Жетекчи өз калкынан жоопкер. Мамлекет камсыздашы важиб болгон саламаттыкты сактоо – камсыздабай коюу зыянга алып барышы мүмкүн болгон бардык медициналык кызматтарды өз ичине алат. Албетте, камалий медициналык кызматтар мындан тышкары. Себеби – шаръий себептерге ылайык – тиштерди агартуу, эстетикалык терапия жана башка камалий медициналык кызмат көрсөтүүнүн жок болушу зыянга алып барбайт. Бирок, мамлекет калк камалий медициналык кызматтардан пайдаланышы үчүн шарт түзүүгө колунан келишинче аракет кылат.

Саламаттыкты сактоо кызматынын акысыз болушу

  Мамлекет саламаттыкты сактоону – медициналык кызматка каражаты жетиштүү бай же каражаты жок кембагал болушуна карабастан – бардык жарандар үчүн акысыз камсыздайт. Себеби, саламаттыкты сактоо ар бир адамдын, байдын да, жакырдын да зарурий муктаждыгы болуп эсептелет. Бул иш мамлекеттин казынасына оор жүк болуп түшөрүнө каралбайт. Себеби, саламаттыкты сактоо мисалы, саламаттыкты сактоо чыгымдарынын белгилүү бир бөлүгүн төлөө же зарурий акысыз медициналык кызматтарды айрым тайпадагы адамдарга гана чектөө сыяктуу шариятта келбеген чектөөлөр менен чектелиши мүмкүн эмес. Бирок, Бухарий Анас разияллоху анхудан риваят кылган хадисте келгендей, эгер каалоочулар болсо, алар өздөрүнүн каражатына дагы да жогорураак медициналык кызматтан пайдаланышына тыюу салынбайт. Анас разияллоху анху айтат:

دَعَا النبيُّ صَلَّى اللَّهُ عليه وسلَّمَ غُلَامًا لَنَا حَجَّامًا، فَحَجَمَهُ، فأمَرَ له بصَاعٍ، أَوْ مُدٍّ، أَوْ مُدَّيْنِ، وَكَلَّمَ فِيهِ، فَخُفِّفَ عن ضَرِيبَتِهِ

  “Набий с.а.в. биздин бир хижамачы жигитти чакырды. Ал жигит Пайгамбарыбыз с.а.в.ды хижама кылды. Андан соң Расулуллах с.а.в. ага бир же эки соъ, же бир мудд же эки мудд өлчөмүндө акы төлөдү жана ал тууралуу сүйлөшүп, төлөм-салыгын жеңилдетти ”(т.а. айрым кожоюндар кулдары үчүн күнүмдүк төлөм-салык белгилеп коюшат эле). Хижама ошол доордо кеңири жайылган дарылоо ыкмаларынан эле. Бул хадисте – эгер адам кааласа – өзү үчүн медицина жана медициналык кызматтардан толук бойдон, жогорку, камалий даражада пайдаланышы мүмкүн экендигине далалат бар.

Саламаттыкты сактоо фандарындагы мукаммал-толуктук жана өнүгүү

   Саламаттыкты сактоо зарурий муктаждык болуп, аны камсыздоо Үммөттүн турмуштук кызыкчылыгы деп этибар кылынат. Бул муктаждыкты кандырбастык Үммөттүн жашоосуна коркунуч туудурат. Ошондуктан, Ислам мамлекети саламаттыкты сактоо тармагында дүйнөдөгү мамлекеттердин эң алдыңкысы болушу зарыл. Ислам мамлекети табибдер, профессорлор о.э. саламаттыкты сактоо үчүн керек болгон ыкма жана каражаттарды ойлоп табууга илимий-тажрыйбалык жөндөмү жетиштүү болгон адистер жамаатын пайда кылышы зарыл. Аларга илимий изилдөөлөр үчүн жана жаңылыктарды жаратышы үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керек. Мындан көздөлгөн максат, Ислам мамлекети саламаттыкты сактоо жаатындагы иштердин тизгинин колуна алсын жана ал өзүн өзү камсыздай алсын. Анткени, саламаттыкты сактоонун пайдасы үчүн кафир мамлекеттердин таасирине түшүп калбашы керек. Аллах Таала айтат:

 وَلَن يَجۡعَلَ ٱللَّهُ لِلۡكَٰفِرِينَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ سَبِيلًا

   “Аллах эч качан кафирлер үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт.[4:141].

  Ушул аят талап маанисиндеги кабар болуп эсептелет. Аятта абадийликти ифадалоочу “لن” харфы колдонулган. Бул кафирлердин момундар үстүнөн өкүмдарлык кылышынан кайтаруу катъий кайтаруу экендигине карина-ишара болуп эсептелет. Бул тахримди т.а. кафирлер момундар үстүнөн өкүмдарлык кылышы арамдыгын ифадалайт. Бул умумий насс. Себеби, سبيلا “Сабийлан” сөзү нафий сыягында накра абалында (кайтаруу агымында аныксыздык суратында) келген. Ошондуктан, ушул насс өзүнүн умумийлиги менен аскерий, сакафий, медициналык жана башка бардык өкүмдарлыктарды өз ичине алат.

Өзгөчө кырдаалдарга жана истисна абалдарга каршы күрөшүүгө даярдык

  Вулкандар, жер титирөөлөр, бороондор жана суу ташкындары сыяктуу жаратылыш кырсыктары, химиялык, бактериологиялык, ядролук куралдар сыяктуу массалык кыргын куралдары менен болгон чабуулдар, аскерий кырсыктар истисна абалдары болуп, аларды жоюу, алардын таасирин азайтуу о.э. алардын кесепеттерине каршы тездик жана активдүүлүк менен күрөшүү туруктуу жана күжүрмөн даярдыкты талап кылат.

  Албетте, Ислам мамлекети мындай кырсыктарга каршы коргонуу чараларын күчөтүүгө, мындай абалдар жүз берген учурда аларга каршы күрөшүү үчүн шай турууга жана кырсыктардан кийин убактылуу лагерлерди даярдоого жоопкер. Бул иштер өз калкы алдында Халифа аткарышы важиб болгон иштер түркүмүнөн. Бирок, мусулмандардын “мындай кырсыктарга каршы күрөшүүдө Ислам мамлекети жоопкер” деп, жеке адам катары бул кырсыктарга каршы бир четте байкоочу болуп турушу туура эмес. Себеби, зыянды кетирүү далилдери, зыян көргөн жана мусибат чеккен адамга жардам берүү важибдигинин далилдери умумий далилдер болуп, бул далилдер мамлекетти да, жеке адамдарды да өз ичине алат. Расулуллах с.а.в. айтат:

مَنْ ضَارَّ ضَارَّهُ اللَّهُ، وَمَنْ شَاقَّ شَاقَّ اللَّهُ عَلَيْهِ

  Ким зыян жеткирсе, Аллах ага зыян жеткирет. Ким машакатка салса, Аллах анын өзүн машакатка салат”. Хаким “Ал-Мустадрак”та риваят кылган жана бул хадисти Муслим шартына ылайык, иснады сахих, деген.

المسلم أخو المسلم لا يظلمه ولا يُسْلمه، ومن كان في حاجة أخيه كان الله في حاجته، ومن فرج عن مسلم كربة فرج الله عنه كربة من كربات يوم القيامة، ومن ستر مسلما ستره الله يوم القيامة

 “Мусулман мусулмандын боордошу. Ага зулум кылбайт, аны жардамсыз таштап койбойт. Ким өз боордошунун кажетин чыгарса, Аллах анын кажетин чыгарат. Ким бир мусулмандын мусибатын жеңилдетсе, кыямат күнүндө Аллах анын мусибаттарын жеңил кылат. Ким бир мусулмандын айыбын жашырса, кыямат күнүндө Аллах анын айыбын жашырат”. Имам Бухарий өз сахихинде риваят кылган.

 المُؤْمِن لِلْمُؤْمِنِ كَالْبُنْيَانِ يَشُدُّ بَعْضُهُ بَعْضًا. وشَبَّكَ أصَابِعَهُ

  “Момундар бири-бирин бекемдеп, тиреп турган имарат сыяктуу”. Имам Бухарий өз сахихинде риваят кылган. Мына бул далилдердин бардыгы – зыян тарткан адамга жардам берүүнү мамлекетке важиб кылганы  сыяктуу эле – мусулман адамдарга да важиб кылуучу умумий далилдер болуп эсептелет. Ошондуктан, мамлекет кырсык жүз бергенде, даярдык көрүп, мусулмандардан жардам сурайт, алардан ыктыярчы топторду түзөт. Кырсыктарга каршы күрөшүү учурунда алардын иш-аракеттерин тартипке салат. Адис расмий кадрлар менен ыктыярчы отряддардын аракеттерин ылайыкташтырат. О.э. мамлекет – эгер байтул малда каражат жетишпесе – жардам берүүчү аракеттерге каражат бөлүү үчүн байларга салык салат.

Саламаттыкты сактоо саясатын ишке ашыруу үчүн админстративдик түзүмдү иштеп чыгуу

  Саламаттыкты сактоо саясатын ишке ашыруу о.э. анын жогорку максаттарын жүзөгө чыгаруу үчүн админстративдик түзүм бар болушу зарыл т.а. Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоонун админстративдик түзүмү бар болушу керек. Бул түзүм керек болгон учурда саламаттыкты сактоо калктын бардыгына бирдей жетип барышын кепилдей турган жогорку деңгээлде болушу о.э. жалпы элдин саламаттыгын сактоо үчүн иштеши керек. Ислам мамлекетинде саламаттыкты сактоонун админстративдик түзүмү медициналык кызмат көрсөтүү жана дарылоодо жөнөкөйлүк жана ыкчамдыкка курулат. Админстративдик идараны башкарып жаткан кишилердин жетиштүү деңгээлде билимдүү жана тажрыйбалуу болушуна курулат. Бул умумий калыпта кызыкчылыктарды ишке ашыруу вакиъсинен алынган. Анткени, ар кандай кызыкчылык ээси аны тезирээк колго киргизүүнү жана идеалдуу көрүнүштө ишке ашырылышын каалайт. Имам Муслим өз “Сахих”инде риваят кылган хадисте Расулуллах с.а.в. айтат:

إن الله كتب الإحسان على كل شيء، فإذا قتلتم فأحسنوا القِتلة، وإذا ذبحتم فأحسنوا الذِّبحة، وليُحدَّ أحدكم شفرته، وليرح ذبيحته

  “Албетте Аллах Таала ар бир нерседе эхсанды-чырайлуулукту фарз кылган. Ошондуктан, эгер өлтүрсөңөр, өлтүрүүнү чырайлуу ишке ашыргыла. Эгер жандык сойсоңор, союуну чырайлуу кылгыла. Силердин бириңер бычакты курчутсун, анткени союп жаткан жаныбар ырахаттанып жан берсин”. Демек, иштерди аткарууда аларды чырайлуу аткарууга мусулман шарият тарабынан буюрулган. Кызыкчылыктарды ишке ашырууда болсо ушул эхсанга – иштерди чырайлуу түрдө            аткарууга – жетүү үчүн админстративдик идарада үч сыпат жамдалган болушу керек; биринчиси, түзүмдөгү жөнөкөйлүк. Себеби, бул жеңилдик жана ыңгайлуулукка алып барат. Жөнөкөйлүк болбогон жерде кыйынчылыктар жүз берет. Экинчиси, мамиледеги ылдамдык. Себеби, бул нерсе кызыкчылык ээсине ыңгайлуулук жаратат. Үчүнчүсү, кубат жана кифая т.а. иш алып баруучулар күчтүү болушу о.э. аларда жетиштүү билим, тажрыйба болушу керек. Ушул экөөнү: кубат жана кифаяны ошол иштин өзүн аткаруу талап кылгандай эле, ишти чырайлуу аткаруу да важиб кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here