КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү

2120
0

КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү

  Кабар: 2023-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстан КМШга төрагалык кыла баштады.

 КМШ мамлекет башчыларынын 2022-жыл, 14-октябрдагы чечими менен Кыргызстан 2023-жылы КМШ мамлекет башчылары кеңеши, өкмөт башчылары кеңеши, тышкы иштер министрлери кеңеши, экономикалык кеңеш жана өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кеңешине төрагалык кылат.

 О.э. Казакстан (2022-жылы төрагалык кылган) жана Россия (2024-жылы төрагалык кылат) тең төрагалык кылат.

 Президент Садыр Жапаров КМШнын Астанада өткөн саммитинде Кыргызстандын 2023-жылдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу милдеттерин жарыялаган.

Комментарий: 1991-жылы 26-декабрда СССР Жогорку Кеңешинин жогорку палатасынын сессиясында СССРди жоюу туурасындагы №142- декларация кабыл алынган. Ошентип, СССР толук бөлүнүп кетти. Россия СССРдин эл аралык уюмдардагы мураскору болуп белгиленди о.э. СССРдин бардык карыздарын төлөө жана активдерине ээлик кылуу укугуна ээ болду. Россия өзүнүн мурдагы колонияларын көзөмөлдө кармап калуу үчүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) уюмун түздү. А бирок, бул уюм көптөгөн жылдар бою расмий жолугушуулардан жана көпчүлүгү аткарылбаган токтомдорду кабыл алуудан ары өтпөдү. Ал саясий жана экономикалык жактан таасирдүү уюмга айлана албады. А бирок, акыркы кездерде Путин бул уюмдан да аскерий максаттары жолунда пайдаланууга аракет кылууда. Ал ушундай максатта 2020-жылдын октябрь айында Россия башчылыгында КМШ, ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин алгачкы биргелешкен аскерий машыгуусун өткөрдү. Мындан тышкары, КМШнын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтары ортосунда кызматташтык жана иш-аракеттерди координациялоого, “терроризм” жана “экстремизм”ге каршы күрөштө кызматташтыкты күчөтүүгө умтулууда.

 Бирок, Россиянын аракеттерине карабастан КМШ да ЕАЭБ сыяктуу эле күн өткөн сайын таасирин жоготуп, кыйроого жүздөнүүдө. Маалым болгондой, эл аралык уюмдардын кубаты жана таасири жетекчи мамлекеттин эл аралык таасир кубатынан көз каранды болуп, мамлекет кубаттуу болсо, уюм да кубаттуу болот, андай болбосо, бул уюм жолугушуу жана жыйындардан башка нерсеге жарабай турган, таасирсиз символикалык уюмга айланып калат. Бүгүнкү күндө Россия эл аралык коомчулукта жекеленип, таасирин жоготуп барган сайын анын башчылыгындагы уюмдардын келечеги да суроо жаратууда.

 КМШ мамлекет башчыларынын Санкт-Петербургда өткөн кезектеги саммитинде Путин КМШ аймагында проблемалар, коопсуздукка коркунучтар жана келишпестиктер күчөп бара жатканын моюнга алды.

Путин: “КМШ мамлекеттери кызматташтыгынын негизги багыты жалпы Евразия аймагында коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоодон турат. Өкүнүчтүүсү, бул жаатта, биринчи кезекте, тышкарыдан келип жаткан коркунуч жылдан-жылга өсүп барууда. Моюнга алышыбыз керек, КМШга мүчө мамлекеттер ортосунда да келишпестиктер жүз берет. Бирок, негизгиси биз кызматташууга даярбыз жана муну ишке ашырабыз”, – деди. Демек, Путиндин бийлиги сыяктуу эле, Россиянын жетегиндеги КМШ, ЕАЭБ сыяктуу уюмдардын да күнү бүтүп бара жатат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here