Аллахтын душмандарынын буйругун кабыл алуу менен эмес, Аллахтын буйругун кабыл алуу менен Аллахтын арканы бекем кармалат!

2332
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Аллахтын душмандарынын буйругун кабыл алуу менен эмес, Аллахтын буйругун кабыл алуу менен Аллахтын арканы бекем кармалат!

 Доктор Мухаммад Хивраний

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты

борбордук алакалар комитетинин мүчөсү

Ислам Умматын башка умматтардан өзгөчөлөнткөн нерсе – бул акыйда. Бул акыйдадан шарият өкүмдөрү жана түрдүү турмуш түзүмдөрү келип чыккан. Халифалыкта көөдөлөнгөн саясий түзүм да ушул акыйдадан келип чыккан. О.э. ушул Уммат ал түзүлгөндөн тартып, яхудий Мустафа Кемал жана анын артында турган өткөн кылым башындагы активдүү кафир мамлекеттердин колу менен Халифалык кулатылганга чейин ошол негизде калыптанган түзүмдөр да акыйдадан келип чыккан.

Халифалык кулатылгандан баштап, Уммат бөлүнүү, кордук жана карама-каршылыкта жашап жатат, душмандары аны каалагандай манипуляция кылууда… Уммат болсо өзүнүн мындай кайгылуу абалынан чыгууга ынтызар. Ошондуктан, өзүңөр күбө болуп жаткандай, Умматты ушул ачуу вакиълигинен куткарууга ким аракет кылып жаткан болсо, ал алардын баарынан өтө кубанычта, болгон мүмкүнчүлүгү менен аларды колдоп-кубаттоодо, бул үчүн мал-жанын да аябай жатат… Бирок, натыйжа мурдагыдан да көбүрөөк үмүтсүздүккө, көбүрөөк кайгыга, дагы да үрөй учурган тартипсиздикке алып келүүдө!

Аллах Азза ва Жалланын:

﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللهِ جَمِيعاً وَلَا تَفَرَّقُوا﴾

«Бардыгыңар Аллахтын арканын бекем кармагыла жана бөлүнбөгүлө!»                 [3:103]

деген аяты Умматтын биримдигин тартиптештирүүчү негиз болот. Аллах Субханаху ва Таала Умматка:

﴿وَإِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاتَّقُونِ﴾

«Шек-күмөнсүз силердин умматыңар бир Уммат. Мен силердин Роббиңермин. Демек, Менден гана корккула!»                                                                                                            [23:52]

деп жалгыз Уммат сыпатын берди.

Бирок, Уммат Аллахтын арканын бекем кармабайынча талап кылынган туура биригүү эч качан ишке ашпайт. Биринчи аятта «جَمِيعاً бардыгыңар» сөзү чыныгы мааниге ээ: Аллахтын буйругу астында биригүү ушул Уммат перзенттеринин ар бирине берилген буйрук болуп, бардыгын өз ичине алып жатканына далалат кылат. Эгер, кээ бир адамдар моюн толгоп, Аллахтын арканын бекем кармабаса, алар азчылыкты түзүшсө да, чоң бузгунчулукка эшик ачкан болушат. Себеби, бул бузулуу бир киши тарабынан болгон учурда да Умматтын кыйроосуна себеп сөз болот. Ошондуктан, арканды бир нече кишинин кармашынын өзү жетиштүү эмес, баары биргеликте бекем кармашы керек.

Бирок, Уммат биригүүгө муктаж болуп, ушуга умтулууда, ал эми, анын душмандары бул умтулуу кыймылын адаштырып, мындан өз максатын жана пландарын ишке ашырууда пайдаланышты… Алардын максат жана пландары болсо – Умматты кор жана бөлүнгөн абалда калтыруу. Себеби, Уммат ушундай бойдон калса, анын байлыктарын талап-тоноо о.э. күнү-түнү арзуу кылып жаткан улуулугуна кайтышына жана өнүгүшүнө каршы күрөшүү душман үчүн жеңилдейт.

Негизи, «واعتصموا» (Аллахтын арканын бекем кармагыла) аятын ураан кылган «Ислам Конференциясы Уюму» да колонизатор кафирдин буйругу менен түзүлгөн болуп, кийинчерээк анын аты «Ислам Кызматташтык Уюму» атына өзгөртүлгөн. Араб Мамлекеттери Лигасы да кафирдин буйругу менен дал ушундай түзүлгөн. Бул сыяктуу уюмдар Умматтын бөлүнүшүн жана кыйроосун дагы да күчөтүүдөн башка нерсеге жарабайт. Себеби, алардын бардыгы Умматты бир Халифалык мамлекети көлөкөсүндө чыныгы биригүүгө карай аракеттенишин адаштыруу максатында түзүлдү.

Фалестин Азаттык Уюму да Уммат душмандарынын Фалестин маселесин жок кылуу максатындагы буйругу менен түзүлдү. Ал Фалестинди азат кылуу үчүн түзүлгөн жок. Тескерисинче, ага кыянат кылууну о.э. яхудий вужудун таанып, бул вужуд үчүн Фалестин жеринин чоң бөлүгүнөн баш тартууга кол коё турган жалгыз өкүл уюмга айланды.

Фалестиндеги фракцияларды бириктирүү чакырыктары да ушул көз караштан келип чыккан. Максат белгилүү. Ал да болсо, Фалестиндеги калкыбызды моюн сундуруп, «биригүү» маскасы астында яхудийлердин башкаруусуна ыраазы кылуу о.э. Фалестин, Куддус маселесине мыйзамдуулук түсүн берүү, кийин биротоло жокко чыгаруу.

Шам калкынын козголоңунда да кудум ушундай болгонуна күбө болдук. Анткени, бул козголоң эң диктатор жана канкор режимге каршы башталып, калк режимдин таасирин чоң шаарлардын коопсуздук кварталдарына чектеп коё алды. Бирок, бул Умматка каршы душмандын башчылыгында согушкерлер менен козголоңчуларды рота жана армияларга топтоо деген шылтоо менен абал бүтүндөй тескериге өзгөрдү. Акыбетте режим күчкө толуп, козголоң үч регионго чектелип калды. Бул региондордун тагдырлары Астана жана Сочи келишимдери аркылуу белгиленүүдө. Сыртынан топтор тарабынан башкарылып жаткан болуп көрүнсө да, түпкүлүгүндө «кепил» Түркия ар бир согушкер топту өз көзөмөлү астына алып алган.

Түрк режиминин ушул согушкер топторду канкор режим менен жараштырууга аракет кылып жатканы туурасындагы билдирүүсү бир сценарий болуп, кудум Фалестин Азаттык Уюму менен болгон сценарийге окшойт. Маал-маалы менен «биригүү» туурасындагы сөздөр айтылып, ушул «واعتصموا» урааны астында болуп өттү… Тигиниси бир аскерий кеңеш алкагында биригүүгө чакырса, дагы башкасы бир өкмөт администрациясы астында биригүүгө чакырды. Бирок, бул чакырыктардын түпкү максаты Шам калкы үчүн ачык белгилүү: алардын козголоңун моюн сундуруу жана жок кылуу о.э. адамдарды миллиондогон шейиттерге, жарадарларга жана качкындарга айлантышкандан кийин, кайра 2011-жылдан мурунку абалга – эгер, андан да жаман абалга болбосо – кайтаруу.

Демек, Шам калкы мындай чакырыктардан этият болушу керек. Себеби, алар сырты акыйкат, ичи батыл болгон уу-заар чакырыктар. Бүткүл Умматтан, өзгөчө Шам калкынан талап кылынган биригүү донорлордун арканын кармоо да, башка арканды кармоо да эмес, Аллахтын бекем арканын кармоо менен  болушун унутушпашы керек. Муну менен бул биригүү анык мазмунга ээ болбогон жалтырак ураандар менен болбосун, балким, Аллахтын шариятынан алынган жана Умматтын акыйдасынан келип чыккан кеңири көлөмдүү ачык долбоорду бекем кармоо жана анын айланасында биригүү менен болушу керек.

Туура биригүү жана Аллахтын арканын бекем кармоо мына ушундай, ал Умматтын бытыранды кубатын бириктирип, анык нусратка жетектейт. Аллахтын арканын бекем кармоо мусулмандар алдындагы тандоо эмес, балким, аларга буйрулган фарз. Негизи, колонизатор кафир мусулман өлкөлөрүнө кирүүдө Умматтын денесине орноткон ушул бөлүнүүдөн пайдаланып, ушул аркылуу өкүмдар болууга жетишти.

Аллах Азза ва Жалла бул Умматты бөлүнүүдөн жана анын себептеринен кайтарды. Умматты кыйроого алып баруу жолу – мына ушул бөлүнүү. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَا تَنَـازَعُوا فَتَفْشَلُوا وَتَذْهَبَ رِيـحُكُمْ﴾

«(Өз ара) талашып-тартышпагыла, антпесе араңар суздашып, күч-кубатыңар кетет»                                                                                                                                       [8:46]

Аяттагы талашып-тартышуу ихтилаф болуп, бөлүнүүнүн башталышы болп эсептелет.

Аллах Азза ва Жалла бизди жакшылык жана таквада кызматташууга буюрду, күнөө жана душмандыкта кызматташуудан кайтарды.

Ошондуктан, ушуну аң-сезимдүү түрдө түшүнүп алалы, биригүүгө үндөп жаткан бардык чакырыктар эле мактоого татыктуу жана талап кылынган чакырык  боло бербейт. Балким, талап кылынган нерсе – акыйдабыдан келип чыккан тунук долбоор айланасында биригүү. Бул Уммат мүмкүнчүлүктөрүн бардык катмары менен кошуп топтоп, аракетин Аллах Азза ва Жалла ыраазы боло турган ишке бириктире турган, канкор режимди кулатып, Ислам башкаруусун тикелөөгө жолдой турган долбоор.

Муну ишке ашыруунун жалгыз жолу тил бириктирүүчүлөр жана козголоңубузду манипуляция кылып жаткандардын колдорун кесүү жана белгилүү анык долбоорго ээ чынчыл-калыс саясий жетекчиге ээрчип, бул жолдо идеябыз жана өзгөргүс максатыбызга жетүүгө ылдам кадам ташташыбыз керек.

Хизб-ут-Тахрир – Уммат ар дайым күбө болгондой – өз калкын эч качан алдабаган жетекчи болуп калууда. Ал Уммат үчүн улуу Ислам долбоорун даярдап койгон жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Уммат менен биргеликте аракет кылууда. Умматтан бирден-бир талап кылынган нерсе Хизбге кол берип, аны жетекчи кылып, аны менен бирге жүрүшү. Муну менен Уммат биригет о.э. күч-кубатынын, улуулугунун, азаттыгынын жана эки дүйнө бактысына жетишинин белгиси болгон мамлекети тикеленет.

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنصُرُوا اللهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾

«Эй момундар, эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат»                                                                                           [47:7]

 

Роя гезити, №416, 2022-жыл, 9-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here