ЖАШТАР БҮГҮНКҮ ООР АБАЛДАН КАНТИП ЧЫГУУ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОШОБУ?

1246
0

Жаштар бүгүнкү оор абалдан кантип чыгуу жөнүндө ойлошобу?

Кыргызстандын Маданият министрлигинин өтүнүчү боюнча БУУӨП (ПРООН) БУУнун башка агенттиктери жана шериктештери менен бирге «Кыргыз Республикасындагы жаштардын бакубатчылык жана өнүгүү индекси» деген аталышта изилдөө өткөрдү. Изилдөөгө өлкөнүн бардык региондорунан 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар катышкан. Изилдөөгө ылайык, сурамжылоого катышкандардын 41 пайызы өлкөдөгө укук коргоо жаатындагы иш-аракеттерге канааттанбайт, 22,8 пайызы болуп жаткан кырдаалга нааразылыгын билдирген, ал эми, 5 пайызы гана өлкөдөгү абалга ыраазы экенин айтышкан. Жаштардын 72,8 пайызы эң негизги проблема катары жумушсуздукту көрсөтүшкөн.

Экономика жана элдин жашоо шартын алып карасак, абал оор. Себеби, акыркы эки жылда жакырчылыктын деңгээли жогорулап, өлкө калкынын 33,3 пайызы жакыр шартта жашап келет. Эл аралык уюмдар бул көрсөткүч 38 пайыздан ашарын эскертишүүдө. Ал эми, жумушсуздук 32 пайызга жогорулаган. Ушул себептерден улам, сурамжылоого катышкан жаштар эң көйгөйлүү маселе катары жумушсуздукту көрсөтүшүүдө.

Мындай оор абалга бирден бир гана себепкер – бул капитализм. Учурда колдонулуп жаткан капитализм бир ууч адамдардын өтө байып, калган калктын жакыр жашоосуна алып келди.

Негизи жаштар чоң күч болуп саналат. Тарыхтагы чоң өзгөрүүлөрдө, революцияларда жаштардын орду үлкөн болгон. Бүгүнкү күндү алып карсак, мусулман өлкөлөрүндөгү жаштардын саны дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Мусулман өлкөлөрүндөгү жаштар (15тен 29 жашка чейинкилер) 30 пайыздан ашат. Ал эми, Батышта бул көрсөткүч 20 пайызга да жетпейт. Ошондуктан, бүгүнкү күндө жаштар, өзгөчө мусулман жаштары учурдагы капиталисттик-колониялдык түзүлүштү бузуп ыңкылап жасап жибербеши үчүн жаштарды уктатуу, өзгөрүү жөнүндөгү ар кандай пикирлерден алыс кармоо үчүн капиталисттер үлкөн аракеттерди жасашууда. Ар кандай оюн-зоок программалары улам көбөйтүлүп, андан тышкары футбол, мушташ сыяктуу ар кандай спорттун түрлөрүн популярдуу кылуу аракеттери жасалууда, кайсы бир спортсмен жылдыз кылып көрсөтүлүүдө. Жаштар ошол жылдыздай болууну эңсеп, арзуусуна айланып, күнү-түнү ал жөнүндө ойлонушат. Колонизаторлордун бул планын мусулман өлкөлөрүндөгү малай акимдер жүзөгө чыгарып беришүүдө. Себеби, акыркы жылдарда эрежесиз мушташ сыяктуу нерселердин мелдеши мусулман өлкөлөрүндө өткөрүлүүдө. Ошондой эле, спорт жылдыздарын мусулман өлкөлөрүнө алып келип жаштарды шыктандыруу аракеттери жасалууда.

Бул аракеттердин баары жаштардын энергиясын пайдасыз нукка буруп, коомдун шартын жакшы тарапка өзгөртүү жөнүндө пикирлөөдөн, аракеттен чалгытат. Ошондой эле, эң негизгиси – Исламдан алыстатат. Себеби, Ислам – бүгүнкү күндөгү проблемалардын чечими! Ислам тикеленмейинче капитализм кулабайт, Ислам тикеленмейинче мусулмандар гана эмес, бүткүл адамзат бакубат жашоону көрбөйт.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here