Мусулман үй-бүлөнү бузуу – динди жаманатты кылуу

571
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мусулман үй-бүлөнү бузуу – динди жаманатты кылуу

 Саид Карамий

Аиша Gдан риваят кылынат, Расулуллах ﷺ айтты:

«إِذَا ظَهَرَ السُّوءُ فِي الْأَرْضِ أَنْزَلَ اللَّهُ بِأَهْلِ الْأَرْضِ بَأْسَهُ»

«Эгер, жер жүзүндө күнөө иштер анык көрүнүп турса, Аллах бүткүл жер калкына Өз азабын түшүрөт». Аиша энебиз: «Алардын арасындагы Аллах Азза ва Жалага моюн сунгандарга дагыбы?», – деп сурады. Ал:

«نَعَمْ، ثُمَّ يَصِيرُونَ إِلَى رَحْمَةِ اللَّهِ تَعَالَى»

«Ооба, кийин алар Аллах Тааланын рахматына жетишет», – деди. (Имам Ахмад риваяты).

Мусулмандардын уул-кыздарына, үй-бүлөсүнө, коомуна, баалуулуктарына жана үлгүлүү ахлактарына каршы катуу чабуулдар ушул маселеде колго калем алууга үндөдү. Саясатчы жана жетекчилер арасындагы көзгө көрүнгөн кылмышкерлер тобу Ислам жана мусулмандарга, Исламдан келип чыккан тазалык, аруулук жана ар-намыска каршы тез жана туруктуу программаларды иштеп чыгуу үстүндө иштешүүдө. Алардын максаты – бизди бузгунчулукка жана адашууга батыруу.

﴿وَدُّواْ لَوْ تَكْفُرُونَ كَمَا كَفَرُواْ فَتَكُونُونَ سَوَاءً فَلَا تَتَّخِذُواْ مِنْهُمْ أَوْلِيَاءَ

«Алар өздөрү кафир болушканы сымал силердин да кафир болуп, аларга тең болуп калууңарды каалашат. Демек, силер аларды дос тутпагыла»                                                               [4:86]

Маданият, хазарат жана жарандык аталышында иштелип чыгып жаткан мындай программалар түздөн-түз БУУга тиешелүү. Ал эми, программанын аткаруучулары – мусулман өлкөлөрүндөгү малай башкаруу режимдериндеги жетекчи жана өкүмдарлар. Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ аларды рувайбизалар т.а. жалпынын иши туурасында сүйлөгөн жүзү кара-арамза кишилер деп атаган. Рувайбизалар күнөө иштер менен сыймыктанышат, мункар кылмыштар менен мактанып, аларды коргошот. Бул аларды кордукка тартты. Кордук жүрөктөрүнө мөөрлөнүп калды. Алар ар кандай даюстукка алып барган бузуку ишти үгүттөп, ата жана аганы өз эже-сиңдисин, эр өз аялын кызгануудан ары кылышты. Бул үчүн ата жана ага тарабынан келген «үй-бүлөлүк зомбулук» аталышында мыйзамдарды иштеп чыгышты… Муну менен Аллахтын Китеби жана Расулу ﷺдын сүннөтүнүн текстине ачык каршы чыгышты. Ал тургай, динибизди зомбулук жана террорчулукта айыптап, шарият заманга ылайык келбейт, Батыш хазараты жана жаңы заман маданиятына жооп бербейт дешти! Аллах Таала айтат:

﴿وَاللَّاتِي تَخَافُونَ نُشُوزَهُنَّ فَعِظُوهُنَّ وَاهْجُرُوهُنَّ فِي الْمَضَاجِعِ وَاضْرِبُوهُنَّ فَإِنْ أَطَعْنَكُمْ فَلَا تَبْغُوا عَلَيْهِنَّ سَبِيلاً

«Аялдарыңардын моюн сунбастыгынан корксоңор, оболу аларга насаат айткыла, кийин (т.а. насаатыңар таасир бербесе) аларды төшөктөрүнө таштап койгула (алар менен бир төшөктө жатпагыла, жакындашпагыла) кийин (т.а. ошондо да силерге моюн сунушпаса) ургула. Ал эми, силерге моюн сунушса, аларга каршы башка жол издебегиле»                                             [4:34]

Расулуллах ﷺ үй-бүлөнү ичинен коргоп айтты:

«مُرُوا أَبْنَاءَكُمْ بِالصَّلَاةِ لِسَبْعٍ، وَاضْرِبُوهُمْ عَلَيْهَا لِعَشْرٍ، وَفَرِّقُوا بَيْنَهُمْ فِي المَضَاجِعِ»

«Перзентиңерги жети жашта намазга буюргула. Он жашта (аны аткарышпаса) аларды ургула. Алардын жатагын бири-биринен бөлүп койгула».

Даюстук бул саясатчы жана жетекчилердин мазхабына, уятсыздык жана жарым-жылаңачтык динине айланып калды… Муну менен алар Аллах Тааланын бейишинен, ал тургай, анын жытынан да куру калышты. Расулуллах ﷺ айтат:

«ثَلَاثٌ لَا يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يَنْظُرُ اللَّهُ إِلَيْهِمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ: الْعَاقُّ وَالِدَيْهِ، وَالْمَرْأَةُ الْمُتَرَجِّلَةُ الْمُتَشَبِّهَةُ بِالرِّجَالِ، وَالدَّيُّوثُ»

«Үч адам бейишке кирбейт жана Аллах кыямат күнү аларга карабайт: ата-энесине ак болгон адам, эркекке окшоп алган аял жана даюс». (Имам Ахмад риваяты). Расулуллах ﷺ дагы айтат:

«إِنَّ اللَّهَ يَغَارُ، وَإِنَّ الْمُؤْمِنَ يَغَارُ، وَغَيْرَةُ اللَّهِ أَنْ يَأْتِيَ الْمُؤْمِنُ مَا حَرَّمَ عَلَيْهِ»

«Аллах кызганат, момун кызганат. Аллах момундун Аллах харам кылган ишке барышынан кызганат». (Имам Муслим жана имам Бухарий риваяты).

Ушул эки хадиске назар салсак, алардын чабуудары ааламдардын Роббиси болгон Аллахтын вахийине каратылганына күбө болобуз. Негизи, айланага карасак, бул сыяктуу феминисттик уюмдар активдешип жатканына, аялдардын жайкы лагерлерге, коомдук пляждарга барып жатышканына, махрамсыз сапарларга чыгып жатышканына, жасанып-боёнгон, жарым-жылаңач, эркек сыпат, тизгинсиз жана хадсыз аялдар өтө көбөйүп жатканына, аялдар аталык, агалык, жолдоштук баалуулуктарын көзгө илбей, итаатсыз болуп калышканына, текерисинче, аларды бузууга урунуп жаткандарга (уюм жана мекемелерге) моюн сунуп калышканына күбө болуп жатабыз… Жигиттер айрылган шымдарды кийип, моюндарына, кулактарына, ал тургай, мурундарына алтын жана күмүш шакекчелерди тагып алышканын көрүп жатабыз… Бул – алардын баарын айтып, санап, аягына жетип болбой турган кылмыштар болуп, ааламдар Роббисинин динине чабуул жана кол салуу. Себеби, бул Аллахтын урматтуу нерселерин тебелөө, өкүмдөрүн бекер кылып, эркиндик, маданият жана демократия аты менен аларды жок кылуудан башка нерсе эмес! Ааламдар Роббиси Аллах андай зийнат жана лаззаттар жөнүндө мындай дейт:

﴿وَإِنْ كُلُّ ذَلِكَ لَمَّا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَالْآخِرَةُ عِنْدَ رَبِّكَ لِلْمُتَّقِينَ * وَمَنْ يَعْشُ عَنْ ذِكْرِ الرَّحْمَنِ نُقَيِّضْ لَهُ شَيْطَاناً فَهُوَ لَهُ قَرِينٌ * وَإِنَّهُمْ لَيَصُدُّونَهُمْ عَنِ السَّبِيلِ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ مُهْتَدُونَ

«Анткени булардын бардыгы жалгыз гана дүйнө тирүүлүгүнүн матасы. Ахырет болсо, Роббиң алдында таквалар үчүн. Ким Рахмандын эскертмесинен сокур болуп алса-жүзүн бурса Биз ага шайтанды жакын кылып койобуз, анан ал, ошол (кафирге дайыма) жолдош болот. Шек-күмөнсүз (шайтандар, кафирлерди Туура) Жолдон тосушат, (бирок, кафирлер) өздөрүн Туура Жолдобуз деп эсептешет»

                                                                                                                               [43:35-37]

Кадырман окурман! Биз алардын ушундай бузукулук жана бузгунчулуктарына каршы туруу о.э. динибиз жана Аллах Азза-Жалланын шариятын жаманатты кылууларына, хабибибиз Мухаммад ﷺдын сүннөтүн өчүрүүлөрүнө жол бербөө үчүн албетте алардын план жана ыкмаларын ачып ташташыбыз, аларга түздөн-түз жана ачык каршы чыгышыбыз керек. Себеби, эми алар бизге парда артынан күрөшпөй, текерисинче, алардын бизге каршы күрөшү динибизге, күч-кубатыбызга, урмат-сыйыбызга, баалуулуктарыбызга жана бийиктигибизге каратылды. Аллах Таала бизге булардын баарына катуу амал кылууну буйруп айтты:

﴿فَاسْتَمْسِكْ بِالَّذِي أُوحِيَ إِلَيْكَ إِنَّكَ عَلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ * وَإِنَّهُ لَذِكْرٌ لَكَ وَلِقَوْمِكَ وَسَوْفَ تُسْأَلُونَ

«Ошондуктөн, сен өзүңө вахий кылынган нерсени – Куранды бекем кармагын! Албетте, сен Туура Жолдосуң. Албетте, ал (Куран) сен үчүн да, коом-умматың үчүн да бир сыймык жана жакында (Кыямат Күнүндө бул бул илахий ниъмат туурасында) сураласыңар»                [43:43-44]

Биздин ыйманыбыз жогору болушу жана биз чыныгы момундук сыпат менен айырмаланып турушубуз үчүн, Аллах бизди вахийге амал кылууну, Аллах жана Расулуна итаат кылууну о.э. динибизди жакшы көрүп, кадырлашыбызды жана ага урмат менен мамиледе болушубузду буюрууда. Аллах Таала айтат:

﴿وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ * إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ الَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ اللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَإِذَا تُلِيَتْ عَلَيْهِمْ آيَاتُهُ زَادَتْهُمْ إِيمَاناً وَعَلَى رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ * الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ * أُولَئِكَ هُمُ الْمُؤْمِنُونَ حَقّاً لَهُمْ دَرَجَاتٌ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَمَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

«Эгер, момун болсоңор, Аллах жана Росулуна моюн сунгула! Албетте, Аллах(тын аты) эске алынганда жүрөктөрү опкоолжуй турган, Анын аяттары окуп берилгенде ыймандары артып кете турган, Роббилерине гана таяна турган кишилер — (чыныгы) момундар. Алар намазды толук аткарышат жана Биз аларга ырызкы кылып берген нерселерден кайыр-садага кылышат. Дал ошолор чыныгы момундар болуп, алар үчүн Роббилеринин даргөйүндө даражалар, кечирим жана улуу ырызкы бар»   [8:1-4]

Динге каршы мындай чабуулду жасап жаткандар Аллах жөнүндө өздөрү билбеген нерселерди сүйлөп жаткан жана дүйнөнү ойрон кылуу үчүн өздөрүн кудай кылып алган адамдар. Сахих Муслимде Жабир Gдан риваят кылынат, Расулуллах ﷺ айтты:

«إِنَّ إِبْلِيسَ يَضَعُ عَرْشَهُ عَلَى الْمَاءِ ثُمَّ يَبْعَثُ سَرَايَاهُ، فَأَدْنَاهُمْ مِنْهُ مَنْزِلَةً أَعْظَمُهُمْ فِتْنَةً، يَجِيءُ أَحَدُهُمْ فَيَقُولُ: فَعَلْتُ كَذَا وَكَذَا، فَيَقُولُ: مَا صَنَعْتَ شَيْئاً! قَالَ: ثُمَّ يَجِيءُ أَحَدُهُمْ فَيَقُولُ: مَا تَرَكْتُهُ حَتَّى فَرَّقْتُ بَيْنَهُ وَبَيْنَ امْرَأَتِهِ. قَالَ: فَيُدْنِيهِ مِنْهُ وَيَقُولُ: نِعْمَ أَنْتَ»

«Иблистин аршын деңиздин үстүнө орнотуп, аскерлерин (фитна таркатканы) жиберип турат. Аскерлеринен Иблиске эң жакыны-урматтуусу – эң көп фитна чыгаруучусу. Алардын бири келип: «Мен баланча-баланча иштерди аткардым», – дейт. Иблис: «Сен эч нерсе кылбапсың», – деп жооп берет! Кийин башка бири келип: «Мен адамды аялы менен ажыраштырып жибердим», – дейт жана муну менен Иблиске жакын болот. Иблис ага: «Өтө жакшы иш кылыпсың», – дейт».

Мусулман боордошум, этибар бергин, үй-бүлөнү бузуу, эрди-катынды ажыраштыруу, перзенттерди башбаанексиз калтыруу о.э. жогору баалуулуктар, фазилет, аруулук жана пакизалыкты кыйратуу – эң жаман фитна.

Эй мусулмандар!

Бул олуттуу күрөштөргө жетерлик каршы турууга Халифалык мамлекети жана анын Ислам даъватын жеткирген жана кол тийгистигин коргогон кошуундарынан башкасы кудуреттүү эмес. Ар бир мусулман:

«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ…»

«Ар бириңер башкаруучусуңар жана ар бириңер кол астыңардагыларга жоопкерсиңер», деп айтылгандай, жоопкерчиликтеги адамдарга кам көрүшү, Ислам жүктөгөн аманатты аткарышы жана динибизди жаманатты кылып, аны кыйратууну көздөгөн ушул программага каршы турушу керек. Бул күрөш эркек-аял, бардык Умматка фарз. Алардын баарынан бул рувайбиза өкүмдарларга каршы чыгуу талап кылынган. Себеби, алар динди урматтоону да билишпейт, ар-намысты да кадырлашпайт. Т.а. турган турпаты жамандык болуп, чыныгы кооп-коркунуч алар. Эгер, аларга каршы турбасак, Аллах Тааланын азабы бизге да жетет. Расулуллах ﷺ айтат:

«مَا مِنْ قَوْمٍ يُعْمَلُ فِيهِمْ بِالْمَعَاصِي هُمْ أَعَزُّ مِنْهُمْ وَأَمْنَعُ لَا يُغَيِّرُونَ إِلَّا عَمَّهُمْ اللَّهُ بِعِقَابٍ»

«Бирер калк арасында күнөө иштер жасалып жаткан болсо, алар кудуреттүү жана күчтүү болуп туруп, аларды өзгөртүшпөсө, Аллахтын азабы баарына бирдей жетери анык». (Ибн Мажа).

 

Роя гезити, №415, 2022-жыл, 2-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here