Набий ﷺдын мавлуду – Уммат жана мамлекет мавлуду

1051
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Набий ﷺдын мавлуду Уммат жана мамлекет мавлуду

 Устаз Асъад Мансур

Набий ﷺдын мавлуду – асманга жайылып, караңгылыкты таратып, жер шарына жана адамзатка жарыктык тартуулаган нур. Биз билгендей, Аллах Таала ушул нур менен адамзаттын хидаят табышын каалады. Ошондуктан, ким куфр келтирип, акыйкаттан жүз үйүрсө азапка, ким Аллахка ыйман келтирип, таквалык кылса бейишке татыктуу.

Мухаммад ﷺдын мавлуду улуу окуя. Бул окуя тарыхты өзгөрттү, ушул окуя менен бардык умматтардан жогору Уммат туулду, ушул окуя менен эң улуу жана эң кудуреттүү мамлекет тикеленди. Набий ﷺдын мавлуду адамдарды караңгылыктан нурга, динсиздиктен илимге, мафкура жана ахлакта эң жогору мартабага чыгарды… О.э. эң өнүккөн, жогорку маданияттуу жана эң туура ойготуучу хазаратты алып келип, бардык тармакта алдыңкылык жана жаратмандыкты жүзөгө келтирди.

Сабатсыз, жетим бир адамдын ушундай иштерди жасашы акылга сыябы?! Мафкура жана философияны билбеген, дин жана хазараттарды мурун үйрөнбөгөн, окууну да, жазууну да билбеген бир киши! Ушул абалдагы адам буларды кантип жасашы мүмкүн?! Ооба, бул чындыгында Пайгамбарлыктан башка нерсе эмес! Антпесе, ушундай абалдагы адам бул иштерди жасай албайт.

Курал-жараксыз, жардамчы жана тарапкери да, адамдарды өзүнө тарткан макам-мансабы да, дос жана душман сатып ала турган мал-дөөлөтү да жок… Ал кишиге алсыз, кембагал, күч-кудуретке ээ болбогон адамдардан башкасы ыйман келтирбеди. Алар адамдар тартып албашы үчүн динин жашырышты. Демек, ушундай абалдагы адамдар менен кандай мамлекет куруу мүмкүн?!

Ал зат бул кишилер менен ушундай бир топко негиз салды, баары Исламга берилгендик жана сүйүү менен киришти, ал заттын пакиза колунан таалим жана сакафат алууга кызыгуу менен шашылышты. Ал заттан бир дем да ажырабашты, уктоо жана бала-чака багуу үчүн гана бирге болушпады. Ал зат бул адамдарды жахилият идеологиясы менен кагылыша турган жана Курайш чоңдоруна каршы күрөшүлө турган экинчи баскычка даярдады. Сыноо болгон бул баскычта алар кафирлердин колунан катуу азаптарга туш болушту… Бирок, сабыр кылышты, бекем туруп, убадаларын өзгөртүшкөн жок жана бир мамлекетке жетекчилик кылууга даяр жетик Хизбге айланышты.

Аллах алардын жүрөгү чынчыл, калыс, сабит жана берешен экенин билди жана алардын жетекчисине нусрат талап кылууну вахий кылды. Ал затка Аллах нусрат жана үстөмдүктү убада кылды, бирок, бул үчүн аракет кылууну, себеп жана мамилелерди бекем кармоону да фарз кылды. Анткени, нусрат алтын батынооздордо келбейт, балким, катуу текшерүү жана сыноолордун артынан келет. Ошондуктан, ал зат коомдордун эшиктерин кагып, алардын жетекчилери менен сүйлөштү… Кимдер бирөөлөр каршылык кылды, кимдер бирөөлөр шарт койду… Бирок, ал зат баарынан баш тартты, Аллах үчүн, бейиш үчүн калыс нусрат талап кылды. Ошентип, Аллах аны нусрат ээлерине жетелеп, ал зат мамлекет тикеледи, байрак көтөрүп, Аллах жолунда хак жихад кылды.

Он жыл өкүмдар катары өлкө ичинде имарат куруу, өлкө тышында жихад кылуу менен алек болду. Жеке өзү жыйырма тогуз казатты жетектеди, 100дөн ашык аскер жиберди, бул жөнүндө Ибн Хажар Аскаланий риваят кылган. Мамлекет ушундай тикеленет: өлкө ичинде Ислам өкүмдөрүн колдонуу, өлкө тышында Исламды жихад менен жеткирүү.

Ал зат бул услубду кайдан билди?! Хизбге негиз салып, уюшуу, уюм, сакафат имаратын курууну, пикирий жана саясий күрөшкө шуңгууну, нусрат талап кылып, байъат суроо жана мамлекет жарыя кылууну… кийин ички жана тышкы саясат, башкаруу, ижтима жана экономика түзүмүн иштеп чыгууну, булардын баарын кандай кылды?! Акыйкатта, булардын барын вахийден гана алды. Антпесе, ушул абалдагы ар бир адамдын пикир, илим, философия, сакафат жана динден кабарсыз болгон коомдон умматты калыптандырып, алардын жардамында эң улуу мамлекеттерди жеңген, кылымдар аша дүйнөнү башкарган мамлекетти тикелеши акылга сыябы!

Ушул себептен улам, акыл менен ал заттын жолуна ээрчүү жана сийратын кармануу шарт, эмне үчүн шарт болбосун, акыры ал затка ээрчүү фарз экенине катъий далилдер бар го?!

Кимде-ким Набий ﷺды жакшы көрүшүн айтып жаткан болсо, демек, ал затка ээрчисин, ал затты үлгү кылып алсын жана ал заттын жүз жыл мурун кафирлер тарабынан кулатылган мамлекетин кайра тикелөөгө аракет кылсын. Мавлуд Набийди белгилөө зыяпат жана майрамдарды уюштуруу, касида жана нашидаларды айтуу, таттууларды таратуу менен болбойт. Жок, балким, мавлуд Набийди белгилөө ал заттын жолун изме-из ээрчүү жана андан кылча четке чыкпоо менен болот.

Набий ﷺ динди жеткирүүчү эле болбогон, ал Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзгөн өкүмдар жана мамлекет жетекчиси болгон. Ал зат Аллах жолунда жихад кылган кошуунга командачылык кылып, план-тактикаларды түзгөн. Пайгамбарыбыз ﷺ улуу саясатчы болгон. Ал зат келишим жана сулхтарды түзүп, согуш жарыя кылган о.э. аскерий командачылар, муавин, валий жана мулазимдерди дайындап, алардын кызматтан алган, элчилерди кабыл алып, убагы келгенде аларды кабыл албай, кайтарып жиберген.

Пайгамбар ﷺ Исламды жеткирип, адамдарга таалим берген. Бирок, мектеп таалими о.э. мээлерге маалыматтарды толтуруу, адамдарды ыйлатып, муну менен чектелген баяндар негизинде таалим бербеди. Балким, Ислам өкүмдөрүн окуяларга түшүрүп, алар аркылуу проблемаларды чечти жана адамдарды дүйнө-ахырет бакытына жетиштирүү үчүн кызыкчылыктарды кабыл алды, зыяндарды кетирди. Адамдарды ал жер, бул жерде көчүп жүргөн китептерге, же компакт-дисктерге, же болбосо илимине амал кылбаган уламаларга айлантуу үчүн эмес, балким, алар Аллахтын азабынан сактанышар деп динди үйрөттү.

Расулуллах ﷺ Аллахтын ар бир нерсени баян кылуучу, кээ бир нерселерди өзгөчө, кээ бирөөлөрүн жалпы келтирип, кээ бирөөлөрүн бүтүндөй кылуучу, экинчи даражалуу маселени түп-тамырына байлоочу, толук, бүтүндөй жана кеңири көлөмдүү дин алып келди. Китепте келбеген өкүмдү да баян кылды… Булардын баары Аллахтан вахий катары болду жана шарият булактары Китеп жана ал заттын Сүннөтү менен аягына жетти.

Набий ﷺды жакшы көргөндөр ушуларга этибар беришпейби?! Аллахтын зикрине жүрөктөрү ээрип, өздөрүнө келишип, ал зат кылган ишти кылуунун убагы келбедиби?! Расулуллах ﷺ куфр түзүмү өкүм сүргөн заманда башкарууга шерик болуудан баш тартпадыбы?! Ал зат бийликти толук алуу үстүндө бекем турду жана:

«حَتَّى يُظْهِرَهُ اللهُ أَوْ أَهْلَكَ دُونَهُ»

«… Же Аллах бул динди үстөм кылат, же мен ушул жолдо өлөм…», деген белгилүү сөзүн айтты.

Ушул мабдаий позиция:  Ислам бийлиги же ушул жолдо өлүм.

Набий ﷺ өз мавлудун ырдоо, бийлөө, домбура жана сурнайларды чалуу менен белгилөөнү талап кылганбы?! Же ал зат тынымсыз жетишкен нусраттарды, тынымсыз түшүп жаткан аяттарды, жер жүзүндө алардын колдонулуп жатканын проблемаларга чечим болуп жатканын белгилегенби?! Акыры рошид халифалардын бири Умар розияллаху анхуга бир яхудий: «Силер Китебиңерде аятты окуп жатасыңар, бирок, эгер, биз, яхудийлерге, бир аят түшкөндө, аны албетте майрам кылып алган болот элек», – деп айтпадыбы, кийин Аллах Тааланын:

﴿الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَـكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيْتُ لَـكُمُ الإِسْلَامَ دِيناً‌﴾

«Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, ниъматымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн (бир гана) Исламды дин кылып тандадым»                                                         [5:3]

деген аятына ишара кылбаган беле?! Кафирлер динибиздин кыйматы, улуулугу, кемчиликсиз жана жетик, кеңири көлөмдүү мабда экенин мурда да түшүнүшкөн, учурда да түшүнүүдө. Бирок, Исламга ыйман келтиришпеди. Бул нерсеге алардын кежирдиги, же душмандыгы, же болбосо пайданы жана лидерликти катуу жакшы көрүшкөнү, же наси-каалоосу жана кумарларына берилишкени себеп болду. Ошондуктан, алар Исламга каршы согуш ачып, Ислам мамлекетин кайра тикелемекчи болуп жаткандарга каршы күрөшүп жатышат. Бирок, алар каалашпаса да, Расулуллах :ﷺ

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негзиндеги Халифалык болот», – деп башарат бергендей, Ислам мамлекети шексиз тикеленет. Ооба, Аллахка ант, ал албетте тикеленет, себеби, белгилери көрүнүп калды. Эмнеге тикеленбесин, акыры, ал кайып дүйнөнү да, күбө болгон дүйнөнү да билген Аллахтын вахийи го. Демек, ушул мамлекетти тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга бейиш болсун жана ал кандай гана жакшы жай!

 

Роя гезити, №416, 2022-жыл, 2-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here