Европа оор абалды башынан өткөрүп жаткан учурда Франция Алжирден эмнени каалайт?!

396
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Европа оор абалды башынан өткөрүп жаткан учурда Франция Алжирден эмнени каалайт?!

 Устаз Салих Абдуррахим – Алжир

Белгилүү болгондой, Франция бүткүл Африка континентинде, өзгөчө, беш Жээк мамлекеттеринде (G5 Sahel) чоң маанилүү кызыкчылыктарга ээ. G5 Sahel Нуакшатта 2014-жылы 16-апрелде өнүгүү саясатында жана коопсуздук маселелеринде регионалдык координациялоо жана кызматташуу максатында түзүлгөн. Ага Мали, Нигерия, Буркина Фасо, Чад жана Мавритания мамлекеттери кирет. Бирок, Франциянын таасири бул күчсүз вужуддарга эле чектелбеген. Балким, анын таасири ушул материктин борбору жана батыш бөлүгүндөгү көпчүлүк аймактарды курчап алган. Бул өлкөлөрдөгү анын кызыкчылыктары да көп жана ар түрдүү. Мисал үчүн, Нигерияга дагы эле өкүмдарлык кылып, аны азуу тиштери менен тиштеп келүүдө. Ал өзүнүн ядролук реакторлоруна иштетиле турган урандын чоң жана маанилүү бөлүгүн ушул мамлекеттен алып кетет. Франциядагы электр энергиясынын болжол менен 75 пайызын ушул реакторлор камсыздайт. Эгер, бул региондун туруктуулугу бузулса, Франциянын саясий, коопсуздук жана экономикалык даражада, айрыкча, энергетика тармагында кандай кризистерге туш келери эч кимге сыр эмес. Франция Түндүк Африкада, өзгөчө, Алжирде саясий, экономикалык, маданий жана коопсуздук сыяктуу бардык тармактарда чоң таасир жана кызыкчылыктарга ээ. Бул нерсе жаңы глобалдуу проблемаларга кошумча, регионалдык кризистерге каршы күрөшүү үчүн келишим зарылчылыгын талап кылат. Колонизатор Британиянын да Африка континентинин түштүгүндө жана түндүгүндө чоң кызыкчылык жана амбициялары бар экенин эсепке алсак, Түндүк Африка, айрыкча, Алжирде туруктуулукту камсыздоо жана анын саясий, өзгөчө, дипломатиялык деңгээлдеги ролун активдештирүү зарыл болууда. Ушул көз караштан алганда, Фалестин фракцияларын, Хамас жана Фатх топторун «бириктирүүгө» о.э. Араб мамлекеттери тобундагы «бузулууну» оңдоого аракет кылуу иши жакында Алжирге тапшырылды. Алжир, айрыкча, 2023-жылы 11-апрелде өзүндө болуп өтө турган саммитке даярдык көрүү максатында Араб Мамлекеттери Лигасы делегациясын күтүп алууга даярданууда. Алжир саммити ийгиликтүү болобу?! Дамасктагы канкор режим да катышабы?! Ошондуктан, ушул региондогу туруктуулукка каршы күрөшүү үчүн аскерий жана коопсуздук жагынан Алжирден пайдалануу зарыл болду. Ушул максатта, жакында эки күн (2022-жылы 13-14-октябрь күндөрү) төрт Жээк мамлекеттеринин армия командачылары Алжирде жолугушту. Жолугушууда биргелешкен штаб комитетинин аскерий жана коопсуздук коордтнациялоо даражасын көтөрүү, региондо оперативдик кызматташтык жана координация башкармалыгынын ролун өнүктүрүү талкууланды. Демек, бул континент үстүндө колонизаторлук кызыкчылыктары жана эл аралык чыр чатактар күч алган учурда эски колонизатор шериктердин бул биргелешкен кызыкчылыктарды ишке ашыруу жана ички-тышкы проблемаларга каршы күрөшүү максатында өз ара координациясы зарыл болуп калды. Айрыкча, Европа мамлекеттери оор шартта о.э. Украина согушу жана анын саясий, коопсуздук, кыйратуучу экономикалык акыбеттери көрүнүшүндө аларга АКШ тарабынан басымдар болуп жатканда координациясы зарыл болуп калды. Кудум ушул көз караштан келип чыгып, Франция ушул кызыкчылык сактап калуу үчүн аракетке келди. Мисалы, 2022-жылы 9-октябрь Франция премьер-министри Элизабет Борн Алжирге сапар кылды. Бул расмий сапар Франция-Алжир мамилелери тарыхында көлөмү жана 16 франциялык министрлер делегациясы курамы жагынан биринчи ирет болушу. Сапардын эртеси күнү Борн «кайра тикеленүүчү туруктуу кышматташтыкты» бекемдөө максатында Алжир президенти Абдулмажид Теббун менен жолугушту. Баса белгилеп айтсак, 2022-жылы 25-августта Франция президенти Эммануэль Макрон Алжир режиминин коногу болгон. Бул үч күндүк сапар учурунда Макрон Алжирде 2019-жылдын башында баштаган элдик кыймыл артынан өлкөдөгү абалдын кайра тикелениши жана анын тездешип, акыбеттеринин алсырашы көрүнүшүндө, Алжир-Франция мамилелерин жаңылоо зарыл экендигин о.э. кийинки доордо биргелешкен жана кызматташтык үчүн жаңы негизде келишип алуу зарылдыгын баса белгиледи.

Ачык-айкын белгилүү болгондой, өлкөдөгү Британия жана Франция малайлары ортосунда убактылуу келишим болуп көрүнгөн келишимде Алжир үстүндөгү күрөш Британия малайларынын пайдасына чечилди. Аскерий жана коопсуздук мекемелеринин нааразылык толкунун кысымга алып, тизгиндөө артынан элдик кыймылдын акыбеттеринин алды алынды. Бул тизгиндөө ишинде каршылаштардын кызыкчылыгы үчүн саясий ишке дайыма даяр болгон «Нуфамбирий-Бадисий» (муътадил исламий жана улуттук) агымынан пайдаланылды. Бирок, Украинадагы согуш жана анын акыбеттери… Американын согуштан көздөгөн максаттары… Европага Америка тарабынан газ жана башка тармактарда о.э. Франция үчүн маанилүү болгон маданий жана экономикалык тармакта Россия менен алаканы үзүүнүн өнүгүшү фонунда Франция жана башка Европа мамлекеттерин Алжир нефти жана газы менен камсыздоо маселеси Франция делегациясынын келишинен көздөлгөн кызуу маселе экендиги анык көрүнүп турат. Франциянын Африкадагы, өзгөчө, Африка Жээги мамлекеттериндеги өз колонияларында проблемаларга туш келип жатканы француз расмийлеринин негизги кабатырларына айланды. Эстетип өтсөк, өткөн август айында Франция президенти Алжирге келгенде президент Теббун аны менен бир катар документтерге, «Алжирдин жаңы кызматташтык декларациясын» бекемдөө зарылдыгы жөнүндөгү документке кол койгон. Бул декларацияда «эки мамлекеттин мурдагы кескиндешүүлөрдөн айырмалуу түрдө өз ара түшүнүү доорун башташканы, келерки долбоорлорго жана жаштарга көнүл буруучу анык жана конструктивдүү жандашууну ишке ашыруулары о.э. жогорку даражадагы ушул жаңы кызматташтыктын регионалдык жана эл аралык кескиндешүү талаптарынан келип чыккандыгы» айтылган. Демек, Франция өкмөтү делегациясынын бул сапары ушул нерселерге каратылганы шексиз.

Баса белгилеп айта турган нерсе, Алжир аскерий жана коопсуздук даражасында ага жүктөлгөн милдеттердин алкагында 2023-жылдын бюджети үчүн «алгачкы» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, макулдоо үчүн парламентке жиберди. Ага ылайык, бул өлкөнүн коргоо буюджети анын тарыхында эң чоң сумманы – 23 миллиард долларды түздү, бул өткөн жылдагынан дээрлик үч эсе көп. Бирок, Алжир учурда АКШ администрациясынын кыйыр түрдө ири саясий басымына учурап жатат. Дагы да күчөп жаткан бул басымга анын Африканын Түштүк Сахара мамлекеттериндеги ролу болсо, дагы бир себеп Украина согушуна карата карманган позициясы жана Россия менен өзгөчө курал соодасы келишими темасында болуп келген тарыхий байланыштары. О.э. Америка азыркы шартта Европа мамлекеттеринин (өзгөчө, Германия, Франция, Италия жана Испаниянын) өз энергия булактарын өнүктүрүүлөрүн о.э. Aмерика каалаганынан жана чыр-чатак максаттарынан сыртта орус газына альтернативдик жол табышын каалабай жатат. Себеби, Aмерика Украинадагы согуш аркылуу Европаны өзүнө моюн сундурууну, аны өзүнүн көлөкөсүндө жана НАТОнун коргоосунда кармап турууну, Европанын эл аралык көз карандысыз атаандаш континентке айланышына жол бербөөнү пландаштырган. О.э. Россияны финансылык жана экономикалык блокада кылып, аскерий жактан алдан тайдырмакчы. АКШ кoнгрессинде Алжирдин позициясына кескин нааразылык билдирилип, Россиядан курал сатып алууну күчөтүү аркылуу Путинди акча менен камсыздаганы үчүн аны жазалоо керектигине ишара кылуу даражасына жеткен сөздөр айтылды. Кудум, бул бир саясий кыймыл болуп, андан Алжирдин Европа, өзгөчө Франция менен алакасында проблемаларды пайда кылып аны башаламан кылуу о.э. ушул шартта ага күчтүү басым өткөрүү көздөлгөн. Франция 2020-жылда Алжирге кайтарган бир катар баш сөөктөрдүн кимдерге таандык экендигине байланыштуу 2022-жылы 17-октябрда «Нью-Йорк Таймс» гезитинде жарыяланган макала ызы-чуу менен коштолгон жаңжалдарды келтирип чыгарды. Гезит кабарлашынча, бул баш сөөктөрдүн баары эле эгемендүүлүк доорундагы алжирдик ыңкылапчылар жана мужахиддерден турган элдик кыймылдын аскерлерине тиешелүү болбогон. 24 баш сөөктүн 18ин эки мамлекет ортосундагы «эскерүү иши» боюнча Франция менен мамилелерди кайра тикелөө алкагында 2020-жылы 26-июнь келишим негизинде Алжир Франциядан кайтарып алган. Ал эми, бул калдыктардын өздүгү такталбаганы айтылса да, бирок, түпкүлүгүндө, алар камакка ташталган ууруларга о.э. Францияга жардам берген жана анын армиясында кызмат кылган алжирлик жөө аскерлерге тиешелүү болгон.

Табигый суроо пайда болот: колонизатор Батыш мамлекеттери Алжир жана региондогу башка мамлекеттерден, кала берсе, бүткүл мусулман өлкөлөрүндөгү малекеттерден аларга моюн сунган режимдер аркылуу өз кызыкчылыгы үчүн качанга чейин пайдаланат?! Жооп: бүткүл мусулмандарды өз кучагына алып, кылымдар аша аларды башын бириктирип келген Халифалык мамлекети кеткен соң, ошондон бери Ислам Умматы өзүнө жат абалга түшүп калды жана бул бөлүнүү, ыдыроо, карама-каршылык жана алсыздыкта өз тастыгын табууда. Ошондуктан, Уммат кайрадан Аллах Субханаху ва Таала ыраазы боло турган Исламдын азиз жана күч-кудурет канаты астына, Ислам мамлекети жана шарияты көлөкөсүнө кириши керек. Бул долбоор – Ислам Умматын өзүнүн табигый өзөнүнө кайтаруу үчүн Хизб-ут-Тахрир көтөрүп чыгып жаткан долбоор.

 

Роя гезити, №415, 2022-жыл, 2-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here