Кыргыз өкмөтү пенсиялык “реформасын” сунуштады

1778
0

Кыргыз өкмөтү пенсиялык “реформасын” сунуштады

         Кыргыз өкмөтү 2023-жылдын январь айынан тарта масштабдуу пенсиялык реформаларды баштай турганын жарыялады. Мунун алкагында, Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Аталган мыйзамдын алкагында Социалдык фонд пенсия тутумун реформалоо боюнча 11 сунушун мыйзамга киргизди.

         Реформанын алкагында, минималдык камсыздандыруу стажы төрт эсеге көтөрүлөт. Мыйзам долбоорунда минималдык камсыздандыруу стажынын төмөнкү чегин беш жыл деп белгилеп, аны 20 жылга чейин жеткирүү сунушталат. Ал 2023-жылдан 2038-жылга чейин этабы менен көтөрүлөт.

         Буга кошумча, жеңилдетилген категориялар боюнча пенсияга чыгуунун мөөнөтү үч жылга көтөрүлөт. Учурда бийик тоолуу аймактарда жашаган эркектер 55 жашта, аялдар 50 жашта жеңилдетилген шартта пенсияга чыгат. Эгерде мындай аймакта жашаган аялдар үч балалуу болсо, анда алардын пенсияга чыгуу мөөнөтү дагы беш жылга төмөндөйт. Сунушталган өзгөрүүлөргө ылайык, ушундай жеңилдетилген категориядагы жарандардын пенсияга чыгуу курагы үч жылга жогорулатылат. Ошондой эле, аракеттеги мыйзам боюнча, 30 жылдан ашуун эмгек стажы бар эркектер 60 жаштан жана 25 жылдан ашуун эмгек стажы бар аялдар 55 жаштан пенсияга чыгууга укуктуу. Соцфонд ушул өңдүү мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуунун түрлөрүн 2025-жылга карата жалпы пенсиялык куракка теңдемекчи.

         Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп жаткан айымдардын пенсияга чыгуу курагы өзгөртүлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп жаткан айымдардын пенсия курагын 58 жаштан 60 жашка чейин көтөрүү сунушталууда. Ага ылайык, эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматкер айым пенсияга өз убагында чыгууну кааласа, анда 58 жаштан, ишин уланткысы келсе, анда 60 жаштан чыгат. Расмий статистика боюнча, алардын саны 7,5 миңдей адамды (10%) түзөт. Ал эми, 714 миңден ашуун пенсионердин 70%ы аялдар. Мына ушул көпчүлүктү түзгөн айым пенсионерлердин курагын көтөрүү менен өкмөт бюджетти үнөмдөөнү көздөп жатат. Башкача айтканда, ушул үнөмдөөлөр менен пенсиянын базалык бөлүгү көтөрүлмөкчү. Буга чейин пенсиянын базалык бөлүгү эмгек стажына карап 702 сомдон 3170 сомго чейин ар башка суммада чегерилип келген. Мындан ары аны эмгек стажынан ажыратып, баарына бирдей 3170 сомдон берилет. О.э. эми каза болгон пенсионердин 18 жашка чейинки балдарынан окуп жатканы жөнүндө документтер талап кылынбайт. Реформалар ишке ашса, III топтогу майыптыгы бар адамдарга пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 100% төлөнөт. Буга чейин аларга пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн жарымы эле берилип келген.

         Белгилей кетсек, Кыргызстандын 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Баш мыйзамында эң төмөнкү пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан жогору көрсөткүчтө кармоо милдети коюлган. 2022-жылдын аягына карай өлкөдөгү жашоо минимуму 7200 сомду түзөт. 2023-жылдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3170 сом болсо, камсыздандыруу бөлүгү кошулгандан кийин орточо пенсия 4966 сомду түзөт.

          Жогорудан белгилүү болгондой, өкмөт реформа аты менен пенсияны экинчи тараптын чөнтөгүнөн алууну көздөп жатат. Башкача айтканда, бийик тоолуу аймакта жашаган же эмгек стажына байланыштуу пенсияга эрте чыккан жарандардын пенсиясы жокко чыгып, алардын бир бөлүгү жаш курагы жетип чыккандардын пенсиясына бөлүштүрүлмөкчү. Калган кыскартуулар менен болсо бюджеттин чыгашасы үнөмдөлмөкчү.

         Буга кошумча, Кыргызстанда жашоо узактыгы орточо 70,9 жашты түзөт. Ал эми, пенсияга эркектер 63, аялдар 58 жашта чыгат. Демек, кырк жылдап төккөн салыкты пенсия катары 8-12 жыл гана алуу укугу бар. Ал эми, калган каражат мамлекеттин бюджетин жамаганга же коррупцияга баткан бийликтин сол чөнтөгүнө кетет.

         Демек, бийликтин пенсияны көтөрүү урааны популизмден же алдоодон башка нерсе эмес! Кыргызстан калкы мындай алдоо жолу менен пенсия же айлык акылардын көтөрүлүшүнөн тажап бүттү. Пенсия курагынын көтөрүлүшү же жогорудагыдай жашы жете электердин пенсиясын кыскартуу түпкүлүгүндө эл аралык уюмдардын талабы астында жүргүзүлөт. Анткени, капитализмдин пайдага негизделген акыйдасы жеке адамдарга көңүл бурат. Башкача айтканда, мамлекетке салыкты көп төккөн жана жумуш орундарын камсыздаган ишкерлер маанилүү. Ал эми пенсионерлерге окшогон алсыз катмар мамлекет үчүн ашыкча жүк болуп эсептелет. Ошондуктан, Батыш өлкөлөрүндө соц фонд сыяктуу мекемелер жеке адамдардын колуна тапшырылган. Мындай абалда капиталисттик мамлекет жоопкерчиликтен кутулуу менен бирге бюджетти да үнөмдөйт. Айрыкча, пандемия учурунда Батыш өлкөлөрүндө пенсионерлер салык жана медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөгөндүктөн, эч кандай медициналык жардамдар көрсөтүлбөй топ-тобу менен курман болгонуна да күбө болдук. Мындай капиталисттик жырткычтыктан кутулуунун жолу өз Исламыбызга жүздөнүүдө! Ислам бардык проблемага адамдын көйгөйү деген назар менен карайт. Мунун мааниси, Ислам бир эле учурда экономикалык маселени чечүү менен катар анын социалдык, саламаттык ж.б көйгөйлөрүнө да туура чечим берет. Ошондуктан, адамдарды улгайган же жаш дебестен мамлекет негизги муктаждыктарын камсыздайт. Мына ушул система гана бүгүнкү социалдык проблемаларды түп тамырынан чечет. Ал эми капитализм проблемага экономикалык маселе катары карагандыктан, убактылуу жамачы салуудан ары өтпөйт! Башкача айтканда, бул реформа менен бюджетти үнөмдөөсү, экинчи тараптын муктаждыгын күчөтүп, жакыр катмардын сабын дагы да калыңдатат. Ошондуктан, биз мусулмандар капитализмдеги мындай «реформаларга» алданбай, өз Исламбыздын чечимдерин үйрөнүп, ага амал кылууга шашылалы!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here