Ирандагы элдик нааразылыктар жөнүндө ой-пикир

2007
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ирандагы элдик нааразылыктар жөнүндө ой-пикир

 Устаз Абдуллах Али

2022-жылы 16-сентябрда күрд кыз Махса Аминий адеп-ахлак полициясынын колунда каза болушу артынан Иранда башталган нааразылык демонстрациялардын мүнөзү Иран режими бул демонстрацияларга тынчсызданып калганын көрсөттү. Демонстрациялардын мүнөзү режимдин түзүлүшүнө, анын мындай демонстрацияларга каршы күрөшүүдөгү аракетине о.э. ондогон жылдык башкаруусу учурунда жетишкен натыйжаларга байланыштуу бир нече белгилерди көрсөттү. О.э. демонстрациялар Ирандагы ички абалга, регионалдык жана исламий чөйрөгө, Батыш мамлекеттери, өзгөчө Америка менен болгон мамилелердин табиятына кандай таасир көрсөткөнү көрүндү. Иран мамлекети элге жан берип, режимди мүмкүн болушунча оңдоо аркылуу демонстрацияларды баса алабы? Же демонстранттарды саткынга чыгарууда жана алардын талаптарын эсепке албоодо диктатор режимдердин жолун улайбы? Же Иран режими өзүнүн диктаторлугун жана адамдарды кыргын кылышын актоо, өзү айткандай, мекенди тышкы тил бириктирүүлөрдөн сактоо үчүн демонстранттарды зомбулукка жана куралдуу көтөрүлүштөргө тартабы?

Эл менен режимдин ортосунда жүз берген баш аламандык күчөп, бөлүнүү, үмүт жана ишеним жоголуп турганда Иран режиминин ондогон жылдык башкаруусу учурундагы эң көзгө көрүнгөн тараптарына токтолуп өтөбүз. О.э. Иран калкы менен өкүмдар режим, анын коопсуздук кызматтары жана алардан кызыкдар болгондор ортосунда жүзөгө келген чоң жараканын себеп жана факторлоруна айкындык киргизүүгө аракет кылабыз.

Алгач, баса белгилеп айтсак, Вилаяти Факих өкмөтү жана анын коопсуздук кызматынын демонстранттарды өлтүрүү, күч колдонуу жана камоо аракетин мурунку шах режими да Хамейнийдин тарапкерлерине каршы оңой эле колдонсо болот эле. Шах эки тандоо алдында болгон: аны колдогон армия командачылыгынын жардамында Хамейнийдин тарапкерлерине темир кол менен сокку берүү же ошол убакта Мусаддик өкмөтүнүн ички иштер министри болгон Садикий жетектеген убактылуу өкмөттү түзүү. Бирок, бул тандоолордун экөөсү тең Америка тарабынан жактырылбаган. Америка шахка бийликти тапшыруу жана өлкөнү армиядагы Хамейнийге берилген офицерлерге тапшырып, Ирандан Америкага чыгып кетүүнү буйруган. Бул, АКШнын Тегерандагы элчилиги, президент Картердин администрациясы жана Борбордук Разведканын Хамейний жана анын бийликтеги адамдары менен түзгөн келишиминен жана планынан башка нерсе болбогон.

Ошол АКШ-Иран келишимин жана планын ондогон жылдар өкүм сүргөн молдолор режими улантып, бүгүнкү нааразылык демонстрациялар болуп жаткан күнгө чейин сактап келди. Иран режиминде эч качан коопсуздук бузулган абал болбогон, болгон болсо да тезинен АКШ администрациясынан бирер расмий чыгып, молдолор режимин ачык колдоп-кубаттаган о.э. АКШ администрациясы Иранда режимди өзгөртүүгө аракет кылбайт, балким, анын аракетин өзгөртүүнү каалайт деп айтат эле… Кудум бүгүнкү күндө Сирияда режим өз аракетин өзгөртүшү керек деп тынымсыз айтып келе жатышкандай.

Ушул орунда Американын учурдагы режимдердин аракетин өзгөртүү туурасындагы сөзү олуттуубу деген суроо пайда болууда?! Себеби, учурдагы режимдердин баары пайда болгон күндөн бери коопсуздук кызматынын жана разведканын коргоосунда турат, сакталып турууда зомбулукка, террорго, репрессияга, ал тургай, тынчтык абалында да кыргынга таянып жатышат, адамдардын аларга каршы козголуп, кулатууну талап кылышканда кыргындарды жасашын айтпаса да болот. Андыктан, Aмерикa жетектеген Батыш мамлекеттеринин кызыкчылыгы жана тышкы саясаты чынында эле ушул режимдер жана өкүмдарлар аркылуу ишке ашырылып жаткан соң, жогорудагы суроонун жообу дайын.

Ирандагы нааразылык демонстрацияларындагы кандуу көрүнүштүн ыйлаткан да, күлдүргөн да тарабы диний лидер Али Хаманеийдин демонстрация жөнүндөгү биринчи билдирүүсү болду. Анын айтымында, бийликке каршы бул «тополоңдордун» артында Ирандын касташкан душмандары Америка менен яхудийлер жана алардын союздаштары турган имиш. Билбедик, бул Хаманеий режими Америка менен союз түзүп, Ирак жана Афганистанды басып алышына жана ал жердеги миллиондогон мусулмандарды кыргын кылышына жардам көрсөтпөдү беле?! Же бул режим Сирияда канкор режимди коргоп, Америкага көрсөткөн кызматтарын о.э. шамдык мусулмандарга каршы жырткыч кылмыштар, кыргындар жана шаарларды ойрондуга айлантуу сыяктуу кылмыштарын «ыйык жихад» жана «Куддустун азаттыгына алып баруучу жол» деп тастыкташыбызды каалап жатабы?! Мурун «Иран-контрасс» деген шермендечилик болуп өткөн… Анда Иран Саддам Хусейн режимине каршы согушта Американын макулдугу менен яхудий вужудунан жана башка мамлекеттерден жардам катары курал-жарак жана аскерий техника алган! Андан тышкары, Армениянын кошуна мусулман шиа болгон Азербайжанга каршы согушта христиан Армениянын тарабында да ушул Иран турган!

Хамейний Шахтын башкаруусун кулатып, анын урандылары үстүнө курган бүгүнкү өкүмдар режим структурасына кайта турган болсок, бардык кризистерди себепкери ушул режим экенин көрөбүз… Негизи, анын конституциясы түрдүү этникалык улуттардын айырмачылыгын жана акы-укуктарын моюнга алганына карабастан, бул режимдин прагматикалык улутчул мазхабчылдыгы эч кимге сыр эмес.

Иранда (исламий) түзүмдү тикелөөгө чакырган даъваттын келип чыгышы «исна ашъарийя» (он эки имам) мазхабындагы «кимдир бирөө күтүлүп жаткан күнөөсүз имамдын өкүлү болушу керек» деген идеяга негизделет. Бул нерсе нусустарга тескери болгону үчүн шиа маржаат ээрчүүчүлөрүнүн бир канчасы бул идеяга каршы. Ага карабастан – бул идеяга ылайык – өкүм чыгаруу жана өкүмдү аткаруу хижраттын 260-жылынан бери күтүлүп жаткан күнөөсүз имамдын укугу болуп белгиленген. Муну менен бирге, бул идея Ислам Умматынын бардык мазхабдарын айгинелеген көз карашка ылайык универсалдык мүнөзгө ээ эмес. Тескерисинче, ал исна ашъарийя же жаъфарийя мазхабына чектелген. Катъий айтууга болот, Ирандын бүткүл саясаты имамдын чыгышына чөйрө даярдоо о.э. фарс улутчулдугун жана анын маданиятын – ал тургай, бул маданият отпарастык калдыктарынан болуп, Ислам баалуулуктарына жана акыйдасына тескери болсо да – бекемдөө идеясына негизделет.

Ушул нерсе бүткүл Ислам Умматы, өзгөчө, Ислам Умматынын көпчүлүгүн түзгөн суннийлер менен кагылышуу чекити болду. Ошондуктан, бул режим бүткүл суннийлер жана бир катар маржаат ээрчүүчүлөрүнүн тарапкерлери тарабынан дээрлик кабыл алынбады. Белгилүү болгондой, бул режим пайда болуп, башкаруу формасы жана конституциясы жарыя кылынганда эле режимдин өз каршылаштарына колдонгон ыкмасы четке кагылды. Хамейний Иран калкына о.э. шах мамлекетинин улуттук саясий чегаралары жана исламий сөздөр менен жасалгаланган байрагына таандык болгон шиа мазхабына негизделген республика түзүмүн сунуштаганда анын көз караштары түшүнүксүз болду. Кийин Хамейний бул түзүмдү Ислам Умматын камтуучу исламий түзүм деген этибарда, мусулман өлкөлөрүндө жалпылаштырмакчы болду. Ошонун өзү кыска ойлуулук, Исламды туура түшүнбөстүк о.э. Ислам Умматын бир башкаруу, бир конституция жана бир байрак астында бириктирүүчү долбоорду түшүнбөстүк болуп эсептелет.

Хамейний жана Хаманеий араб өкүмдарлары жана коноктору, ал тургай, ал жерден келген диний лидерлер менен араб тилинде сүйлөшүүнү каалабаганы алардын канчалык улутчул мүнөзгө ээ экенин көрсөтөт. Негизи, экөөсү тең араб тилин ушунчалык жакшы билишет дейсиң, мисалы, бир видеотасмага ылайык, Хаманеий араб шейхтери жана жетекчилери менен отурганда чоң аятуллах каалаган нерсени котормочу түшүндүрүп бере албайт же которууну унутат, ошондо Хаманеий котормочуну араб тили менен оңдойт.

Өзүн үлгү деп билген жана ыңкылапка жетекчилик кылмакчы болгон адамда мына ушундай жийиркеничтүү улутчулдуктун болушу Иран режиминин айрым көрүнбөгөн, жашыруун тараптарын ачыктоодо. Бул, өкүмдар класс менен мамлекеттин расмий чөйрөлөрүндөгү башка топтор, мазхабдар жана тектер ортосундагы өз ара ишенимдин жоктугу. Мисалы, Иран изилдөөлөрү эл аралык институттары тарабынан жарыяланган отчётко ылайык, мамлекеттеги жогорку кызматтардын 78 пайызын фарс улутчулдары монополия кылып алышкан.

Бул албетте мамлекеттин калган функцияларын жана алардагы фарс улутчулугуна таандык укуктарды да камтыйт. Эгер, абал ушуну менен чектелгенде башка этникалык элиталардын мамилеси режим дуушар болгон ар бир кризисте азыраак болгон болот эле. Бирок, акыркы он жылдыкта башка улут жана мазхабдарга каршы абдан көп кемсинтүүчү саясаттар жана алардын өздүгүн жоготууга аракеттер болду, бул бир нече ирет Иран режимине каршы көтөрүлүштөр, аны кулатуу талаптары, эч болбогондо өздүгүн кайра орнотуу талаптары келип чыгышына себеп болду.

Акыркы нааразылык демонстрациялары туурасында баса белгилөө шарт болгон дагы бир маселе бар, ал да болсо, илмамийлик багытындагы адамдар тарабынан болуп жаткан ашынган чабуулдар. Бул адамдар демонстранттар Батыштын эркиндиктерин жана илманий түшүнүктөрүн талап кылып жатышат сүрөттөшүп жатат о.э. Иран режиминин аракеттерин, кылмыштарын, башкаруу жана лидерликтеги ийгиликсиздигин Исламга байлашууда. Ошондуктан, хижабды чечип, өрттөө, Куръанды өрттөө сыяктуу муслима аялдардын бузулушуна кызмат кылган динге тескери иштерге тилектештик билдирүү жана аларды колдоп-кубаттоо абалдарына күбө болдук. Бул сыяктуу реакциялар Иран режими үчүн даяр жүйө болуп калды, режим адамдарды репрессия кылып, аларды Ислам жана мусулмандардын душманы деп эсептешин ушул аркылуу актап жатат, адамдарды бийликтин коррупциясыан, ийгиликсиздигинен чалгытып, нааразылык демонстрацияларын Батыштын кызыкчылыгына кызмат кылган жырткычтык деп атоодо.

Тарых, вакиълик жана акыйкаттар кырк жылдан ашуун молдолор башкаруусунан кийин мамлекет ичиндеги иштерди башкарууга тиешелүү өтө көп маселелерде Иран режими ийгиликсиздикке учураганын көрсөтүп жатат… Иран режими өлкө ичинде да, чет элде да мусулмандардын биримдигин бир нече даражада бузду… Батыштын, негизинен Американын исламий өлкөлөрдөгү кызыкчылыктарын аткарды, дагы эле андай иштерди аткарып келүүдө. Арийне, башка Сайкс-Пико мамлекеттери сыяктуу эле Иран режими өз бийлигин кайра колго алуу, биригүү, колонизаторлуктан, анын пикирлеринен, малайларынан, байлыктарынын талап-тонолушунан кутулуу сыяктуу Умматтын умтулууларына тоскоолдук болуп турат.

 

Роя гезити, №415, 2022-жыл, 2-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here