بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Шам козголоңу айлакер фитналар менен чынчыл перзенттери ортосунда
Шам козголоңу тил бириктирүүчүлөр күчөгөн, чар тараптан жаманатты сөздөр жаадырылып жаткан, туңгуюктан чыгууну кепилдөөчү «жол картасы» жөнүндө тынымсыз айтылып жаткан о.э. көпчүлүк адамдар нусрат жолун издеп жаткан оор күндөрдү башынан өткөрүүдө.
Кимдин кайсы саптан орун алганына келсек, чынчыл (чыныгы) козголоңчулар башкалардан өзгөчөлөнүп турган саптан орун алганына күбө болобуз. Алардын сабы өздөрүн козголоңдун өкүлдөрү деп коалиция жана анын жетекчилери, учурдагы өкмөт өкүлдөрү жана өз токтомуна ээ болбогон согушкер топтор сыяктуу түрк режими менен алака кылуучулардын сабынан бөлүнүп турат.
Алар көптөгөн жылдар өз иштерин колдоп-кубаттоочу кожоюндары колуна тапшырып койгон мунафыктардын алдоолору артынан сыналып электен өтүшкөндөн кийин ушул саптардан орун алышты. Бирок, бул жылдарда чоң курмандыктар берилди жана бул курмандыктар улуу максат үчүн, эң касташкан канкор, кылмышкер режимди кулатуу үчүн берилди.
Ушул өзгөчө саптан орун алуу кийинки иштерге пайдубал коюу үчүн ташталган жакшы кадам болду. Козголоңчулар козголоң жана анын курмандыктарын сатып жаткандардын сабынан башка өзгөчө саптан орун алган соң, бүгүн алардын милдети өз саптарын тартипке келтирүү. Алар өз саптарын ушундай тартипке келтирүүлөрү керек, берилген чоң курмандыктар сакталып, козголоң амандык жана нусрат жээгине чыгышы керек.
Бул өзгөчө сапты тартипке келтирүү козголоңдун тагдырын белгилейт. Себеби, жоопкердик жана милдет аткарылбаса козголоңдун тагдыры кыянат баткагына батып, режимдер менен алака кылып жаткан жетекчилердин колуна өтүп кетет. Бул режимдер болсо, Шам козголоңуна каршы тил бириктирип, аны жок кылуу аракетинде. Ушуга ылайык Шам козголоңчулары өз милдеттерине олуттуу киришип, Аллах аларга фарз кылган иштерди аткарышы шарт. Себеби, козголоңдун тагдыры алардын позицияларына байланыштуу.
Шам калкы жогоруда айтылып өткөн милдеттерди аткарышы үчүн фитначылар алардын жүрөгүнө салмакчы болуп жаткан үмүтсүздүктү жок кылуулары керек. Аллах аларга мүмкүнчүлүктөрдү жана кубат бергенине ыйман келтирип, ар биринен даанышмандык менен пайдалануулары керек. Кимде пикир болсо, аны козголоңдун маселеси үчүн жумшасын, кимде адамдарды топтоо жана аларга таасир өткөрүү жөндөмү болсо, ал адамдарды козголоңдун курамдык бөлүктөрүн бириктирүүчү долбоордун айланасында чогултсун, кимде согушкердик жөндөмү болсо, аны козголоңду коргоого жана козголоңдун курамдык бөлүктөрүн бириктирүүчү долбоорду коргоого жумшасын.
Козголоң бүгүн чечүүчү баскычта турат. Анын перзенттери Аллах берген мүмкүнчүлүктөрдү ишке салып, Аллах Азза ва Жалла ыраазы боло турган чынчыл позицияны карманышы керек. Себеби, алар ажырым жолго келип калышты: же өз ролдорун аткарып о.э. бардык аракеттерин кубат жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүүгө жумшап, бийлиги уурдалышына жана козголоң тартып алынышына каршы турушат, же кол куушуруп, аларды кан соодагерлери кандай кыйроого жетелеп жатканын күзөтүп тура беришет. Козголоңду уурдамакчы болуп жаткандар аларды жалгандан «жарашуу» деп аталып жаткан өлүмгө жетелеп жатат… Негизи, «жарашуу» №2254-резолюцияны колдонуу баскычтарына негиз болгон «саясий чечимдин» дал өзү!
Ушуну унутпайлы, хак менен батыл ортосундагы күрөш ар дайым болот. Демек, хак ээлери бул күрөштөн баш тартышса алардын ордуна башкалары келип, бул сыймыктуу милдетти мойнуларына алышат. Мына, сүйүктүү Пайгамбарыбыз ﷺ бизге күрөштүн вакиълигин сыпаттап, нажат жолун ачык көрсөтүп берүүдө:
«مَثَلُ القائِمِ علَى حُدُودِ اللَّهِ والواقِعِ فيها، كَمَثَلِ قَوْمٍ اسْتَهَمُوا علَى سَفِينَةٍ، فأصابَ بَعْضُهُمْ أعْلاها وبَعْضُهُمْ أسْفَلَها، فَكانَ الَّذِينَ في أسْفَلِها إذا اسْتَقَوْا مِنَ الماءِ مَرُّوا علَى مَن فَوْقَهُمْ، فقالوا: لو أنَّا خَرَقْنا في نَصِيبِنا خَرْقاً ولَمْ نُؤْذِ مَن فَوْقَنا، فإنْ يتْرُكُوهُمْ وما أرادُوا هَلَكُوا جَمِيعاً، وإنْ أخَذُوا علَى أيْدِيهِمْ نَجَوْا، ونَجَوْا جَمِيعاً»
«Аллахтын мыйзамдарына баш ийген адам менен аларга амал кылбаган киши кемеде шерик болгон бир топ адамдарга окшойт. Кээ бирөөлөрү кеменин жогору бөлүгүнөн, кээ бирөөлөрү болсо ылдыйкы бөлүгүнөн оруп алышты. Кеменин ылдыйынан орун алгандар суу ичмекчи болушса, жогорудагыларды басып өтүшөт эле. Ошондо алар жогорудагылардын тынчын албай, ушул жерден тешип алсакчы, деп калышты… Кемедеги шериктер аларды өз абалына таштап коюшса, бардыгы курман болушат. Эгер, аларды колунан кармап токтотуп калышса, өздөрү да, кемедеги шериктердин баары да нажат табат».
Мына, тил бириктиргендер жана соодагерлер «козголоңдогу өз үлүшүн» кемени тешүү менен алууга аракет кылышууда. Эгер, жогорудагылар алардын милдети аларды колунан кармап, токтотуп калуу экенин түшүнүп жетишпесе, кыйроо баарына жетет. Нажат ушундай, козголоңчулар жана маселе ээлери демилге тизгинин колго алып, кан соодасына чекит коюулары о.э. Шам козголоңу жана анын курмандары текке кетирилишин токтотуп калуулары керек.
Токтотуп калуу үчүн алгач сапты аң-сезимдүү түрдө тандоо, кийин ушул сапты иш жүзүндө тартипке келтирип, Шам калкы арасындагы чынчыл адамдар менен толтуруу жана тил бириктирүүчүлөргө алакасы бар болгон кимселерден, ал тургай, дагы эле акыйкат менен батылды ажыратпай, дос ким, душман ким экендигин тааныбай алданып жаткан адамдардан да саптарын тандап алуу керек. Саптын тартипке салынышы үчүн албетте бул сап калыс чынчыл адамдар менен толушу, Аллах берген мүмкүнчүлк жана аракеттер бир жайга топтолуп, Аллах ыраазы боло турган ишке гана жумшалышы керек. Аллах ыраазы боло турган иш режимди кулатуу жана Исламды бийликке алып чыгуудан башка нерсе эмес. Бул болсо, Аллахтын арканын бекем кармоо жана улуу Ислам долбоору айланасына биригүүсүз эч качан ишке ашпайт.
Билип алайлы, уурдалган токтомду кайтарып алуу, батылга каршы туруп, андан сактануунун төлөмү сүкүт кылуу, күтүү жана токтомду кайтарып алууну кечиктирүү төлөмүнөн кыйла жеңил. Расулуллах ﷺ айткан:
«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللَّهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَاباً مِنْهُ ثُمَّ تَدْعُونَهُ فَلَا يُسْتَجَابَ لَكُمْ»
«Жаным колунда болгон Затка ант, силер албетте маъруфка буйруп, мункардан кайтарасыңар, антпесе Аллах силердин үстүңөргө Өз алдынан бир жаза жиберет. Кийин дуа кыла бересиңер (бирок) дуаңар кабыл алынбайт».
Роя гезити, №415, 2022-жыл, 2-ноябрь.