2023-жылкы Судан бюджетинин долбоору жөнүндө

368
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

2023-жылкы Судан бюджетинин долбоору жөнүндө

 Устаз Насир Риза (Абу Риза)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы

борбордук алакалар комитетинин төрагасы

Бюджет долбоору – бул мамлекет тарабынан келерки жылда мамлекеттин киреше жана чыгаша боюнча сунуш. Бюджет жылдын аягында сунушталып, киреше жана чыгашанын көлөмү болуп эсептелет. Бюджет долбоору жыл башталардан мурда сунуш кылынат, күтүлүп жаткан киреше жана каражаттарды түшүндүрөт. 2022-жылы 3-октябрда Судан финансы министри Жибрил Ибрахим ушул тармактын техникалык адистеринин комитети менен жолугушту. Бул бюджет долбоорун үйрөнүп чыксак, бюджет Инказ өкмөтүнүн акыркы эки жыл ичиндеги кылмыштарын тастыктап турганына күбө болобуз.

Судан өкмөтү өз иштерин Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банкка толук тапшыргандан кийин 2018-жыл үчүн бюджет белгиледи. 2018-жылы өлкө калкы башынан өткөргөн эң каргаша жыл болду, себеби, баа абдан көтөрүлдү жана Инказ өкмөтүнүн кулашын тездетти. Өткөөл өкмөт келген соң, өкмөт колонизаторлордун дагы ошош малайлары – мурунку премьер-министр Абдуллах Хамдук жана финансы министри Ибрахим Бадавий – тарабынан башкарылды. Бул эки адамдын автобиографиясы алар ондогон жылдар Эл аралык Валюта Фондунун куурчактары катары колонизаторлуктун кызматкерлери болушканын ырастап турат. Өткөөл өкмөт Судан валютасынын курсун эркиндештирүү менен ушул кылмышка кылмыш кошту. Анын кыйматы кескин түрдө түшүп, инфляциянын эки эсе көтөрүлүшүнө жана баанын кымбатташына алып келди. Ибрахим Бадавийдин айлык маянаны 600%га көтөрүшү жана бул чоң өлчөмдөгү акчаны талап кылышы абалды ого бетер курчутту.

2023-жыл үчүн сунушталган бюджетти карап чыгып, ушуларды аныктадык:

Сунушталып жаткан бюджет долбоорунун жалпы багыттарындагы биринчи пункт: валюта курсун турукташтыруу жана инфляцияны төмөндөтүү аркылуу бекем экономикалык туруктуулукка жетишүү. Бул – өкмөттүн жалганы. Себеби, ал көп өлчөмдө накталай акча төгүп, миң жунайх өлчөмүндө номиналдык накталай валюта басып чыгарат имиш. Бул кадам валютанын кунсузданышын, курстун жогорулашын түшүндүрөт жана бул экономикада баарына белгилүү нерсе!

Жалпы директиваларга келсек, аларда ички дүң продукциялардагы фискалдык жана салык аракеттеринин ставкаларын регионалдык даражада көтөрүүнү камтыган. Албетте, бул – капиталисттик түзүмдүн кылмыштарынын бири. Себеби, капиталисттер мамлекеттин ички дүң продукциядан алуучу салыктын ставкасы кеминде 15% болушу керек деген чечимге келишкен. Судан финансы министри жана салык инспекциясынын директору өлкөдө ички дүң продукциянын салык ставкасы 7%дан ашпарын айтып жатат. Демек, бул, Судан калкын салыктарды дагы эки эсеге көтөрүү, бааларды кымбаттатуу, инфляцияны жогорулатуу жана валюта курсун төмөндөтүү сыяктуу нерселер күтүп турганын түшүндүрөт.

Үчүнчү пунктта кыйын абалдагы өкмөт бөлүмдөрү жөнүндө токтомдор кабыл алынганы айтылган. Бул болсо, мамлекеттин кызыкчылыктары жана мамлекет бөлүмдөрүнүн дагы да көбүрөөк менчик секторун пайдасына менчиктештирилип жатканына, ушул таризде субъекттерге камкордук көрсөтүүнүн ордуна алардын кызыкчылыгын пайда көрүү ордуна айлантып жатылганынан кабар берет.

Өкмөттүн колонизатордун кызыкчылыгына малайлык кылып жатканына дагы бир далил: жалпы директивалар жөнүндөгү пунктта чет элдик инвестицияны жандантуу жана бардык тармактарда мыйзамдагы процессуалдык тоскоолдуктарды алып салуу каралган… Бул колонизаторлордун Судан байлыктарын жана ресурстарын уурдоого ачыктан-ачык жол ачып берүү болуп эсептелет.

Бюджет долбоорунун экинчи пунктундагы «ресурстарды көбөйтүү үчүн жаңы реалдуу киреше булактарын иштеп чыгуу» деген жайы анын эң чоң караланган жери болду. Бул долбоор боюнча жаңы-жаңы ыкмалар ойлоп табылып, ушул аркылуу мамлекеттин кирешелерин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз дегенди түшүндүрөт. Мисалы, ыплас капиталисттик менталитеттин ойлоп тапкан ачылыштарынын бири ушул болду – Судан өкмөтү өлкөдөгү тилемчилерди камакка алуу кампаниясын өткөрдү жана ар бир тилемчиге күнүнө 2000 жунайх төлөм белгиледи.

Экинчи пунктка ылайык мамлекет жергиликтүү нефть продукцияларынан алына турган кирешени көбөйтүүдө жана бул үчүн нефть баасына кошумча салык жана жыйымдарды белгилөөдө… Адамдарга жеткирип берүү акысыз болушунун ордуна жыйымдар адамдар мойнуна түшүүдө жана муну менен мамлекет мал-мүлктү уурдап жатат.

О.э. жетинчи жана сегизинчи пункттарда мамлекеттик органдар үчүн административдик жана кызматтар үчүн төлөмдөрдүн түрлөрү жөнүндө сөз болот. Муну менен бирге, мамлекеттик мекемелерге бажы жана өндүрүш жыйымдары жана башкаларды жүктөйт. Негизи, мамлекеттик мекемелер пайда келтире турган эмес, кызмат көрсөтө турган мекемелер. Сунушталган бул бюджетте «мамлекетке караштуу компаниялар алектенген бизнес үчүн бажы төлөмдөрү киреше соодасы негизинде салынат, кызмат көрсөтүү негизинде эмес» делген. Бул болсо адамдар кыйынчылыгын дагы көбөйтөт жана бааларды дагы да көтөрөт. Расулуллах ﷺ айтат:

«مَنْ دَخَلَ فِي شَيْءٍ مِنْ أَسْعَارِ الْمُسْلِمِينَ لِيُغْلِيَهُ عَلَيْهِمْ فَإِنَّ حَقّاً عَلَى اللَّهِ تَبَارَكَ وَتَعَالَى أَنْ يُقْعِدَهُ بِعُظْمٍ مِنْ النَّارِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ»

«Кимде-ким мусулмандардын бааларына аралашып, кымбатттатса, Аллах Табарака ва Таала Кыямат күнү аны тозок отуна салууга акысы бар».

О.э. биринчи пунктта күйүүчү май, электр энергиясы, суу, канализация жана башкалар үчүн баалар товарларды жеткирип берүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн сунушуна ылайык белгилениши айтылган. Бул пункттан мамлекет адамдардын жашоосунун эң маанилүү маселелеринде иштерин камкордук менен башкаруудан ачыктан ачык баш тартып жатканы, өз кезегинде, бул алардын жараларына туз сээп, азап кыйынчылыктарына кошумча болуп жатканы көрүнүп турат. Расулуллах ﷺ:

«يَسِّرُوا وَلاَ تُعَسِّرُوا»

«Жеңилдеткиле, оорлоштурбагыла», деп айткан. Аиша розияллаху анха риваят кылган хадисте:

«اللَّهُمَّ مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئاً فَشَقَّ عَلَيْهِمْ فَاشْقُقْ عَلَيْهِ وَمَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئاً فَرَفَقَ بِهِمْ فَارْفُقْ بِهِ»

«Аллахым, ким Умматымдын ишине башчы болуп, аларга кыйынчылык кылса, Сен да аларга кыйынчылык кыл, ким Умматымдын ишине башчы болуп, аларга жеңилдик кылса, Сен да аларга жеңилдик кыл», – деген.

Тыянактап айтсам, мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер колдонуп жаткан капиталисттик түзүмдүн бюджети Умматтын байлык жана ресурстарын уурдоо жана жок кылуудан башка нерсе эмес, буга саткын жана малайлардан башкасы барбайт. Алар жөнүндө Жейкоб Ротшильд мындай деп туура айткан: «Алардын башына ушундай өкүмдарларды коюп жатабыз, алар өз калкынын байлыктарын талап-тоноп, аларды АКШ жана Батышка жайгаштырып жатат… Калк аларга каршы чыгышса, өз мал-мүлкүнөн өздөрүнө кредит берип жатабыз. Бул үчүн биз алардын арасынан бизге кызмат кылган адамдарды финансы министри кылып койсок жетиштүү. Кийин алар бизден алган кредиттерди сүткордук пайыздары менен бир нече эсе кылып кайтарышат». Кафирлер байлыктарыбызды бир нече эсе кылып алышууда жана тынымсыз бизди талап-тоношууда. Мындай кыйратуучу абалдан чыгуунун жалгыз жолу – бүгүнкү саткын малай режимдерди кулатып, Набий ﷺ башарат кылган жана убагы келип калган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети көлөкөсүндө исламий башкарууну тикелөө.

 Роя гезити, №415, 2022-жыл, 2-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here