Британия – кылмыш жана мусийбаттардын энеси

1019
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Британия кылмыш жана мусийбаттардын энеси

 Шейх Исам Амира – Байтул Макдис

Биз, мусулмандардын Британиядан улуу тарыхий өчүбүз бар. Ислам мамлекети бүткүл дүйнөгө динди жеткирди, адамдар Аллахтын динине топ-топ болуп кирип келди. Он кылымдан ашуун дүйнөнүн үчтөн бир бөлүгүндө тынчтык жана коопсуздук өкүм сүрдү. Ушул доордо кылмыштар көрсөткүчү азайды, кулдук бүтүндөй токтотулду, жакырчылык жана сабатсыздык жоюлду жана илим-билим гүлдөп өстү. Мына ушундай учурда Британия кара ниеттүү колонизатор мамлекет катары ортого чыкты. Жер жүзүнө бузгунчулук менен кадам шилтеди, өз таасирин мусулман жана кайрымусулман калктардын байлыктарын талап-тоноо жана канын соруу акысына күчөттү, бүткүл чыгыш өлкөлөрүнө өз империясын орнотту.

Биз ири мамлекеттердин кылмыштары менен бирге, Британиянын саясий, аскерий жана экономикалык аракеттерин кылдат үйрөнсөк, дүйнөнүн беш континентиндеги кризистерди чыгарган да, көпчүлүк өлкөлөрдүн калкынын курамын өзгөрткөн да, Австралия сыяктуу өлкөлөрдө түпкү калкын жок кылган да, исламий өлкөлөрдөгү мусулман калктар арасында фитналарды чыгарып, улутчулдук жана мекенчилдик чыр-чатактарын келтирип чыгарган да мына ушул Британия экенине күбө болобуз. Акыбетте, ал мусулман өлкөлөрүн биринин артынан бирин кемирди, эгемендүүлүк берүү маскасы астында ири көлөмдөгү көптөгөн жерлерди Усманий Халифалыктан сууруп алды. Бул өлкөлөрдө бийликти тартып алып, аны бутпарастарга, буддисттерге, индустарга берди. Британия 1924-жылы Халифалык мамлекетин кулатканга чейин Халифалыкка каршы тынымсыз аракет кылууну улантты. Акыркы Усманий халифаны өлкөдөн кууп чыгарып, Аллахтын динине топ-топ болуп кирген адамдарды андан топ-топ кылып чыгарып жиберди! Бүткүл дүйнөнү эки дүйнөлүк согушка тыгып, миллиондогон адамдын набыт кылган да, Европа мамлекеттеринин көпчүлүгүнүн кыйроосуна себеп болгон да, Россияны ойрондуга айлантып, АКШны Африка жана Азиядагы өкүмдарлык кылып жаткан мамлекеттерде оор проблемаларга туш кылууга аракет кылган да Британия болот.

Бул мамлекет Ислам мамлекетин кулатуу менен эле чектелбеди, оболу саясий Халифалык түзүмүн өзгөрткөндөн кийин мусулмандарды өз жеринде куугунтуктады… О.э. экономикалык, социалдык, таалим жана башка тармактарда үй-бүлө мыйзамдарын өзгөрттү… Ушунча жарааттарга кошумча, Шам өлкөлөрүнүн жүрөгү болгон Фалестинге уу канжар катары яхудий вужудун сайып, анын калкын өз өлкөсүнөн чыгарып жиберди… Ушул мамлекет Фалестин каргашасына, кордукка, бактысыз жашообузга себеп болду… Дал ушул мамлекет бүткүл мусулкандарды исламий шахсияларын жоготуп, селдин көбүгүнө айлантты… Ушул мамлекет Ислам малекети бекер кылган кулдукту кайра тирилтти. Улуу ахрар уламаларыбыздын бири: «Энелер өз перзенттерин эт жана сөөктөрүн өстүрүү үчүн эмизгендей перзенттериңерди Британияны жек көрүү үчүн азыктандыргыла», – деген!

Мен Британияга барганымда экономикасы башка калктардын байлыктарын талап-тоноодон башка таянычка ээ болбогон мамлекеттин инфраструктурасы өтө өнүккөнүнө күбө болдум. Британия музейине кирдим, бирок, ал жерде мамлекеттин өзүнө тиешелүү бир да бөлүмдү таба албадым, балким, исламий бөлүм, грек бөлүмү, Фиръавн бөлүмү жана башка бөлүмдөрдү көрдүм. Бул болсо, Британия элдердин хазаратынын уурусу экенин ачык көрсөтүп турат.

Эгер, Британиянын өзгөчө мусулмандарга каршы кылмыштарын санап, кеңири токтолууну кааласак, бул жерге таптакыр сыйбайт. Бирок, биз Мисир, Судан, Аракан, Индия, Яман, Сомали, Ливия, Түндүк Африка, Батыш Африка, Чыгыш, Ирак, Сирия, Ливан, Фалестин жана башка көптөгөн өлкөлөрүбүздөгү жарааттарыбыздан агып жаткан кандар Британия сайган канжар себептүү экенин, ал дагы эле Ислам Умматынын денесине соккуларды берип жатканын катъий айта алабыз. Мусулмандар арасында терең тамыр жайган жакырчылык, сабатсыздык жана карама-каршылыктар да ушул айлакер Британиянын кылмышы экенин ишеничтүү баса белгилей алабыз. Эгер, биз Британиянын мусулмандарга карата кылмыштары үчүн сот уюштурмакчы болсок, анын кылмыштары жана келтирген бактысыздыктары абдан көп болуп, бул үчүн бир кылым да жетпейт. Ошондуктан, ага кылмыш жана мусийбаттардын энеси деп лакаб койсок, акыбыз бар жана ал ушуга татыктуу. Халифалык кошууну алдында Британиянын жеңилишин жана Ислам менен башкарылышын көргөнгө чейин… Британиянын күнү түбөлүк батып, аны менен бирге айла-амал, тузактар да жок болушун жана адамзат таарыхындагы эң жийиркеничтүү заман болгон Британия королдугу заманы жоюлушун көргөнгө чейин, бул мамлекетке болгон жүрөктөрүбүздөгү жек көрүү оту өчпөйт.

Баса белгилеп айтсак, Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин мусулман өлкөлөрүндөгү араб-ажам, бардык өкүмдарлар Британияга малай болушту. Бул мамлекет алардын көпчүлүгүнө өкүмдарлык кылды жана дагы эле ушундай болуп турат. Алардын тынчтык жана согуш саясатын, разведка аракеттерин, баарынан да маанилүүсү динди тикелөө жана кайра Халифалыкты тирилтүү үчүн иш алып барып жаткандарга каршы саясаттарын ушул колонизатор мамлекет түзүп берүүдө.

Өкүмдарларды Аллах кыйратсын. Себеби, алар Аллахтын шариятын бекер кылып, адамдарга кыйынчылыктарды туудурушту. Алардын ыплас башкаруулары доорунда жакырчылык көбөйдү, сабатсыздык күчөдү жана Пайгамбарыбыз ﷺдын ушул сөздөрү дагы бир ирет өз тастыгын тапты:

«مَنْ أُذِلَّ عِنْدَهُ مُؤْمِنٌ فَلَمْ يَنْصُرْهُ وَهُوَ قَادِرٌ عَلَى أَنْ يَنْصُرَهُ أَذَلَّهُ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ عَلَى رُءُوسِ الْخَلَائِقِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ»

«Кимдин алдында бир момун кордолсо жана ага жардам берүүгө кудуреттүү болуп туруп жардам бербесе, Кыямат күнү Аллах Азза ва Жалла аны калайык алдында кор кылат».

Бирок, мусулмандар арасында аларды ойготуу үчүн иш алып баруучулар майданга чыккандан кийин Аллахтын нусратына болгон үмүт күчөдү. Уммат ушунча бактысыздыктардын кийин Исламсыз азаттык жок экенин, Ислам мусулмандардын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетисиз күч-кубатка толбошун түшүнүп жетишти. Бул нусрат күнүнө жакын калганын, азыркы залим падышалык артынан анын белгилери көрүнүп жатканын, аны тикелөө үчүн олуттуу аракет кылып жаткандарга нусрат берүүнү Аллах Субханаху ушул аятында убада кылганын түшүнүштү:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً﴾

«Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдар кылгандарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт»                                                [24:55]

О.э. мусулмандар Расулуллах ﷺдын имам Ахмад риваят кылган хадиси шарифте залим падышалыктан кийин Халифалыктын тикелениши туурасындагы ушул сөздөрүн да түшүнүштү:

«ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

Аллахым, бизди ушул Халифалык мамлекетинин күбөлөрү жана аскерлери кылгын. Ушул мамлекетибиз Британиядан жана башка америкалык, россиялык, кытайлык канкорлордон өч алышын өз көзүбүз менен көрүүбүздү насип кыл.

﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт»  [12:21]

 

Роя гезити, №415, 2022-жыл, 2-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here