Аллахтын нусрат жөнүндөгү убадасы жүзөгө чыгышынан мурун келе турган сыноолор жана нусрат белгилери (Биринчи бөлүк)

379
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Аллахтын нусрат жөнүндөгү убадасы жүзөгө чыгышынан мурун келе турган сыноолор жана нусрат белгилери

(Биринчи бөлүк)

 Устаз Мухаммад Жамиъ (Абу Айман)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы

расмий сүйлөөчүсүнүн жардамчысы

Мусулмандардын туйгусун жасалма козгогон окуялардан аларды атайылап түшкүндүккө түшүрүү о.э. кайратын сындырып, үмүтсүздүк пайда кылуу көздөлөт. Мисалы, исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары мусулмандарга зыян жеткирген жана аларга каршы кылмыштарды жасаган колонизатор Британия королевасынын аза ырасымына чуркап барышканын көрүп жатабыз. Же АКШнын Судандагы элчиси өзүн тынчтык көгүчкөнү катары көрсөтүп, үй-бүлөлөрдү, айылдарды, аксакалдарды зыярат кылып жатканына жана жакырларды барып көрүп жатканына, жолугушууларды уюштуруп, конференцияларга катышып жатканына, ал тургай, өлкөнүн учурдагы жетекчиси сыяктуу билдирүүлөрдү берип жатканына күбө болуп жатабыз. Бирок, дүйнөдөгү, айрыкча, мусулман өлкөлөрүндөгү бардык карамүртөздүк жана кылмыштардын автору Америка экени баарына белгилүү.

Шексиз, бул колонизатор мамлекеттер малай өкүмдарлардын жардамында өлкөбүздө кризис жана кырсыктарды чыгарышууда, пландарды түзүп, фитналарды козгошууда, коопсуздук кызматкерлеринин жана расмийлердин басымын күчөтүп, жаман абал, оор турмуш пайда кылышууда… Булардын баары айрым адамдарды түшкүндүк жана үмүтсүздүккө салып жатат, «мындай абалда бизге нусрат келеби» дегендер чыгууда?!

Нусрат бул ушундай ниъмат жана белек-тартуу болуп, Аллах аны калыс пенделерине берет. Аны кээде тез берсе, кээде кечиктирет. Мунун хикматын жалгыз Өзү билет. Нусрат менен адамдарды сынайт, кечиктирүү менен бекем тургандарды жана калыстарды жеңилип, моюн сунгандардан ажыратып алат. Адамдын нафси жакшылыкка умтулуучу, азарга сабыр кылбай турган экендиги Аллах Тааланын мыйзамынан белгилүү:

﴿وَلَوْ يُعَجِّلُ اللَّهُ لِلنَّاسِ الشَّرَّ اسْتِعْجَالَهُم بِالْخَيْرِ لَقُضِيَ إِلَيْهِمْ أَجَلُهُمْ

«Эгер, Аллах бул адамдарга жакшылыкты тез келтиргени сымал жамандыкты да тез кылганда, албетте, алардын ажалы жеткен болор эле»                                                   [10:11]

Көбүнчө жакшы учурлар жаман учурлардын артынан келет, тынчтык балээ-сыноодон кийин болот. Адам көп иштерди жакшы деп ойлойт, бирок алар жаман болот, башка иштерди жаман деп эсептейт, бирок алар жакшы болот.

﴿وَعَسَى أَن تَكْرَهُواْ شَيْئاً وَهُوَ خَيْرٌ لَّكُمْ وَعَسَى أَنْ تُحِبُّواْ شَيْئاً وَهُوَ شَرٌّ لَّكُمْ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لاَ تَعْلَمُون

«Силер өзүңөр үчүн жакшы болгон нерсени жактырбашыңар жана силер үчүн жаман болгон нерсени жакшы көрүшүңөр мүмкүн. Аллах билет, силер билбейсиңер»                              [2:216]

Ислам Умматы тарыхта күчтүү соккуларга туш болду, ал тургай, ал соккулар дагы эле уланууда. Мисалы, тарыхта монгол-татарлардын чабуулдары, кресттүүлүк согуштары болду жана Аллах Таала Умматка калыс эр кишилерди берип, алар саптарды бириктиришти. Натыйжада Уммат душманы үстүнөн жеңишке жетишти. Учурда да, айрыкча, Халифалык кулатылгандан кийин чабуулдар уланып, өлкөлөрүбүзгө колонизаторлор кирип келүүдө: Фалестин басып алынды, анын калкы кыргын кылынды, көчүрүп жиберилди… Акса яхудийлердин колунда туткун калды, яхудийлер аны күнү-түнү тебелешүүдө… Босния жана Герцеговинада аялдар зордукталды… Чеченстан тартып алынды… Уйга сыйынган индустар мусулмандарга кол салышууда… Бутпарастар рохинжа мусулмандарынын башына эмне деген кырсыктарды алып келишпеди… Борбордук Африкада христиандар мусулмандарды жырткычтык менен кыргын кылышты… Ирак жана Ооганстан ойрон кылынды… Судандын түштүгү бөлүндү ж.б.у.с. Булардын баары исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары, уламалары жана малайларынын үрөй учурган тил бириктирүүлөрү менен ишке ашты.

Ооба, бул окуялар жана оор соккулар Умматтын кээ бир перзенттерине таасир кылып, силкинтти. Бул жактан колонизатор мамлекеттер мусулмандарга каршы пикирий жана сакафий күрөш алып барып, шаръий далилдер жөнүндө күмөн ойготууга жана Аллах Тааланын көптөгөн өкүмдөрүн жаманатты кылууга, бир катар исламий түшүнүктөрдү бузууга аракет кылып жатышат. Мунун тушунда бузгунчу куфр пикирлерине үгүттөп, Ислам өкүмдөрүн мамлекет жана коомдо колдонууга даъват кылып жаткан адамдарга басым өткөрүшүүдө, аларды куугунтуктап, өмүрлөрүнө, мүлктөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө зыян жеткиришүүдө. Мындай аёосуз күрөш кээ бирөөлөрдүн эркин алсыратты. Кимдир бирөө чечимин өзгөртүп, Батыштын кербенине кошулду. Кимдир бирөө тынч-саламат жүрүүнү, дүйнөнү сүйүп, сүкүт кылууну абзел деп билди. Кимдир бирөө үмүтсүздүк жана түшкүндүккө түшүп, Умматтын фатхка жана жакын нусратка жетүүсү кыйын деп билди. Бирок, Уммат баатырларынын берешен бир тобу акыйкат үчүн күрөштү улантышты, аска сымал бекем турушту, окуялар аларды титиретүүгө, фитналар өзгөртүүгө, азап-кыйынчылыктар кайраттарын сындырууга кудурети жетпеди. Аларда Расулуллах ﷺдын ушул сөздөрү өз тастыгын тапты:

«لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي ظَاهِرِينَ عَلَى الْحَقِّ لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَذَلَهُمْ حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ كَذَلِكَ»

«Умматымдан бир тайпасы акыйкат үстүндө бекем турушат. Жардамсыз калтыргандар аларга зыян жеткире албайт. Алар Аллахтын буйругу (Кыямат күнү) келгенге чейин ушул абалда өзгөрбөй турушат». (Муттафакун алайх).

Ооба, Уммат башкаруучусун, жетекчисин, бийлигин жана мамлекетин жоготкондон кийин, халифасыз, имамсыз, командачысыз калган соң, бузулуу жалпы кеңири жайылды. Расулуллах ﷺ айтат:

«الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам-халифа – артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан».

Бүгүн мусулмандардын өкүмдарлары Умматка имам да болушкан жок, жетекчи да, башкаруучу да болушпады. Тескерисинче, алар Умматка балээ болушту. Расулуллах ﷺ айтат:

«إِنَّهَا سَتَأْتِي عَلَى النَّاسِ سِنُونَ خَدَّاعَةٌ؛ يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ وَيُخَوَّنُ فِيهَا الْأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ. قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: السَّفِيهُ يَتَكَلَّمُ فِي أَمْرِ الْعَامَّةِ»

«Албетте, адамдарга алдамчы жылдар келет. Ал жылдарда жалганчы чынчылга, чынчыл болсо жалганчыга чыгарылат, саткынга аманат тапшырылат, аманаткөй саткынга чыгарылат. Ал жылдарда рувайбиза сөз сүйлөйт». «Рувайбиза ким?», – деп суралды. Расулуллах: «Элдин иши туурасында сүйлөгөн болбогур кимсе», – деп жооп берди». (Имам Ахмад муснады).

Ооба, Ислам Умматы кошуундарды башкарып, Ислам байрагын көтөргөндө чептерди бузган эр кишилер, баатыр жана каармандар чыкты жана бүткүл дүйнөгө изгилик жайышты. Жардам сураган алсыздарга жардам көрсөттү, башбаанек сурагандарга башбаанек берди. Бир риваятта айтылат: Умар ибн Хаттаб розияллаху анху Шамга барганда кошуундар аны тосуп алганы чыгышса, анын үстүндө изар (дененин ылдыйкы бөлүгүн ороп туруучу мата), бутунда көлөч, башында селде болот жана өзү төөсүн башынан кармап алып, суугарып жаткан болот. Алар: «Оо, момундар амири, сизди Шам жолунда кошуун күтүп алды, сиз болсо ушул абалда жүрөсүз», – дешет. Ошондо Умар розияллаху анху мындай дейт: «Биз Аллах Ислам менен азиз-күчтүү кылган элбиз. Демек, Исламдан башка жерден азиздик издебейбиз».

Кескин жана катъий айтабыз: Аллах Тааланын уруксаты менен, биз ошол сыймыктуу абалга албетте кайтабыз, Аллахтын убадасын жана Расулу ﷺдын башаратынын кушкабарын албетте көрөбүз. Ушул себептен улам, бар күч жана мүмкүнчүлүктү жумшап, бул ийгиликсиздиктерди жоюшубуз, башараттарга умтулуп, сыноолорго сабыр кылышыбыз керек. Шексиз, нусрат Аллах Субханаху Өзү билген саатта албетте келет. Бизден талап кылынганы – жер жүзүндө Ислам башкаруусун тикелөөгө аракет кылуу. Ар бирибиз өз ордубузду билүүбүз шарт: өз милдетибизди аткардыкпы, Ислам бизден талап кылган иштерди жасадыкпы?! Же дуняга берилдикпи, кыйынчылыктар жана окуяларга таасирлендикпи, Исламга жардам берүү амалынан таштадыкпы, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө даъват кылбадыкпы?!

(Уландысы бар).

 Роя гезити, №415, 2022-жыл, 2-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here