بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Абдулазиз Хулв жазадан кутулган соң чектен чыкты
Абдулхалик Абу Али
Хизб-ут-Тахрирдин Судан
вилаятындагы малымат бөлүмүнүн мүчөсү
«Сайха» гезитинин кабарында айтылгандай, Батыш Кордофан районундагы Лакава шаары өкүнүчтүү окуялар артынан каргаша абалды башынан өткөрүүдө. Бир нече адам каза болуп, жарадар болушуна себеп болгон бул окуялардан кийин, шейшемби күнү дагы абал курчуп, адамдар өз үйлөрүн таштап, чыгып кетүүгө мажбур болушту. Райондун коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө кийинки окуялардын курчушунда Судан Азаттыгы Элдик Кыймылынын Абдулазиз Хулв күчтөрүнүн колу бар экени баса белгиленди.
Батыш Кордофан районунун коопсуздук кызматы Абдулазиз Хулв күчтөрүнүн Лакава шаарында токтобой жаткан чыр-чатакка байланышы бар деп айыптады. Коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө айтылгандай, «окуялардын 2022-жылы 18-октябрь күнү кайра күчөшү Азаттык Элдик кыймылынын 120-мм жана 72-мм миномёттору о.э. жеңил куралдар менен шаарды аткылашына байланыштуу. Бул абал адамдардын жүрөгүнө коркуу салып, көчүү жараянынын күчөшүнө алып келген». О.э. билдирүүдө «Элдик Кыймылдын аралашуусу коопсуздук кызматынын абалды табигый изине кайтаруу үчүн алып барган аракеттерине тоскоолдук кылганы» баса белгиленди о.э. Элдик Кыймыл ок атууну токтотуу жөнүндөгү буйрукка баш ийбегени үчүн караланды.
Лакава шаарынын согуштан качып, бардык мал-мүлкүн жоготкон жана көчөдө калган калкы өлкөдөн тышкарыда туш болуп жаткан кыйынчылыктар жөнүндө «Сайха» гезитине айтып, бул абал токсонунчу жылдардагы биринчи козголоңдон кийинки болуп көрбөгөн оор абал деп аташты. О.э. мажбурий көчүү проблемалары, сыноолор жана кайгылардан арылуу үчүн борбордук өкмөттөн жазна гуманитардык уюмдардан башбаанек, азык-түлүк, дары-дармек жана ичимдик суусу сыяктуу зарыл каражаттар менен жардам берүүнү талап кылышты.
Бул өлкөдө кырсыктар адаттагы көрүнүшкө айланып калды. Эч бир ай бул сыяктуу кандуу окуяларсыз өтүшү түшкө да кирбей калды. Негизи, салык чогултуудан башка кайгысы болбогон жана адамдардын иштери үчүн кам көрбөгөн күчсүз мамлекеттен мындан башка эмнени да күтсө болот?! Бул мамлекет адамдарга камкордук кылуу, аларды жана мал-мүлктөрүн коргоо дегенди билбейт! Бул мамлекеттеги өкүмдарлар Расулуллах ﷺ ушул хадисте сыпаттаган кимселерден: Авф ибн Малик G риваят кылат, мен Расулуллах ﷺдын мындай дегенин уккам:
«خِيَارُ أَئِمَّتِكُمْ الَّذِينَ تُحِبُّونَهُمْ وَيُحِبُّونَكُمْ، وَيُصَلُّونَ عَلَيْكُمْ وَتُصَلُّونَ عَلَيْهِمْ، وَشِرَارُ أَئِمَّتِكُمْ الَّذِينَ تُبْغِضُونَهُمْ وَيُبْغِضُونَكُمْ، وَتَلْعَنُونَهُمْ وَيَلْعَنُونَكُمْ»
«Имам-жетекчилериңердин жакшылары – силер аларды жакшы көргөн, алар да силерди жакшы көргөн, силер алардын акысына дуа кылган, алар да силердин акыңарга дуа кылгандары. Ал эми, имам-жетекчилериңердин жаманы – силер аларды жаман көргөн, алар да силерди жаман көргөн, силер аларды наалаттаган, алар да силерди наалаттаганы». Ооба, ушундай, бүгүнкү күндөгү өкүмдарлар бизден эмес, биз алардан эмеспиз. Эгер тигил Хулвду тыйып, эсин таанытып коё турган адам болгондо ал мындай кылмыштарга батынмак эмес, андай кылууну оюна да келтирбейт эле.
Оболу Түштүк Кордофан Элдик Кыймылы «Бабанга» радиосуна интервью берип, анын бөлүктөрү Кадуглу аэропортун бомбалап, учуу-конуу тилкелерин бузуп салгандан кийин Кадугли шаарын үч багыттан курчоого алганын айткан. Бул аэропортту эки күн аба каттамдарын жабууга мажбур кылды. Абдулазиз Хулв кыймылынын төрагасынын маалымат кеңешчиси Камар Далмандын «Бабанга» радиосуна айткан билдирүүсүнө ылайык, Кадуглу аэропортун бомбалап, аба каттамдарын жабууга себеп болгон нерсе – бул Нуба тоолуу аймактарын күн сайын абадан бомбалоо үчүн ушул аэропорттон пайдаланылганы о.э. камсыздоо, транспорт жана жардам күчтөрү да ушул аэропорт аркылуу ишке ашырылганы. Башка тараптан, Далман өз жерлеринен чыгып кеткен жетимиштен ашуун адам бар экенин баса белгиледи.
«Аlraкoba.net» веб-сайтынын кабарына ылайык, Абдулазиз Хулв ошол убакта Улуттук Конгресс өкмөтүнө каршы чыгып, мамлекетти илманий мамлекетке айлантуу, демократияга өтүү о.э. Түштүк Кордофан, Көк Нил жана Дарфур проблемаларын чечүү боюнча келишим түзүлмөйүнчө согушту токтотпошун айтып: «Курал көтөргөн адамдар менен таптакыр сүйлөшүүгө барбайбыз», – деген. Судандагы өкүмдар Улуттук Конгресстин ошол убактагы маалымат катчысы Ибрахим Гандур мындай деди: «Хулв жетектеген Элдик Кыймыл үй-бүлөлөрдү жана катардагы жарандарды бутага алып, кыргын кылуу жана качкынга айлантуу аркылуу мекен жана мекенчилдерге каршы кылмыш жасоодо. Бул болсо, ушул Кыймылга катаал мыйзам менен мамиле кылууну шарттайт ».
Бул өкмөттөр өкүмдар болуп турган соң, бүгүн мусулмандар аны менен коргонуп, артында туруп согуш кыла турган жана бул малай Хулв сыяктуу күнөөкөр кылмышкерлерди тартипке салып коё турган калканы жок болгон соң, анын кылмыштары токтобойт.
Тарыхтагы жетекчилерибиз мусулмандарды жана алардын урматтуу нерселерин коргоодо чырайлуу үлгүлөрдү жана улуу каармандыктарды көрсөтүшкөн.
Мисалы, командачы Кутайба ибн Муслимди алып карагыла, Бухарадагы Пайкент шаарын фатх кылганда шаар калкы менен келишим түзүп, аларга валий дайындады жана аларга Исламды үйрөтүү үчүн бир топ мусулмандарды калтырды. Кутайба кайтып кеткенден кийин калк келишимди бузуп, валийди өлтүрүштү, шаардагы ар бир мусулманды өлтүрүп, мурун-кулактарын кесишти. Кутайба башка бир шаарды курчоого алып жатканда бул жөнүндө кабардар болду. Курчоону таштап, тезинен Пайкентке кайтты жана шаарды бир ай курчоого алып, дубалдарын кулатты. Шаар калкы аны менен кайра келишим түзүүнү сунуштаганда баш тартты. Себеби, момун бир тешиктен эки ирет чактырбайт. Шаарды кылыч менен фатх кылууда бекем турду жана мунун өтөөсүнөн чыкты. Ал жерде согуш кылгандарды өлтүрдү жана моюн сунгандарды туткунга алып, мал-мүлкүн олжо кылды. Бул позициясы кафирлерди коркууга салып, мусулмандар менен келишим бузбоо, Пайкентте болгондой кыянаттыкка барбоо үчүн үлгү болот. Кутайба мусулмандын бир тамчы каны да бүткүл жер жүзүндөгү куфр өлкөлөрүнөн кадырлуу экенин көрсөттү. Ушул фатхтагы кооз үлгүлөрдүн дагы бири – шаар калкын мусулмандарга каршы тукуруп, алар менен түзүлгөн келишимди бузууга үндөгөн кимсе көзү кылый бир кафир болуп, мусулмандарга туткунга түштү. Ал Кутайбага: «Мен өзүмдү куткарышым үчүн миңдеген баага ээ беш миң жибек кийим-кече берем», – деди. Кошуун амирлери Кутайбага ыраазы болууну кеңеш беришет. Бирок, ал баш тартып: «Жок, Аллахка ант, мен экинчи ирет сен себептүү бир мусулмандын зыян көрүшүн каалабаймын», – деп, аны өлтүрдү.
Ооба, рувайбизалар заманында биз таба албай жаткан күч-кубат позициясы мына ушундай. Бул Умматтын күч-кубаты жана даңкы Халифалык мамлекети аркылуу кайра тикеленет. Келгиле, бул Пайгамбарлык минхажы негизиндеги мамлекетти тикелөө үчүн амал кылалы.
Роя гезити, №415, 2022-жыл, 2-ноябрь.