Абдулваххаб Пенжвини: Илманийликтен көздөлгөн максат күрттөрдү акыйдадан алыстатуу

326
0

Абдулваххаб Пенжвини: Илманийликтен көздөлгөн максат күрттөрдү акыйдадан алыстатуу

 Түркиянын Диярбакыр шаарында өткөрүлгөн Аалымдар жана Медреселер уюму жыйынынын экинчи күнүндө илманийлик жана секуляризм жөнүндө сөз болду. Жыйында сөзгө чыккан Дүйнөлүк аалымдар биримдигинин Ирактагы Курдистан аймагынын өкүлү Ахмад Абдулваххаб Пенжвини “Күрт коомчулугунда илманийлик жана секуляризмдин бузуку таасирлери, ага каршы күрөшүү зарылдыгы жана аалымдардын жоопкерчилиги” деген темадагы докладында илманийлик жана секуляризмдин чыныгы жүзүн ачып таштады.

Илманийлик жана секуляризм эң зыяндуу нерсе экендигин айткан Пенжвини дин душмандары бул аркылуу мусулман күрттөрдү Ислам хазаратынын душманына айландырмакчы болуп жатканын баса белгилеп, жалпысынан мындай деди: “Илманийликтин негизги милдети күрттөрдү акыйдадан ажыратуу жана ар түрдүү жолдор менен аларды тавхидден алыстатуу. Ислам душмандары мусулмандарга каршы фитна уюштуруудан тыйылбайт”, “Крестүүлөр, сионистер жана бүгүнкү Кисролор тарабынан жаратылган эң зыяндуу нерселердин бири бул илманийлик. Себеби, илманийлик – бул динди турмуштун бардык тармактарынан ажыратуу жана аны турмуштан биротоло алыстатуу дегени”, “Күрттөр тышкы жана ички күчтөр тарабынан акылга сыйбай турган деңгээлде илманийлештирилип жатканына күбө болуп жатабыз”.

Комментарий: Акыйкатты ачык айткан аалымдарыбыздан Аллах ыраазы болсун. Чындыгында, куфр калкы илманийлик жана секуляризмди мусулмандарга тыгыштыруу үчүн аны кооздоп, жагымдуу кылып көрсөтүүгө аракет кылууда. Алар илманийликти элдер арасындагы тайпачылык, мазхабчылык жана расачылык сыяктуу илдеттерди жоё турган о.э. дини, расасы жана жашоо таризи кандай болушуна карабастан, адамдар арасында теңдикти пайда кыла турган башкаруу формасы катары көрсөтүүгө аракет кылууда.

Негизи, илманийлик жана секуляризм – бул динди мамлекеттен ажыратуу дегени. Т.а. илманий мамлекетте дин эч качан адамдардын турмуштук иштерине аралашпайт. Ал рухий ибадат жана жекече маселелерге чектеп коюлат. Саясат, экономика, мыйзамчылык сыяктуу маселелерде дин коомдук турмуштан биротоло четтетилет. Бул болсо, “адамдар өз турмушундагы проблемаларын чечүүдө Аллахтын өкүмдөрүнө муктаж эмес, адамдар проблемаларын өздөрү каалаган көрүнүштө чечет” дегенди түшүндүрөт. Илманийликтин чыныгы мааниси мына ушундай.

Бүгүнкү күндө Исламий дүйнөдөгү башкаруулардын бардыгы динди турмуштан, саясаттан жана Үммөт иштерин башкаруудан ажыратуу негизине курулган. Мындан көздөлгөн максат, мусулмандардын жашоосун Исламдан ажыраткан абалда өздөрүнүн каалоосуна ылайык тартипке салуу. Т.а. батыш мына ушул жол аркылуу өзүнүн турмуш жөнүндөгү көз карашын “элдин каалоосу” деген аталыш менен исламий өлкөлөргө атайылап тыгыштырууда. Себеби, ал Исламий башкаруу турмушка кайтып келишин эч качан каалабайт.

Ал эми баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, Мусулмандардын мамлекети илманий мамлекет болбойт, тескерисинче Исламий мамлекет болот. Мусулмандар өз мамлекеттеринде Исламды колдонушу шарт, бул ыймандын талабы. Себеби, Ислам кемчиликсиз дин болуп, андан турмуштук түзүм келип чыгат. Бул мамлекетте мыйзамдар көпчүлүктүн каалоосуна карап чыгарылбайт. О.э. исламий Үммөт илманий эмес, Раббоний болушу керек. Раббоний Үммөт болсо Роббисинин мыйзамдарын өз турмушунан алыстатып, анын ордуна пенделер тарабынан чыгарылган мыйзамдар менен жашоого ыраазы болбойт. Башкача айтканда, Раббоний үммөт Роббисинен жүз үйрүп, пендесине кул болуп жашоого эч качан ыраазы болбойт.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here