“Элдик курултай” тууралуу эмне дейсиз…

91
0

 “Элдик курултай” тууралуу эмне дейсиз…

Кыргызстанда 25-ноябрда “Элдик курултайдын” алгачкы жыйыны өтө турган болду. “Элдик курултай” институту КР конституциясынын 7-беренесине ылайык түзүлүүдө. Анын укук жана милдеттери “Курултай жөнүндө мыйзам” деген аталыштагы конституциялык мыйзам менен аныктала турган болуп, бирок, бул жаатта президент тарабынан сунушталган долбоор май айында парламентте колдоо тапкан эмес. Ушундан улам, президент конституциялык мыйзамсыз эле курултай өткөрө турган болуп, 16-августта “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Эми бул окуя каршысында, мусулмандар алдында бир нече суроолор жаралары табийгый: Шарият боюнча бул курултайга делегат болуп шайлануу жайизби? Ага өзүнөн өкүл кылып делегат шайлоо жайизби?..

Бул жааттагы шаръий өкүмдөргө ушул орган жана анын делегаттарынын укук жана милдеттерин билүү менен жетип барабыз. КР конституциясынын 7-беренесин о.э. “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыктын жалпы жобосунун 1-пунктун карасак, курултайдын иштери кеңештер жана сунуштар берүү экени айкын болот.

Аслинде бул иштер жайиз, бирок, мында алар кайсы негизде, кандай мыйзамдар алкагында алып барылганына маани берилет. Эгер Куран-Сунна негизинде, шарият өкүмдөрү алкагында кеңеш жана сунуштар берилсе – анда жайиз болот. Тескерисинче, эгер бул иштер демократия негизинде, андан келип чыккан мыйзамдар алкагында боло турган болсо – мында жайиз болбойт, мындай кылуу харам.

Ушундан улам, кайсы бир мусулман курултайга делегат болууну даъват үчүн бир услуб кылып тандап алса, анда кеңеш берүү, сунуш берүү иштери жалаң гана Куран-Сунна негизинде, шарият өкүмдөрү алкагында болорун жарыялоосу керек; о.э. демократия фикирлерин, империалисттик уюмдардын уставдарын жана келишимдерин, светтик конституцияны – айтор булагы Куран-Суннадан башка болгон бардык нерселерди негиз кылып албоого, жана дагы алардан келип чыккан мыйзамдар алкагында иш алып барбоого салым кошом деп жарыялоосу керек. Эгер делегат болуп калса, ушуларды жүзөгө чыгарууга жана курултайды даъват үчүн минбар кылып алууга астейдил аракет кылмагы даркер.

Ал эми делегатка добуш берүүгө келсек, добуш берүү – бул вакалат (өкүлдүк) түрлөрүнүн бири болуп, мында да каралат. Эгер талапкер демократия негизинде, андан келип чыккан мыйзамдар алкагында иш алып барарын билдирсе, же Куран-Сунна негизинде, шарият алкагында иш алып барарын жарыя кылбаса, андай талапкерге добуш берүү жайиз эмес. Анткени, харам иште вакалат берилбейт.

Булар Кыргызстанда болуп өтө турган курултайга тиешелүү шаръий өкүмдөр баяны болду.

Эй Кыргызстан мусулмандары! Бүгүнкү күн кудум Расулуллох r “Ал күндө динди бекем кармаган адам чок кармаганга барабар болот” деп башарат берген доорго окшойт. Анткени, акимдерибиз Ислам менен өкүм жүргүзүшпөйт, имамдарыбыз болсо акыйкатты айтуудан коркушат…

Ошондуктан, эй мусулман бир туугандар, Хизб ут-Тахрир исламий саясий партиясы силерди туура мабдаъий Исламга чакырат. Чыныгы Исламды болсо, турмушта Халифалык мамлекети гана колдонот.

 Аллахым баарыбызды Туура Жолуна баштасын.

Аллах Таала айтат:

﴿وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَنْ سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُمْ بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾

«Албетте, мына ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго гана ээрчигиле! (Башка) жолдорго ээрчибегиле, алар силерди Анын жолунан үзүп коёт. Таква кыларсыңар деп, силерди мына ушу нерселерге буюрду»                                                                                                                         [Анъам 153]

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

22.10.2022

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here