Бүгүнкү күндөгү саламаттыкты сактоонун вакиъси о.э. Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоо негиздери жана анын максаттары

186
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

Бүгүнкү күндөгү саламаттыкты сактоонун вакиъси о.э. Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоо негиздери жана анын максаттары

Дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо тармагы төмөндөп кеткендигинин көрүнүштөрү (3).

   Капиталисттик бузуктуктун адамдын ден соолугун сактоо тармагындагы көрүнүштөрүнө о.э. анын коомдук саламаттыкка тийгизген аянычтуу таасирлерине эсеп жетпейт. Бирок, ушул саламаттыкты сактоонун вакиъсин түшүнүү жана анын түбүнө жетүү үчүн капитализм түзүмүнүн аянычтуу таасирлерине кыскача токтолуп өтүү жаиз:

– Психологиялык жана аклий илдеттердин капитализм түзүмүнө байланыштуу бир нече тараптары бар. Мындай илдеттер капитализм жана либерализм жайылгандан кийин бир нече эсеге өсүп кетти. 2017-жылы “Саламаттыктыөлчөө институту” өткөргөн изилдөөлөр натыйжасында белгилүү болгондой,  792 миллион адам аклий оорулар себептүү азап тартат. Т.а. бул дүйнөдө ар бир онунчу адам (10.7%) бул оору менен ооруйт дегени. Алардын көпчүлүгү тынчсыздануу жана кайгы-кападан азап тартат.

– Индивидуализм(өзүмчүлдүк, коомчулукка тескери болгон жалаң гана өзүн ойлой турган жекече жашоо артыкчылыгына көңүл буруу) капиталисттик коом үлгүсүнүн негизги белгиси болуп эсептелет. Жекече аракетке ашыкча баа берүү, өзүн ашыкча баалоо, көз карандысыздык о.э.атаандаштыкка ыктоо ушул түзүмдү башкалардан ажыратып туруучу өзгөчө белгилер болуп эсептелет. Жеке адамга мындай этибар менен кароо коомдук алакаларды алсыратуу менен бир катарда масс кылуучу ичимдикке жана наркотиктерди колдонууга жетектей турган аянычтуу натыйжаларга алып барат. Жеке адамдардын кыйроого алып баруучу “сенден менин эмнем кем” деген маанидеги жекече мүнөзүн ого бетер татаалдаштырат. Т.а. капитализм, мүлктү керектөөнү күчөтүү үчүн нафстин муктаждыгын тынымсыз козгоп, акылдарды алдоо менен алектенип келет.

– Албетте, капитализм арзыбаган болсо да пайда алып келе турган товарларды иштеп чыгууга аракет кылат. Ошол эле убакта жакырчылыкта жашап жаткан адамдарга зарыл болгон нерселерди жеткирип берүүгө көңүл бурбайт. Мындай жашоо таризи психологиялык жана аклий саламаттыкка зыян жеткирет. Буга кошумча, бул түзүмдө ахырет, эсеп-китеп, жаза, бейиш жана тозок деген түшүнүктөр болбойт. Адамдар ага умтула турган, аны жүзөгө чыгарууга аракет кыла турган о.э. алардын жашоосун ыраазылык,кадыржамдыкка толтура турган масалул-аъла сыпатындагы Аллахтын ыраазылыгына умтулуп жашоо болбойт.

– Капиталисттик жашоо таризинин адамдын саламаттыгына тийгизген терс таасирлери өтө аянычтуу. Мисалы, жыныстык алака эркиндиги, айрыкча балагат жашына жеткендер арасындагы жыныстык алака эркиндиги жана кыска мөөнөттүү, убактылуу жыныстык алакалардын жайылышы «жалгыз бой» энелердин көбөйүшүнө алып келди. Аялдардын күйөөсү жок туруп төрөп коюу көрсөткүчү бир топ жогорулап кетти. Бул көрсөткүч 1960-жылы 5 %ды түзгөн болсо, 2010-жылга келип 41%га жетти. АКШда болжол менен төрт баланын бири жалгыз бой эне, же жалгыз бой ата менен жашайт. Адатта бул финансылык кыйынчылык о.э. жисманий жана аклий саламатсыздыктан келип чыгат. Себеби, Европадагы 27 мамлекетте өткөрүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, мыйзамсыз балдары бар бойдок аталар өтө оор саламатсыздык абалдарын баштан өткөрүшөт. Мисалы, узак мөөнөткө созулган кыйынчылык, жалгыздыкты сезүү, кайгы-капа жана тынчсыздануу ушулар түркүмүнөн. Бул кыйынчылыктар жалгыз бой энелердин балдарын да азапка салат.

– «Ооруларды жеңүү жана алардан сактануу борбору» келтирген отчётко ылайык, 2016-жылы АКШ да 1 200 000 киши иммунитет дефицити оорусуна чалдыккан. 700 000 ден көбүрөөк адам СПИДден көз жумган. Аталган борбор 2019-жылы АКШда 34 800 адам СПИД илдетин жуктурганын маалымдаган. Алардын 66% эркектер арасында өз ара жыныстык алаканын натыйжасында жуккан.

– Ал эми капитализм дүйнөсүндөгү наркотикалык заттарды колдонуунун натыйжасы болсо өтө аянычтуу. Бул балээ ден соолукту талкалайт жана үй-бүлөнүн бюджетин бүлүнтөт. Америка улуттук тазалануу уюму билдиргендей, АКШда 18жаштан жогорку жарандардын 75%ы наркотикалык заттарды колдонот. АКШда бир жылдын ичинде наркотикалык заттар себептүү 77000 адам көз жумат. «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун» маалыматына таянсак, 2012-жылы ичкиликке берилген 3 миллиондон көбүрөөк адам рак жана жүрөк оорулары себептүү көз жумган. Ичкилик жүрөк оорусуна алып барат, рак жана өпкөнүн сезгениши сыяктуу көйгөйлөрдү пайда кылат. Лондондогу «Социалдык адилеттүүлүк борбору» 2013-жылы тараткан отчётко ылайык, Лондон Европадагы ичкилик жана наркомандык борборуна айланган. Бул балээ Британия өкмөтүнүн мойнуна жыл сайын 55 миллиард доллар чыгымды жүктөйт.

– Ал эми өз өмүрүнө кол салуу темасына келсек, 2019-жылдагы «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму» берген маалыматка ылайык, жыл сайын 700 000 адам өзүнүн өмүрүнө кол салат. 2019-жылы өзүнүн өмүрүнө кол салуу абалы ар бир 40 секундага туура келген болсо, 2020-жылы бул көрсөткүч өсүп, 20 секундага жетти. 2016-жылы дүйнө жүзүндө өз жанын кыйгандардын жашы 15 менен 29дун ортосунда болду. Бирок «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму» өзүнүн өмүрүнө кол салууну “бул жаатта түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлбөгөнү үчүн жетиштүү деңгээлде алды алынбаган жалпы саламаттык көйгөйү”деп эсептейт. Бул уюм көйгөйдүн негизги себеби батышча жашоо таризинде көрүнүп туруучу динди турмуштан ажыратууакыйдасы жана эркиндиктер артында жашынып жатканын билбейт. Ал жерлердеги адамдар гарыйза жана нафстерин ката жана адаттан тышкары, адам баласына жат болгон жолдор менен кандыра турган болуп калган. Бардык психологиялык көйгөйлөрдүн негизги себеби жекеликке жабышып алуу, өзүн-өзү ыйыктоо, өзүн-өзү эркелетип жиберүүдө. Себеби, бул нерсе адамды дүйнө маталарынан мүмкүн болушунча чоңураак үлүшкө ээ болуу кайгысына түшүрүп коёт. Натыйжада болсо, адам чоң үлүштүн артынан алдастап жүгүрүп, аягында эч качан ишке ашпай турган, эч качан жете албай турган закымгадуушар болот. Акыбетте психологиялык жана аатифий(эмоционалдык) күрөш агымына түшөт. Азап тартат, жашоодон үмүтү үзүлүп, бир күнү мындай жашоого чекит коюуга аракет кылат.

Британияда жарык көргөн психологиялык журналдагы макалада келишинче, орто эсеп менен 17 жашка жетпеген балдардын 7 %ыөз жанын кыюуга аракет кылышкан. Былтыр болжол менен төрттөн бир адам өзүнүн өмүрүнө кол салган. Узак убакыт жалгыз жашоо адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Мындай жашоо адамды үй-бүлөсү менен жашаган адамдарга караганда 80%гакөбүрөөк кайгы-капа жана сарсанаага дуушар кылат. Коомдон обочолонуу, улуу жаштагы адамдар өлүмүнүн көрсөткүчүн жогорулатат. Себеби, жалгыздыкты сезүү алардын көрүнбөгөн душманы.

 Ал эми капитализм жана анын бузук түзүмдөрүнүн коомдун саламаттыгын талкалоочу таасир-белгилери капитализмдин «өнүккөн» мамлекеттеринде да, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде да о.э. жакыр мамлекеттерде да эсепсиз. Калктын саламаттыгын кыйратуучу бул таасир-белгилердин айрымдарына токтолуп өтөбүз:

Азык-түлүк жана тамактануу жаатындагы бүгүнкү изилдөөлөр көрсөткөндөй, дүйнөдө 690 миллион адам ачарчылыктан кыйналып жашайт. Бул цифра дүйнө калкынын 8%ын түзөт. 2019-жылы 750 миллионго жакын адам тамак-аш коопсуздугу жаатында өтө оор абалга туш болгон. Миллиарддаган адамдар тоюмдуу азыктар менен жетиштүү өлчөмдө үзгүлтүксүз  тамактанып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Дүйнөдө үч миллиарддан ашык адамдын тийиштүү азыктык кыйматка ээ болгон азык менен тамактанууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Алардын ири бөлүгү Азия жана Африка мамлекеттеринде жашайт. Айрыкча, өнүгүү саламаттык үчүн өлчөө кылынып жаткан бир учурда, бул цифралардын адам ден соолугу үчүн түздөн-түз таасири бар.

Дүйнөдөгү ачарчылыктын себеби дүйнөлүк масштабда азык-түлүк өндүрүүнүн жетишпестигинде эмес, тескерисинче азык-түлүктү бөлүштүрүүдөгү жана азык-түлүк өндүрүү үчүн зарыл болгон ресурстарды бөлүштүрүүдөгү кыянатчылыкта. Британиянын «Oxfam» кайрымдуулук уюму жарыялаган билдирүүдө келишинче, ар бир мүнөт сайын 11 адам ачкалыктан жана тамак-аштын начардыгынан каза болот. «Oxfam» уюмунун директору Габрилла Бушанын айтымында, коронавирус пандемиясы дүйнөдө терең тамыр жайган теңсиздикти ашкерелеп койду. Дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын байлыгы 2020-жылы 413 миллиард долларга көтөрүлгөн. Бул АКШ глобалдык гуманитардык жардамдарды каржылоо үчүн бөлгөн каражаттан 11 эсеге көптүк кылат.

  Таза суужашоонун булагы болуп, ал ден соолук үчүн өтө зарыл. Себеби суу – ичүү, тамактануу үчүн о.э.үй жумуштары жана түрдүү турмуштук зарылдыктар үчүн колдонулат. Жыл сайын болжол менен беш жашка жетпеген 801 миң наристе ич өткөк илдетинен каза болот. Мунун ири бөлүгү өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде болот. Кооптуу жана булганыч сууларды ичүү о.э. канализациялардын жоктугу ич өткөк себептүү боло турган өлүмдөрдүн 88%ына салым кошот.

Заманбап жана ыңгайлуу канализациялардын жоктугу себептүү дүйнөнүн ар жеринде миллиарддаган адамдарды топурактан өтүүчү ичеги курту азаптап келет. О.э. трахома (бактерия чакыруучу көз инфекциясы) дүйнөдөгү көз көрбөй, сокур болуп калуунун негизги себепкери болууда. Бул оору да тазалык нормалары сакталбашынан жана канализациялардын начардыгынан келип чыгат. Бүгүнкү күндө 41 миллионго жакын адам трахомадан азап тартып жатат. Трахоманын натыйжасында 10 миллионго жакын адамдын көзү начар көрөт, же таптакыр эле көрбөй сокур болуп калган. Негизи, жүздү таза суу жана самын менен көбүрөөк жууш аркылуу о.э. канализация түтүктөрүн жакшыртуу менен бул оорунун жайылышынан сактанса болот.

Дүйнөдө миллиарддаган адамдар таштандылар менен булганган суу булактарынан пайдаланышат. Ал тургай, 2017-жылы 2 миллиард адам жашоо үчүн эң зарыл болгон жөнөкөй эле канализацияга муктаж абалда жашайт эле. Алардын 70%ы сасык, булганыч жайларда жашайт. Алардын үчтөн бири жакыр мамлекеттерде жашашат. 673 миллион киши жылаңач. Бул цифра Африка жана Азия мамлекеттеринде өсүп барууда. 3 миллиард адамдын жашаган жеринде колдорун суу жана самын менен жууш үчүн шарты жок. 2017-жылы өнүкпөгөн мамлекеттердеги ооруканалардын 22%ында кадимки эле сууга шарты болбогон. Алардын 21%ында канализация жок. 22%ында таштандыларды тазалоо кызматы жолго коюлган эмес.

Бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк саясий түзүм улуттук мамлекеттер үлгүсү негизине курулган болуп, бул түзүмдүдүйнөлүк либерал капиталисттик экономика башкарат. Бул болсо, дүйнөлүк масштабдагы көйгөйлөрдү, анын ичинде саламаттыкты сактоо көйгөйүн чечүүгө татыксыз болгон көрүнүш. Себеби,капиталисттик экономикалык түзүм фикратына ылайык,ар бир адам, ар кандай жамаат же ар бир үммөт өзүнүн жеке кызыкчылыгына жетүү үчүн олуттуу атаандаштык күрөшүнө катышууга мажбур.

Бүгүнкү күндө Бириккен королдукта эң бай 1% адам мамлекет байлыгынын 12%ына ээлик кылат. 10% байлар болсо, мамлекет байлыгынын 44%ына ээлик кылат. АКШда болсо, 1% байлар мамлекет байлыгынын 34%ына ээлик кылат. 10 % байлар болсо, мамлекет байлыгынын 74%ына ээлик кылат. Бул айырма жылдан-жылга өсүп барууда. Биз түшүнүшүбүз керек болгон маанилүү нерсе, бул чоң айырма капиталисттик түзүм рамкасы алкагындагы атайын ыкмада башкарылат жана аны элита коргоп, пайда көрүүчү байлар сактайт. Мунун натыйжасында калктын ири бөлүгү саламаттыкка жана жыргалчылыкка жете алышпайт. Себеби,азык-түлүк, таза суу, таалим, аклий саламаттык жана айлана чөйрөнүн саламаттыгы сыяктуу адамдын саламаттыгын сактоого байланыштуу орундарда алардын финансылык кубаты жетпейт. Буга кошумча, керектөө маданиятын кооперативдик күчтөр башкарышы натыйжасында дени сак болбогон жашоо таризи калыптанды. Жисманий машыгуулар жетишпестиги, наркотикалык заттар колдонулушу натыйжасында өтө жагымсыз көрүнүштөр пайда болду. Бул жагымсыз абалдар өнүккөн мамлекеттерде элдин саламаттыгы жаатында көйгөйлөрдү келтирип чыгарды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here