Бекболотов кыргыз-тажик чек-арасына ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн жайгаштырууну сунуштады
Кабар: Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен 4-октябрда Бишкекте болуп өткөн жолугушуусуна комментарий берип, ал жолугушууда Станислав Зась менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулагандыгын айтты.
“Мен жакында эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолуктум. Мен ага кыргыздар менен тажиктердин ортосунда тынчтык болбой турганын айттым, анткени эки тараптын тең өз чындыгы бар. Жана биздин ортобузда үчүнчү тарап калыс болмоюн, мисалы, ошол эле кичинекей контингенттеги ЖККУ [жаңжал улана берет] дедим. Биздин талаштуу аймакта үч тапшырма бар: ок атышууну көзөмөлдөө жана токтотуу, оор аскердик техниканы артка чыгарып кетүү жана мамлекеттик чек ара. Эгер алар ушул маселелерди чечип беришсе, анда кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы чек араны делимитациялоо сыяктуу саясий маселелерди чечсе болот”, – деди Бекболотов.
Комментарий: Негизи, Казакстандагы былтыркы январь окуяларын эсепке албаганда, ЖККУ саясий жана аскерий тараптан бирер таасирге ээ болбогон уюм болуп келди. Бүгүнкү күнгө келип, Россия бул уюмду жандантып, түрдүү “тынчтык орнотуучу” миссияларга тартуу аркылуу бул уюмга мүчө мамлекеттерди аскерий жактан өзүнө дагы да көбүрөөк байлап алууга умтулууда.
Коргоо министринин ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушууда “тынчтык орнотуучу күчтөрдү” чек арага жайгаштыруу сунушун Россиянын ушул максаттагы дагы бир кадамы катары бааласак болот. Бул сунуш коргоо министрине караганда көбүрөөк башкы катчы тарабынан болгон болушу мүмкүн. Астанада Жапаров жана Рахмон менен жолугушкан Путиндин кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүдө ортомчу болууга даяр экендигин, Кыргызстан менен Тажикстанда болбогон чек ара картасы Москвада бар экендигин айтышы да, Россия чек ара көйгөйүнөн пайдаланып мамлекетттин түштүгүндө аскерий база курушуна ишара кылат. Негизи бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келген, а бирок, түрдүү себептер менен кечиктирилип жаткан. Бүгүнкү күндө Россияга чек ара көйгөйүн шылтоолоп, Кыргызстандын түштүгүнө аскерий контингент жайгаштыруу үчүн ыңгайлуу учур пайда болду.
Өкүнүчтүүсү, биздин чиновниктер колонизатордуктун куралы болгон бул уюмдардан үмүттөнүп жатышкан болсо, батышчыл укук коргоочулар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга “калыс” баа берүүнү суранып, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдарга кайрылып жатышат. Негизи бул уюмдар жалаң гана ушул уюмдарды түзгөн жана жетекчилик кылып жаткан колонизатор куфр мамлекеттеринин таасирин бекемдөөгө гана кызмат кылат. Колонизатор кафирлер – биз кааласак да, каалабасак да – ортобузда талаштуу аймактар жок болушуна жол беришпейт.
Чек ара көйгөйлөрүн чечүүнүн бирден-бир жолу – бул колонизатор кафирлер ортобузга тартып койгон жасалма чек араларды жана ушул чек араларды мыйзамдаштырып берген эл аралык мыйзамдарды четке кагуу о.э. ар түрдүү эл аралык жана аймактык уюмдарга мүчөлүктөн баш тартуу. Ал үчүн болсо, өз акыйдабыздан келип чыккан исламий түзүмдү жашоого колдонууга жана ушул аркылуу эки дүйнө бактысына жетүүгө аракет кылышыбыз керек.
Абдурахман Адилов