Кытай лидери Тайванды бириктирүү демилгесин билдирди
Кытай лидери Си Цзиньпин Коммунистик партиянын курултайы учурунда Тайванды борбордук мамлекет менен бириктирүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, бул үчүн күч колдонуу ыктымалынан да баш тартылбайт жана керектүү чаралар көрүлүүдө. Айрыкча, сеператисттик күчтөргө каршы күрөш уланмакчы.
Кытай лидери “Бирдиктүү Кытай” үчүн согушка да даяр экенин кошумчалады.
“Биз аскердик кызматкерлерибизди, курал-жабдыгыбызды, аскердик теорияны модернизациялаш үчүн ыкчамырак иштейбиз. Стратегиялык аскердик потенциалыбызды бекемдейбиз”,-деди компартиянын төрагасы беш жылда бир өтчү жыйында.
Белгилүү болгондой, Си Цзиньпин Коммунистик партиянын жетекчилигине үчүнчү ирет талапкерлигин коюп жатат. Мындан улам, курултай учурунда партия мүчөлөрүн жана калкты ынандыруучу убадаларды бергенге аракет кылды. Турмуш чындыгында, согуш жана күч колдонуу аракеттери Кытайдын түпкү стратегиясына каршы келет. Башкача айтканда, Кытайдын тышкы саясаты экономикалык таасири астына алуу аркылуу колония кылууга негизделген. Ушул багытта дүйнө элинин же анын көпчүлүгүнүн үстүндө экономикалык таасирин кеңейтүүнү көздөйт. Ошондуктан, Кытай лидери Украина маселесинде бейтарап позицияны карманып, курултай учурунда да бул теманы оозго алган жок. Анткени, Украина маселесине аралашуусу, Тайвань маселеси АКШ тарабынан күчөтүлүшүнө алып келерин жакшы билет. Бул өз кезегинде Кытайдын экономикалык кызыкчылыктарына каршы келет. Ошондуктан, Кытайдын аскердик ураандары негизинен коргонууга каратылган. Башкача айтканда, АКШнын Тайван жана Гонконгдогу провакацияларынан коргонууга каратылган.
Маалым болгондой, АКШ Украинаны НАТОго кошуу шылтоосу менен Орусияны провакация кылуу аркылуу тузакка түшүргөн эле. Украина маселеси аркылуу Орусияны сазга батырган Америка Кытайды да Тайвань баткагына батырууга аракет кылууда. Муну менен акыркы жылдары дүйнөгө лидерлик кылган макамына жетип жаткан коркунучтун алдын алмакчы болууда. АКШнын бул саясатын улай НАТОнун акыркы саммитинде Кытай негизги коркунуч катары белгиленди. Мындан улам, Америка Чыгыш Түркистандагы мусулмандарга жасалган зулумдуктарды ачып таштап, Кытайдын Гонг-Конг жана Тайвань жараларын кашып атат. Анткени, Кытайдын акыркы жылдардагы экономикалык жана технологиялык жактан тездик менен өнүгүүсү АКШнын аймактагы таасирине зыян жеткирүүдө. Мындан улам, эл аралык абалдагы биринчи макамын сактап калуу үчүн аймакта туруксуздук болуусуна кызыктар. Америка Украина кризисин да Европа менен Орусиянын аймактагы таасирин сындырып, өзүнүн дүйнө үстүндөгү лидерлигин сактап калуу үчүн чыгарган эле.
Мумтаз Маверанахрий