Жапаров Путинден кыргыз-тажик чек ара маселесин чечип берүүгө жардам сурады
Кабар: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинден кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чечүү боюнча жардам сурады. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
“Астанада өткөн үч тараптуу жолугушууда чек ара маселеси боюнча ачык сүйлөшүү болду. Ошол жерде биздин президент Путинден бул маселеде жардам сурады, себеби муну өзүбүз чечишибиз кыйын болуп жатат”, – деди Иманкулов.
Иманкуловдун айтымында, орус тарап эки өлкөнүн материалдары менен таанышып чыгып, соңку бааны берүүнү убада кылган.
“Россияда чек ара маселесин чечүүгө жардам бере турган архивдик документтер жана карталар болушу мүмкүн”, – деп кошумчалады коопсуздук кеңешинин катчысы.
О.э. президенттик админстрациядан дагы бул маалыматты тастыкташкан.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев: “Астанада аталган маселени жөнгө салууда көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылды, себеби Россия СССРдин мураскери болуп эсептелет”, – деди.
Комментарий: Кудайсыз коммунисттер өкмөтү эзелтеден бир Үммөт өкүлдөрү болгон Түркстан мусулмандарына “улут” жана “мекен” деген кооптуу түшүнүктү сиңирип, бир бүтүн Үммөттү беш республикага бөлүп салды. Республикалар ортосуна жасалма чек араларды тартып жаткан убакта алардын ортосунда тынымсыз келишпестик жана жаңжалдарды чыгаруу, ушул аркылуу өзүнүн таасири алдында кармап туруу жеңил болушу үчүн чек араларды кудум шахмат талаасы сыяктуу белгилеп чыккан.
СССРдин колонияларын мураска алып калган Россия региондогу мамлекеттерге басым өткөрүүдө жана аларды өзү каалаган жолго салууда дал ушул чек ара көйгөйлөрүнөн курал катары пайдаланып келет. Мисалы, 2014-жылы Кыргызстан бийлиги “Манас” аэропортунан АКШнын аскер базасын чыгарып жибергенге чейин же ЕАЭБге мүчө болууну создуктура баштаган кездерде кыргыз-тажик чек арасында кагышуулар күчөп, бир жылда кыргыз-тажик чек арасында 32 жаңжал катталган… 2021-жылы апрель айынын аягында жүз берген кезектеги чек ара жаңжалында эки тараптан 40тан ашык адам каза болуп, 250дөн ашуун адам жабыр тартты. Быйылкы чек ара жаңжалы болсо мурункулардан бир топ эле оор болуп, эки тараптан жүздөн ашык адам каза болушуна, жүздөгөн адамдар жарадар болушуна себеп болду.
Эгер Россиянын ыраазылыгы болбосо региондогу экономикасы эң начар, эң жакыр мамлекеттер болуп эсептелген эки республиканын бири-бирине каршы согушуусу, бири экинчисинин аймагына бастырып кирип, гранатомёт жана пулемёттордон ок жаадырышы мүмкүн эмес. Эми болсо региондогу бардык башаламандыктардын себепкери жана уюштуруучусу Россия чек араларды тактоодо эки мамлекетке жардам берет имиш.
Негизи, акыйдасы, дини, пайгамбары, кыбыласы бир болгон эки боордош калк ортодогу көйгөйлөрдү чечүүдө куфрдан жардам сурашы, куфрду өкүм чыгаруучу кылышы жаиз эмес. Эгер бул эки боордош калк ортодо көйгөйлөр болбостон, кайрадан мурункудай бир Үммөт өкүлү болуп, боордоштукта жашоону кааласа, анда куфр тарабынан ортого тартылган чек араны жок кылып, Ислам акыйдасы жана дини негизинде биригиши керек. Чек ара көйгөйүн чечүүнүн мындан башка жолу жок.
Абдурахман Адилов