Исламий өлкөлөрдүн жетекчилери Британия ханышасына аза күтүшүүдө.

119
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Исламий өлкөлөрдүн жетекчилери Британия ханышасына аза күтүшүүдө.

Бул алардын колонизатор Батышка көз карандылыгы

Ушул жылы 8-сентябрь күнү Пакистан премьер-министри Шахбаз Шариф Твиттердеги өзүнүн расмий баракчасында «Британия ханышасы Елизавета IIнин дүйнөдөн кайтканына кайгырып жатканын, Пакистан Бириккен Королдуктун азасына тилектеш экенин» баса белгиледи. Араб жана ажам исламий өлкөлөрдүн жетекчилери Британия ханышасынын көз жумганына терең кайгыда экенин билдиришти.

Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү өз билдирүүсүндө ушуларды баса белгиледи: «Британия колонизаторлугунун иштерин күчтүү таасирдүү тармак аркылуу англис аристократиясы башкарат. Мамлекеттин колонизатор экономикалык түзүмүнө негизги салым кошкон жалгыз инженер да ушул англис аристократиясы. Дүйнө мамлекеттеринин чоң бөлүгүн оор карыздарга батырган бул түзүмдө Батыш инвесторлору сүткорлук кредиттери аркылуу пайда көрүшөт, ошол эле учурда, бул мамлекеттердин өнөр жайлашкан мамлекетке айланышына тоскоолдук кылышат. Бул аристократиянын разведка тыңчылары жергиликтүү калкыбызды королдук таажы жолунда манипуляция кылууга жалданган саясий жана аскерий малайларынан пайдаланып мусулман өлкөлөрүндө башаламандыктарды чыгарышат.

Пакистан жетекчилеринин сөздөрүнө карасаң, аларды Индия жарым аралында эмес, Онтариодо жашап жатышат деп ойлойсуң. Индия жарым аралы үч кылым Британия аристократиясынын кылмыштарына сахна болуп келди… Ал жерде жүз миңдеген инсандар ачарчылыктан азап тартты. Регионду басып алган британиялыктар байлыктарын талап-тоноп, триллиондогон доллар киреше алышты».

Билдирүүнүн акырында мындай делет: «Мусулмандар Британия аристократиясын түпкү маңызын билиши жана ханышанын көз жумганына ушул көз караштан жооп бериши керек. Британия мамлекети азыркы заманбап дүйнөдө кризиске учурап турат, бул абал мусулман өлкөлөрү үчүн ыңгайлуу учур болуп эсептелет. Мусулман өлкөлөрү мындан пайдаланып, Британия менен уланып жаткан алака кишендерин үзүп, анын «Улуттар шериктештигинен» жана аскерий, экономикалык тузактарынан чыгышы керек. Мындан улам, мусулмандар үчүн колонизатор мамлекеттерди жана алардын символдорун жакшы көргөн мусулман жетекчилерин кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизинде динди бийлик башына алып келишинин убагы келди. Ошондо гана мусулмандар бүткүл дүйнөнү АКШ жана Европанын колонизаторлугунан куткарышат. Мына ошондо дүйнө согуш кылмышкерлеринин жана тогуттардын өлгөнүнө аза күтпөйт.

 

Роя гезити, №409, 2022жыл, 21сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here