Гончаров: ЦРУ глобалдык террорчу уюмга айланып калды

188
0

Гончаров: ЦРУ глобалдык террорчу уюмга айланып калды

  “Алфа” эл аралык антитеррордук бөлүмүнүн ардагерлери ассоциациясынын президенти Сергей Гончаров АКШнын борбордук разведка башкармалыгы (ЦРУ) глобалдык террорчу уюмга айланып калгандыгын айтты. “ЦРУну глобалдык террорчу уюм деп ачык айтууга болот. Бул агенттик дүйнөнүн бардык бурчтарында ишке ашырып жаткан иштер зомбулукка негизделгенин көрүп турабыз. Алар ар кандай аракетке, ал тургай канкордукка да даяр”, – деген Гончаров.

Гончаровдун айтымында, “Ислам мамлекети” жана “Ал-Каида” уюмдарын пайда кылуунун артында АКШ жана анын разведкасы турат о.э. ЦРУ булардан өз максаты жолунда пайдаланып келген. “О.э. түрдүү мамлекеттерде жайгашкан ЦРУнун жашыруун камактарында колдонулган ырайымсыз кыйноолор боюнча акыркы жаңжалдарды да жакшы билебиз…” – деп кошумчалаган Гончаров.

Комментарий: Американын борбордук разведка башкармалыгы (ЦРУ) глобалдык террорчу уюмга айланып калган жок, тескерисинче, ал алгач түзүлгөндө эле глобалдык террорчу уюм катары пайда болгон. Анын Абу Гурейб абагында ишке ашырган терроруна дүйнө жүзү күбө болду. Ал жерде эң бир жийиркеничтүү ыкмалар менен өлтүрүү, азаптоо жана зордуктоо аркылуу адам укуктарынын бардык түрүн тебеледи. О.э. Афганистандагы Баграм авиа базасында жашыруун түрмөлөр бар болуп, ал жерде ЦРУ мусулмандарды коркутуу, азаптоо, кыйнап өлтүрүү сыяктуу жийиркеничтүү кылмыштарын ишке ашыргандыгы 2009-жылы ашкере болгон. «Вашингтон пост» гезити 2004-жылы 17-декабрда Америка разведкасынын бир нече жооптууларынан алган маалыматтарга таянып кабарлагандай, ЦРУ Гуантанамо абагынын ичинде туткундарды кыйноого ала турган бийик дубал жана калың көк пластик менен тордолгон дагы бир абак курган. «Ал-Хаят» гезити 2004-жылы 14-сентябрда Британиянын «Гардиан» гезитинен алган маалыматка таянып кабарлагандай, ЦРУнун бир тергөөчүсү Гуантанамо абагына барып, ал жерде даярдаган отчётунда: «Биз согуштук кылмыштарды кылып жатабыз» жана «Бул абакта туткун катары кармалып турган адамдардын жарымынан көбү туткун болуп турбашы керек», – деп жазган. “Аш-Шаркул Авсат” гезити 13-сентябрдагы санында ЦРУ тергөө жана машыгуудан өткөрүү жаатындагы ырайымсыз кыйноо боюнча пикирлерди психиатрия боюнча эксперттер Жим Митчел жана Брус Жейсинден миллиондогон долларга сатып алгандыгын кабарлаган.

 

ЦРУ көптөгөн террордук кылмыштарын – парда артында туруп – башка компаниялардын атынан ишке ашырат. Мисалы, Пакистан, Ирак жана Афганистанда ишке ашырган жардыруу, адам уурдоо сыяктуу террорлорун “Blaсkwater” террорчу компаниясы аркылуу ишке ашырган. “Blaсkwater” террорчулук опреацияларында ЦРУга толук баш ийген жеке менчик компания болгону менен, бирок, анын ЦРУга көз караштуу экендиги расмий каттоого алынган эмес.

 Көпчүлүк абалдарда террордук операция уюштурууну айрым компания жана топтордон талап кылат. Мисалы, «Нью-Йорк таймс» гезити 9-июндагы санында Америка разведкасындагы жооптуу кызматкерлерге таянып кабарлагандай, Ияд Алави жана анын «Улуттук биримдик кыймылы» ЦРУнун талабы жана көзөмөлү астында Багдаддагы жарандык объектилер менен медреселерде бир катар жардырууларды ишке ашырган. Анда бир медресеге караштуу автобусту жардыруунун натыйжасында көптөгөн жаш балдар өлгөн.

 ЦРУ ишке ашырган террордук кылмыштарды айтып отурсак аягына жетпейбиз. Бирок, булардын бардыгы ачыкталбайт, булар жергиликтүү жактан да, эл аралык жактан да жашырылат. Эгер кызыкчылык талап кылса, ЦРУ өз калкына каршы террор уюштурушу да мүмкүн. 2001-жылдагы 11-сентябрь окуясы тууралуу бир топ эксперт жана изилдөөчүлөр “эгиз имараттарга барып урунган самолётторду уурдап кетүү операциясы ЦРУ тарабынан алдын ала даярдалган план негизинде болгон” деген тыянакка келишкен.

 О.э. ЦРУнун террорлорунан анын малайлары да аман калбайт. Пакистан жетекчилиги АКШга малай болушуна карабастан, ЦРУ премьер-министр Беназир Бхуттону элдин көз алдында жардырып жиберди. Пакистандын мурдагы аскерий разведкасынын башчысы генерал Хамид Гул премьер-министр Беназир Бхуттонун өлүмүнө ЦРУ жоопкер экендигин ачыктап койду. Ошондон кийин ЦРУ Хамид Гулду Пакистандагы эң кооптуу адамдар тизмесине кошту.

 Дагы бир айта кетүүчү нерсе, башка мамлекеттердин разведка же коопсуздук кызматтары да террорчулукта ЦРУдан кем калышпайт. Гончаровдун мамлекети болгон Россиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Путиндин бийлигин бекемдөө үчүн бир нече террродук актыларды ишке ашырып, жай тургундарды кыргын кылгандыгы о.э. Россиядагы мусулмандарга, өзгөчө Крым мусулмандарына карата ишке ашырган террорлору буга мисал боло алат. Бул уюм канчалаган бейкүнөө мусулмандарды өлтүрдү.  Айрым мусулмандарды өз үйүндө, балдарынын көз алдында атып өлтүрдү. Канчалаган үйлөргө түнкүсүн бастырып кирип, үй-бүлөлөрдүн жүрөгүн түшүрдү. Бул жана башка мамлекеттердин, анын катарында мусулман мамлекеттердин да разведка жана коопсуздук күчтөрү мусулмандарга карата ушунчалык паскечтик менен мамиле кыла турган болуп калган дейсиң, ал тургай Исламдын ашынган душманы болгон Абу Жахл да булар кылган ишти кылуудан арданган. Абу Жахлга Расулуллах с.а.в.дын үйүнө эшигин бузуп, бастырып кирүү жөнүндө айтылганда, ал “арабдар мен тууралуу Амр ибн Хишам Мухаммаддын үйүнө бастырып кирип, анын кыздарынын жүрөгүн түшүрдү деп айтышын каалабайм” деп жооп берген.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here