Орусия аскер таңкыстыгын мигранттар менен толтурмакчы

44
0

Орусия аскер таңкыстыгын мигранттар менен толтурмакчы

         Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялоо боюнча мыйзамга кол койгонун билдирди. Бул мыйзам кол койгон учурдан тартып күчүнө кирип, аскерге биринчи кезекте запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырылары, алар кошумча даярдыктан өтөрү айтылды. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартылат.

         Аталган мыйзамдын мигранттарга жана орус жарандыгын алган Орто Азиялыктарга каратылганы талашсыз. А түгүл, аскер таңкыстыгын азайтуу үчүн Орусия жарандык алууну да жеңилдетти. Ал эми, Москва мэриясы “Сахарово” миграциялык борборунда чет өлкөлүк жарандардын аскерде кызмат өтөөсүн уюштурууга Коргоо министрлиги көмөктөшүүсүн билдирди.

         Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги болсо Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышпоого чакырды.

         Украина кризисин Орусияны провокация кылуу аркылуу баштаган АКШ расмийлери Путиндин кайрылуусун жоопкерчиликсиздик жана алсыздык катары баалашууда. Президент Жо Байден болсо АКШ Украинага 25 млрд долларлык жардам көрсөтүү менен «демократияны» коргоп жатканын айтты. Ал эми, Европа Биримдиги Путиндин кайрылуусун Украинага карата чабуул дагы да күчөтө турганынын ишарасы экенин белгиледи.

         Жогорудан маалым болгондой, орус бийлиги кошумча аскер күчтү мигранттар менен толуктоого аракет кылууда. Социалдык тармактарда Орусиядагы кыргызстандыктарга, орус жарандыгы барларга чакыруу келе баштаганын жазышууда. Бейрасмий маалыматтарга караганда орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны жарым миллионго жетет. Алар орустун документтик талаптарынан, бийликтин басымдарынан кутулуу үчүн ушул кадамга барган. А бирок, ондогон кыргыз балдарынын Украинадагы согушта курман болгону күбөлөгөндөй, учурда орус жарандыгын алган кыргызстандыктар оор абалга кептелип отурат. Анткени, аскердик чакырууга барса согуш, Кыргызстанга кайтайын десе дезертир катары камоо коркунучу күтүп турат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here