Садыр Жапаров БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат

203
0

Садыр Жапаров БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат

Кабар: СадырЖапаров жумушчу сапары менен Американын Нью-Йорк шаарына барды. Кабарларда келишинче, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы сессиясында сөз сүйлөйт, БУУнун башкы катчысы АнтониуГутерриш менен жолугушат о.э. бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

 17-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев телефондон Антонио Гутерриш менен сүйлөшкөнү тууралуу билдирди. Сүйлөшүүдө тышкы иштер министри кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу сөз кылган.

ТИМдин кабарына таянсак, Гутерриш 20-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууга даяр экендигин билдирген жана Тажикстандын тышкы иштер министри менен кырдаалды талкуулай тургандыгына ишендирген.

 Комментарий: Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) түзүлгөндөн бери жалаң гана колонизатор мамлекеттердин куралы болуп келди. Колонизатор мамлекеттер олжого ээ болууда да, өз пайдасына чыгарган токтомдорду колдонууда да, мына ушул БУУну курал катары пайдаланып келишет. Айрыкча, мусулмандарга каршы токуган фитна жана айла-амалдарын ишке ашырууда мына ушул БУУдан пайдаланып жатышат. Колонизаторлор тарабынан ортобузга жасалма чек аралар тартылышына жана алар тарабынан иштелип чыккан эл аралык мыйзамдар аркылуу бул чек аралар бекемделишине карабастан, өкүнүчтүүсү, биздин акимдер өз мамлекеттеринин көйгөйлөрүн чечүүдө дал ушул колонизаторлордун куралы болгон БУУнун астанасына баш уруп, андан жакшылык күтүшүүдө.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here