Тайвань жаатында АКШ менен Кытайдын ортосундагы кескиндик

268
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооп

Тайвань жаатында АКШ менен Кытайдын ортосундагы кескиндик

 Суроо:

АКШ менен Кытайдын ортосундагы Тайванга байланыштуу кескиндиктин артында эмне турат? Бул кескиндиктин себептери эмнеде? Эмне үчүн АКШ конгресстин өкүлдөр палатасынын спикерин жана анын башка мүчөлөрүн Тайванга жөнөтүү менен Кытайды провокация кылды? Аралдын Кытай менен Америка үчүн мааниси кандай? Бул кризис согуш карай бара жатабы же тынчтануугабы?

Жооп:

Тайвань жаатында күчөп бара жаткан бул кескиндикке, анын мотивдерине жана жасалып жаткан провокациялардын акыйкатына айкындык киргизүү үчүн айрым фактыларды эске алуу лазым:

Биринчи: Америка Кытайды эл аралык масштабда өзүнүн биринчи номурдагы атаандашы деп билет. Анткени, Кытайдын экономикасы абдан үлкөн болуп, Американын экономикасына караганда батыраак өсүп бара жатат. Жакынкы жылдарда Кытай дүйнөнүн 1-номурдагы экономикалык кубатын ээлөө менен коркунуч салууда. Кытайдын бул экономикалык кубаты аста-секин аскерий кубатка айланып бара жатканы да көрүнүп турат. Себеби, анын аскерий бюджети жылдан жылга көбөйүп, армиясынын салттуу жана ядролук жөндөмү өнүгүүдө. Буга кошумча анын саясий амбициялары да көбөйүүдө. «Жибек жолу» долбоору бир катар мамлекеттерде, өзгөчө, Азияда Кытайдын саясий жана экономикалык таасирин бекемдөөдө. Булардын баары Кытай менен соода согушун жарыялаган, Кытайга каршы туруу жана анын көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн Азияда аскерий союздарды түзүүнү баштаган Кошмо Штаттарга жакпайт.

Экинчи: Тайвань – аянты 36 миң квадрат километрди түзгөн, 24 миллион калкы болгон чоң арал. Ал өнүккөн экономикасы менен дүйнөдө 26-орунду ээлеп, электрондук чип өнөр жайы менен белгилүү. Ушул себептен улам, Тайвань бүгүнкү эл аралык стандарттарга ылайык, толук укуктуу мамлекет. Бирок, анын тарыхы, калкы кытайлардан түзүлгөнү жана Кытай материгинен болгону 140 км. алыс жайгашкандыгы Кытай аны козголоңчу регион деп кароосуна үндөйт. Тайвань өзүнүн саясий тарыхында Кытай менен абдан кызуу мамилелерге ээ. Коммунисттик партия 1949-жылы Кытайдын материктик бөлүгүндө көзөмөл орноткон соң, жеңилүүгө учураган Кытай өкүмдарлары (Кытай улуттук партиясы-Гоминьдан) ошол кезде алардын өкүмдарлыгы астында болгон Тайванга көчүп өтүшкөн. Коммунисттик партияга душман болгон эки миллион кытайлыктар да алар менен бирге көчүп барып, борбор Тайбэйге негиз салышкан. Ошентип, Кытайдын мурунку өкүмдарлары (коммунисттер бийликти колго алышынан мурун) Тайвань аралын өз өкүмдарлыгы астында кармап келишкен. Бул жаатта аларга АКШ тарабынан тартуу кылынган аскерий коргоо да жардам берди. Ушул себептен улам, АКШ 1955-жылы Кытай Коммунисттик партиясы тарабынан башкарылган Кытай Элдик Республикасын моюнга албаганы үчүн Тайванга «Кытай Республикасы» катары карап, аны менен коргоо келишимин түздү. Ал Тайванды коргоо үчүн бир канча жолу аралашты жана Коопсуздук Кеңешиндеги Кытайдын туруктуу ордун Тайванга берди.

Үчүнчү: Америка Пекин менен болгон келишүүдөн кийин Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмундагы ордун Пекинге т.а. Кытай Коммунисттик партиясына өткөрүүгө макул болуп, Тайванды БУУдан чыгарды. Америка ошондон бери «Бир Кытай» саясатын колдорун т.а. Тайвандын көз карандысыздыгын моюнга албашын айтып келет. Бирок, АКШ Кытайдын Тайванды кошуп алуусуна жол бербөө үчүн Тайвань менен түзүлгөн коргоо келишимини сактап калган. Булардын баары жетимиш жылдан ашуун убакытта Американы Тайвань маселесинде активдүү элементке айлантты. Бүгүнкү күндө да АКШ Тайванды расмий түрдө көз карандысыз деп моюнга албаса да, бирок көз карандысыз мамлекет катары карап, аны менен саясий, соода, экономикалык жана аскерий алакаларды орнотуп келүүдө. Мындан тышкары, Тайвань Америка флоттору тарабынан корголот. Тайбэйде Американын расмий түрдө элчилик деп аталбаса да, бирок чыныгы элчилик иш-аракетин алып барган институту бар.

Төртүнчү: булар Кытайдан көз карандысыз саясий вужуд катары Тайвань тарыхында болгон нерселер. Бүгүнкү күндө болсо, Кытайдын кубаты сезилерлик даражада жогорулап, эл аралык майданда таасирлүү мамлекетке айланды. Өзгөчө, Азияда экономикалык жактан чоң таасирге ээ болду. Бирок, Кытай козголоңчу регион катары карап келген Тайвань проблемасын чече албаганы анын эң чоң талылуу жери болуп калууда. Кытай Тайвандын аскерий кубатынан мурун да коркпогон, азыр да коркпойт, аралды күч менен кайтарып алууга ишенет. Бирок, аны мурун да, азыр да кооптондуруп жаткан нерсе – Тайвань себептүү Америкага каршы согушка кирүү. Америка Кытайга каршы кескин позицияда турган азыркы кризисте бул нерсе даана көрүнүп турат. Кытай ушул кезге чейин дүйнө мамлекеттери Тайвандын көз карандысыздыгын моюнга албастын кепилдеп келди. Мындан тышкары, «Бир Кытай» деп аталган жана АКШ менен келишилген баарына белгилүү саясат бар. Ошого карабастан, АКШ баштаган мамлекеттер Тайванга көз карандысыз мамлекет катары карап келсе да, бирок Кытай Тайвань жаатында дүйнө мамлекеттери менен соода алакаларына тоскоолдук кыла турган кандайдыр бир олуттуу кризисти чыгарбады.

Бешинчи: Америка Кытайды провокация кылууда, кемсинтүүдө жана эгер АКШнын провокациясын кабыл алса, анын күчсүздүгүн көрсөтүүдө Тайванды майдан кылып алды. Кытай АКШнын провокациясына алдырып, өзүн коргоону баштаса, Тайвань ал үчүн баткакка айланат. Башкача айтканда, Кытай эки тандоо ортосунда калган, экөөсү тең оор. Бүгүн Тайвань кризисинде дал ушул ушул нерсе болууда. Кошмо Штаттар эч бир себепсиз АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 2022-жылы 3-августта Тайванга сапар кыларын билдирди. Кытай катуу ачууланып, Пелоси Тайванга сапар кыла турган болсо, мунун акыбети оор болорун айтып, Кошмо Штаттарды эскертти. «Пекин Тайвань аба мейкиндигинде учууга тыюу салынган аймакты бузган самолёттор атылышы мүмкүндүгүн эскертти». («Шурук» гезитинин сайты, 2022-жыл, 2-июль). Бирок, Америка провокациясын дагы да күчөттү. Пелоси Кытайдын опузалаган жоопторуна карабастан, АКШ аскерий самолётунун бортунда Япониядагы аскерий базадан учуп 13 аскерий самолёттун коштоосунда Тайванга барды.

Алтынчы: Кытай Тайвань кысыгында баллистикалык ракеталарды атууну камтыган ири аскерий машыгуулар башталганын билдирип, Кошмо Штаттарды 1971-жылы эки тарап ортосунда келишилген «Бир Кытай» саясатын карманууга чакырды. Эгер, Америка провокацияларын күчөтпөгөндө, Пелосинин сапар кылган маселеси дээрлик жабылмак. Себеби, Америка Кытайга каршы туруудагы бекемдигин көрсөтүү үчүн конгресстин кезектеги делегациясын Тайванга жөнөтүү менен дагы провокацияны баштады. «Вашингтондун Тайбэйдеги элчилиги деп саналган институту маалымдашынча, АКШ конгрессинин делегациясы Тайванга 14 август күнү т.а. АКШ өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелосинин сапарына жооп иретинде Кытай Тайвандын айланасында аскерий машыгууларды өткөргөндөн бир нече күн өтүп келген». («Индепендент арабий», 2022-жыл, 14-июль). Кытай буга жооп катары кысыкта жаңы аскерий машыгууларды баштады. Кошмо Штаттар болсо, навигация эркиндигин тастыктоо үчүн анын деңиз флоту жана аба күчтөрү Тайвань кысыгында транзиттик операцияларды өткөрүп жатканын билдирди. Тайвань да өзүн көрсөтүп, Кытайдын чабуулдарын кайтара турган аскерий машыгууларды баштады. Ошентип, Америка менен Кытайдын ортосунда Тайвань кризиси күчөдү:

  • Кытай ачууланып, согуш ыктымалына даярданууда. «Кытай коргоо министрлиги өз билдирүүсүндө конгрессмендердин сапары бир тараптан Кытайдын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бузса, экинчи тараптан «Тайвань кысыгындагы тынчтык жана туруктуулукту бузуп жаткан АКШнын чыныгы жүзүн ачты» деп баса белгиледи. Билдирүүдө дагы мындай делет: “Кытай элдик азаттык армиясы согушка даярдык көрүүнү жана машыгууларды улантып, улуттук суверенитетти жана аймактык бүтүндүктү катъий коргойт, ошондой эле Тайвандын көз карандысыздык сепаратизмин жана чет элдик аралашуунун ар кандай көрүнүшүн күч менен жок кылат”». («Индепендент арабий», 2022-жыл, 16-июль).
  • Америка болсо, Кытайды провокация кылууну жана өз союздаштарын сапарбар кылып, Кытайга каршы тукурууну улантууда. «АКШнын жетинчи флотунун вице-адмиралы Карл Томас 16 август күнү Сингапурда өткөн жолугушууда Кытайдын Тайвань үстүнөн ракеталарды атуу саясатына «жоопкерсиздик» деген этибарда каршылык билдирүү зарылдыгын баса белгиледи». («Индепендент Арабий», 2022-жыл, 16-июль). Ушул эле булакка ылайык, Карл Томас: «Эгер каршы турбасаңар, Тайвань да Түштүк Кытай деңизиндеги азыркы күндө аскерийлештирилген аралдарга окшоп калышы мүмкүн», – деп Азия мамлекеттерин Кытайга каршы тукурду. Андан мурун АКШ президенти Байден эгер Кытай бастырып кирсе, Америка Тайвань менен биргеликте согушарын ачык баса белгилеген. «АКШ президенти Жо Байден Кытай Тайвань маселесинде «от менен ойношууда» деп эскертип, эгер Тайвань чабуулга учураса, аралды коргоо үчүн аскерий аракеттерди баштоого убада берди. Ошондой эле, Байден эгер Кытай чабуул кылса, Кошмо Штаттар Тайванды коргоо үчүн аскерий аралашууга киришеби, негизи Украинага чабуулда андай кылбады го деген суроого «Ооба, бул биз алган жоопкерчилик» деп жооп берди…». («Би-Би-Си, 2022-жыл, 5-май). АКШнын Кытайга каршы жогору даражадагы провокацияларын, Кытай Тайвандын айланасында өзүнүн аскерий кубатын көрсөткөнүн, андан кийинки болуп жаткан коркутуулар, АКШ өзүнүн аскерий кемелерин жана самолётторун кысыкка багыттаганын, ошондой эле алдына келип алып, Кытайды күрөшкө чакырганын эсепке алганда бул кризис абдан кооптуу кризис болуп эсептелет. Кризисти дагы да курчутууга аракет кылып жаткан да, Кытай менен аскерий кагылышуу ыктымалы себептүү Азияда бир нече жылдардан бери өз кошуундарын сапарбар кылып жаткан да ушул Америка болот. Мындан улам, Америка Австралия, Британия менен Кытайга каршы түзүлгөн AUKUS сыяктуу жаңы аскерий альянстарды түзүүгө жана Япония, Индия, Австралия менен түзүлгөн «QUAD» сыяктуу союздарды күчөтүүгө аракет кылууда. Башкача айтканда, дагы да натыйжалуу деген этибарда экономикалык кооп-коркунуч менен бирге аскерий кооп-коркунучту да сынап көрүүдө.
  • Чамасы, бул пландар Американын Кытайды тизгиндөөгө каратылган чоң саясатына байланыштуу экенин, маселе Тайванга гана байланыштуу эместигин Кытай түшүнүп жеткен көрүнөт. Ошон үчүн ал өзүнүн аскерий кубатын көрсөтүүдө. Кытай армиясынын Чыгыш командачылыгы тарабынан берилген билдирүүдө айтылышынча: «Кытай элдик азаттык армиясы 15-августта Тайвань айланасындагы деңиз жана аба мейкиндигинде согуштук машыгууларды өткөрүү жана согушка даярдык көрүү үчүн көп кошуундан турган куралдуу патруль түзгөн». («Индепендент арабий», 2022-жыл, 14-июль). Мындан тышкары, «Кытай элдик азаттык армиясы Тайвандын жанында согуштук машыгууларды өткөргөнүн, бул машыгуулардан саясий айла-амал кылууну жана Тайвань кысыгындагы тынчтык жана туруктуулукка зыян жеткирүүнү улантып жаткан Вашингтон жана Тайбэйге негизги тоскоолдукту жаратуу көздөлгөнүн билдирди. Кытай армиясынын Чыгыш командачылыгы кабарлашынча, Кытай элдик азаттык армиясы Тайвань жанындагы деңиз жана аба мейкиндигинде согуштук октор менен аскерий машыгууларды өткөргөн. Ушул мазмунда Кытай коргоо министрлиги армия тарабынан согушка даярдык көрүү, машыгууларды өткөрүү жана катъий таризде улуттук суверенитетти коргоо, Тайвандын көз карандысыздыгын жана чет эл аралашуунун ар кандай көрүнүшүн жок кылуу иш-чаралары улантылып жатканын билдирди. Ошондой эле, Коргоо министрлиги Кытайды курчап алуу үчүн Тайвандан пайдалануу ийгиликсиздикке учурашы жөнүндө Кошмо Штаттарды жана Тайбэйдин өкүмдар Демократиялык прогрессивдүү партиясын эскертти». («Ал-Жазира», 2022-жыл, 15-июль). Мындан тышкары, Кытай 2022-жылы 17-августта Россия армиясы менен кошмо аскерий машыгууларды өткөрүшү үчүн өзүнүн аскерий күчтөрүнүн бир бөлүгүн Россияга жөнөттү. Кытай муну менен Американы коркутуп, Россия Тайвань кризисинде Кытай тарабында турганын көрсөтмөкчү болду.

Жетинчи: бул – Америка пайда кылып, Кытайды моюн сундурмакчы болуп жаткан Тайвань кризисинин көлөмү. Мындан тышкары, темага алакадар ушул төрт маселеге да этибар берүү лазым:

  • Америка Кытай экономикасынын кубаты себептүү аны менен экономикалык согушка кирүүдөн корксо да, бирок аскерий кагылышууга киришүүдөн коркпойт. Себеби, эки мамлекеттин ортосунда аскерий кубат жагынан абдан чоң айырма бар. Ушул себептен улам, Тайвань маселесинин курчутулушу Кытай менен болгон күрөштү экономикадан аскерий тармакка өткөрүү боюнча Американын анык белгиленген жана зордукчул саясаты деп каралышы керек. Америка аскерий тармакта Кытайдан кыйла үстөм турат. Россиянын Украинадагы согуш менен алек экендигин эсепке алсак, бул нерсе Тайвань айланасында согуш чыкса Россиянын Кытайга аскерий жардам берүү ыктымалын жокко чыгарат. Бул согуш ядролук согуш ыктымалынан алыс.
  • Эгер, Америка Кытайды Тайвань согушуна тарта алса, кийин кудум Россияга карата кылгандай союздаштары менен биргеликте ага да экономикалык санкцияларды колдонсо, Кытайдын экономикада көөдөлөнгөн улуулугу абдан чоң коркунуч астында калат. Муну менен Америка Кытай кубатын тизгиндөө арзуусуна жетишкен болот. Кытай Тайванга бастырып киргенде ага каршы колдонулушу күтүлүп жаткан санкциялар – Америка назарында – Кытайдын эң бай катмары үчүн абдан оор таасири болот. Бул бай катмар өкүмдар Коммунисттик партиянын жогору даражадагы мүчөлөрү болуп эсептелет. Эгер, бул таасирдүү катмардын кызыкчылыктарына ушул даражада зыян жеткидей болсо, алар Америка менен келишүү үчүн Кытай Коммунисттик партиясы ичинде «бешинчи колонна» катары иш башташат!
  • Жогоруда айтылгандардан маалым болгондой, Тайвань кризисин Америка чыгарып, кризис барган сайын күчөп барууда. Американын Украина согушу менен алек болушу ал Кытай менен карама-каршылыкты күчөтүшүнө тоскоолдук кылбастыгы да көрүнүп турат. Мунун кошумча тастыгы ушул – Польша Советтер Союзунда иштелип чыккан өзүндөгү «Миг» аскерий самолётторун Украинага берүүнү сунуштаганда Америка муну четке какты. Ошондо Польша мунун акысына АКШнын F-16 аскерий самолётторун талап кылганда Америка анын самолёт өндүргөн заводдору Тайванга аскерий самолётторду жеткирүү үстүндө иштеп жатканын айтты. Бул болсо, Украинадагы согуш себептүү Америка Кытайдан чалгып калбаганын түшүндүрөт. Азыркы Тайвань кризиси жана анын себептери мына ушулар.
  • Бул кризис согушка же тынчтанууга алып келерине келсек, көбүрөөк ыктымалга ылайык, бул абалдан Кытайды өз астанасында кризистер менен алек кылуу көздөлгөн. Себеби, бул нерсе Украина согушунда Кытай Россияны колдошуна тоскоолдук кылат. Ошентип, Америка Россия үчүн Украина, Кытай үчүн Тайвань кризисин пайда кылды. Эгер, Америка Украина жана Тайвань кризисин күчөтүү аркылуу даярдаган баткактын канчалык кооптуу экенин Россия жана Кытай аңдап жетпесе, Америка үчүн эки тарапты тең күчсүздөнтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот! Биз бул нерсе көбүрөөк ыктымалга ылайык деп айтып жатабыз. Анткени, согуш ыктымалы же эч болбогондо аскерий кагылышуулар ыктымалы да бар. Себеби, кошуундар бир-бирине жакындашып, провокациялар күчөгөн абалда капыстан жүзөгө келе турган ар кандай жаңылыштык бул ыктымалдарды жүзөгө келтириши мүмкүн.

Сегизинчи:  жыйынтыктап айтсак, бүгүнкү күндө дүйнөдө адилет жана изгиликти кадырлабаган, тескерисинче, бүтүндөй зулум жана карамүртөздүккө малынган ири мамлекеттер өкүмдарлык кылууда. Алар ушундай мамлекеттер, эгер алардын кызыкчылыктары элди жана эгинди жок кылууну талап кылса, албетте жок кылышат. Эгер, алардын каалоосу ойрондулук жана бузгунчулук жолунда кан төгүүнү талап кылса, экиленбестен кан төгүшөт… Кудум тарыхтагы «ири мамлекеттер» эсептелген фарс жана рум мамлекеттери заманындагы абал кайтып келгендей. Ошол кезде алар момундардын колу менен жок кылынгандай, бүгүнкү ири мамлекеттер да момундардын колу менен жок кылынат. Ошондой эле, Аллахтын уруксаты менен, Рошид Халифалык кайра нур чачып, бүткүл дүйнөгө изгилик жаят.

﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً﴾

«Алар: «Ал качан болот?» деп сурашат. Айткын: «Балким жакында болоор         [17:51]

 

                                                                                                            15-мухаррам, 1444-х.

                                                                                                                 23-август, 2022м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here