Таъзия

167
0

Таъзия

Ислам дини толук түрдө, туура тарыйкатта жеткирилишине Кыргызстан калкы мухтаж болуп турган ушул чакта, калыстык менен так ушундай даъват алып барып жаткан дагы бир азаматыбыздан ажырадык. Кызыл-Кыялык бурадарыбыз Каразаков Садыр Салиевич малааматчынын малааматынан коркпостон Аллахтын жолунда жүрүп, Аллахтын алдына кетти. Аллахым бурадарыбызды шахиддердин саййидинен кылган болсун.

Боордошубуз Каразаков Садыр 1975-жылы 28-октябрда жарык дүйнөгө келген. 2012-жылы Хизбден дарс алып баштап, 2014-жылы Хизб ут-Тахрир исламий саясий партиясынын сабында даъватын баштаган. Ал төрт кыз, бир уулдун атасы эле. Ушул жылы февраль айында УКМК жана ИИМ кызматкерлери аны “экстремизмде” айыптап камакка алышкан. Ашказанында рак ооруусу болгонуна карабастан, бурадарыбызды ур-токмок менен алып кетишкен жана ал тергөө жайларында медициналык кароосуз калган. Натыйжада ооруусу күчөп, аны ооруканага жөнөтүүгө аргасыз болушкан. Акыбетте илдети күчөп олтуруп, бурадарыбыз бул өткүнчү дүйнө менен кош айтышты. Биз Рахман жана Рахийм Аллахтан бурадарыбыздын дарттан тарткан азаптарын күнөөлөрүнө каффарат кылышын, күнөөлөрүн магфират кылып, Өзүнүн кеңири жаннаттарынан орун беришин сурайбыз. Бурадарыбызга зулум кылган колонизатор кафирлердин малайлары менен алардын жүгүртөктөрү үчүн болсо Аллахтын азабы жакын.

Ушундай кайгылуу окуя себептүү, Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрир бурадарыбыздын жакындарына, Хизбдеги сапташтарыбызга о.э. жалпы Кыргызстан мусулмандарына терең кайгыруу менен аза билдирет. Боордошубуздун перзенттерине, тууган-уруктарына сабру-жамил тилейбиз: Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин жана анын артынан сиздерди жакшылыктары менен сыйласын.

 Албетте, ар бир мусулмандын, айрыкча, даъват аманатын көтөрүүдө үзөңгүлөш болгон боордошубуздун каза болушу бизди терең кайгыга батырса да, биз  Аллахты ыраазы кыла турган сөздөн башкасын айтпайбыз:

إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз”. [2:156]

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 09. 2022

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here