Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

43
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

ٱلَّذِي خَلَقَنِي فَهُوَ يَهۡدِينِ () وَٱلَّذِي هُوَ يُطۡعِمُنِي وَيَسۡقِينِ () وَإِذَا مَرِضۡتُ فَهُوَ يَشۡفِينِ () وَٱلَّذِي يُمِيتُنِي ثُمَّ يُحۡيِينِ

Ал мени жараткан, анан Өзү мени Туура Жолго баштайт. Анын Өзү гана мени тойгузат жана кандырат. Кесел болгон чагымда Анын Өзү мага шыпаа берет. Ал мени өлтүрөт, кийин (Кыямат Күнүндө кайра) тирилтет.[26:78-81].

Бисмиллахир рохманир рохиим

Кириш сөз

Аллахка алкыш-мактоолор болсун. Аллахтын элчисине, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал затты дос тутуп, аны ээрчигендерге дуба-саламдар болсун.

Бул китеп айрым боордошторубуздун аракеттеринин натыйжасы болуп, алар бул китептеги маалыматтарды топтоодо, тартиптештирүүдө, аларды текшерип чыгууда о.э. бул маалыматтардын темаларын аныктоодо жана башка ушул сыяктуу иштерде аябай чоң кызмат көрсөтүштү. Бизге болсо, аны карап чыгуу, кээ бир бөлүмдөрүн оңдоо жана айрымдарын хазф кылуудан (түшүрүп калтыруудан) башка иш калбады. Ушул китеп жакшылыктарга, үммөт үчүн пайдалуу маалыматтарга бай болот деп үмүттөнөбүз.

Албетте, Аллахка хамд айтабыз. Себеби:

عَلَّمَ ٱلۡإِنسَٰنَ مَا لَمۡ يَعۡلَمۡ

Ал Зат инсанга анын билбеген нерселерин үйрөттү [96:5]. Анткени, Ал мындай кылды:

»لِكُلِّ دَاءٍ دَوَاءٌ فَإِذَا أَصَابَ دَوَاءُ الدَّاءِ بَرَأَ بِإِذْنِ اللَّهِ عزوجل«.

  “Ар кандай оорунун дабаасы бар. Эгер оорунун дабаасы табылса, оорулуу – Азиз жана Улуу болгон – Аллахтын изни менен айыгып кетет”. Муслим чыгарган. Андан соң мээримдүү жана ырайымдуу Аллах Өзүнүн шарияты менен өкүм жүргүзө турган имамга – халифага байъат берүүнү фарз кылуу менен бизге неъматын толук жеткирди. Анткени, Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзө турган халифага байъат берүүнүн натыйжасында жахилдерче өлүп кетүүдөн кутулабыз:

وَمَن مَاتَ وَليسَ في عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً

“Кимде-ким мойнунда халифага байъаты жок өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр”. Муслим чыгарган.

Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзө турган халифа бизди саламаттыгыбыз жаатында да, азиздигибиз жаатында да Аллах буюргандай башкарат:

الإمام رَاعٍ ومسؤول عن رَعِيَّتِهِ

 Имам-Халифа башчы жана ал өз раъиятынан (жарандарынан) жоопкер”. Бухарий чыгарган.

Мунун натыйжасында биз дүйнө жана акыретте ийгиликке жетишебиз:

ذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

 Мына ушул улуу бакыт.[9:89].

Сөзүмдүн аягында, Аллах Субханахудан ушул китепти жазууда кызматын аябаган бардык боордошторубузга Өзүнүн ажр сыйлыктарын толук беришин сурап каламын. Себеби, Улуу Аллах мындай деген:

وَأَن لَّيۡسَ لِلۡإِنسَٰنِ إِلَّا مَا سَعَ () وَأَنَّ سَعۡيَهُۥ سَوۡفَ يُرَىٰ () ثُمَّ يُجۡزَىٰهُ ٱلۡجَزَآءَ ٱلۡأَوۡفَىٰ

 Жана инсан үчүн жалгыз өзү кылган аракет гана болот. Анын кылган иш-аракети болсо жакында (Кыямат Күнүндө) көрүнөт. Андан соң ал (ошол аракети үчүн) толо-толгон жаза-сыйлык алат.[53:39-41].

Сөзүмдүн соңунда, Аллахым Өзүңдөн: “Бизди билген нерселерибизден пайдаландыр,  пайда бере турган нерселерди бизге билдир! Илимибизди зияда кыл!” – деп сурап калам. Бардык Ааламдардын Роббиси Аллах Таалага хамд болсун!

Хижрий 1443-жыл, Зул-хижжа.

Миладий 2022-жыл, 26-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here