Кыргыз-тажик чек арасында бир күндө үч жолу ок атышуу болду

51
0

Кыргыз-тажик чек арасында бир күндө үч жолу ок атышуу болду

 Кабар: 14-сентябр саат 15:08де кыргыз-тажик чек арасынын Баткен районунун Паскы-Aрык тилкесинде ок атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Тажикстан чек арачылары Кыргызстандын “Самаркандек” заставасындагы чек арачыларга карата ок чыгарып, кыргыз чек арачылары жооп иретинде ок аткан.

Маалыматта: “Кезектеги ок атышуу башталды”, – деп айтылган.

 Эскерте кетсек, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасынын Булак-башы аймагында ок атышуу болгон. УКМКнын чек ара кызматы буга Тажикстан чек ара отрядынын мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп,такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлегени себеп болгонун билдирген.

Өз кезегинде, Тажикстан да Кыргызстанды айыптады. Тажик тараптын билдиришинче, 14-сентябрь күнү саат 07:15 чамасында Кыргызстандын Баткен чек ара отрядынын “Булак-Башы” чек ара постунун чек арачылары “Исфара” чек ара отрядынын “Кех” чек ара постун көздөй миномёттон 4 жолу ок чыгарган.  Мындан тышкары, Кыргызстан тараптан бул аймакка кошумча аскерий күч жана техника тартылган.

Түштөн кийин Как-Сай аймагында ок атышуу башталды.

 Комментарий: 2019-жылдын март айында Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келеринин алдында эки-үч жылдан бери дээрлик тынчып калган кыргыз-тажик чек ара жаңжалы күчөгөн. 2021-жылдын 28-29-апрель күндөрү Тажикистанда ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештери катчыларынын жыйыны болуп өткөндөн кийин, 29-апрелден 1-майга чейинки кагышуулар эки мамлекет ортосунда  чыныгы согушка айланып кетерине аз калган. 15-16- сентябрь күндөрү Самарканд шаарында ШКУнун кезектеги саммити өтөт. Саммиттин алдында экономикалык жактан аймактагы экономикасы эң начар болгон кошуна мамлекеттер ортосунда дагы кайрадан ок атышуу кайталанды.

 Белгилүү болгондой, Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы чек араларды толугу менен Россия көзөмөлдөйт. Россия чек ара проблемасын бул мамлекеттерге басым өткөрүү куралы катары пайдаланып келет. Ал колунан келишинче бул мамлекеттер ортосунда туруксуздук жана келишпестиктерди пайда кылуу менен аймактагы өзүнүн аскерий аралашуусун күчөтүүгө умтулууда. Аймактагы малай режимдер болсо анын бул планын ишке ашырып беришүүдө. Бул малайлар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо аркылуу проблеманы жөнгө салмакчы болуп жаткандай  түр көрсөтүп жатышканы менен, негизи бул иштери аркылуу боордош элдер ортосундагы жасалма чек араларды бекемдөөгө кызмат кылышууда. Россия аймактагы чек ара көйгөйлөрү тынчтык жолу менен чечилишине эч качан жол бербейт. Тескерисинче, ал чек ара көйгөйү каалаган убакта пайдалануу мүмкүн болгон “мина” болуп калышына кызыкдар.

 Бул көйгөйлөр чек араларды бекемдөө, же эки мамлекет ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо менен эле чечилип калбайт. Тескерисинче, колонизатор мамлекеттер малайлары аркылуу мусулмандардын зээнине сиңирип койгон “улутчулдук” жана “мекенчилдик” сыяктуу төмөн, чириген пикирлерди таштап, кайрадан Исламга кайтуу, Аллахтын өкүмүн жашоодо колдонуу аркылуу гана чечилет.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here