Кытайдын таасирин арттырган темир жол долбооруна кол коюлду

165
0

Кытайдын таасирин арттырган темир жол долбооруна кол коюлду

         Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда башталган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясы кабарлады.

         Маалыматка ылайык, жол тилкеси “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты менен өтөт. Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, андан ары Түркия жана Европа Биримдигине жеткирүүнү камсыздайт.       

         Президент Садыр Жапаров Кытай лидери менен болгон жолугушууда “Бир алкак жана бир жол” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу ШКУнун алкагында экономикалык өнөктөштүктү кеңейтерин билдирди. Ал эми, Кытайдын лидери Кыргызстанга инвестиция салууга, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү кызыкдар экенин айтты.

         Белгилей кетсек, 13-сентябрда жүк ташыган эки контейтер Кытайдан Ошко келип, андан ары темир жол аркылуу Ооганстанга жөнөтүлгөн эле. Кытайдан Ооганстанга багытталган жүк дагы көбөйө турганы айтылган.

         Жогорудан маалым болгондой, темир жолдун курулушу менен Кытайдын аймактагы таасири дагы да артышы талашсыз. Буга чейин темир жол долбоору Россиянын региондогу кызыкчылыктарына тескери келгени себептүү ишке ашпай турган. Учурда ал Украина баткагына батып, Борбор Азия үстүндөгү таасирин Кытай менен бөлүшүүгө мажбур абалда. Кытай ушул долбоор менен эле чектелбестен, региондо мамлекеттер менен соода хабдарын куруу аркылуу экономикалык экспансиясын ого бетер күчөтүүгө аракет кылууда.

         Ал эми, АКШ расмий делегациясын аймакка жиберүү менен айрым өлкөлөрдөгү таасирин бекемдеп жатат. Айрымдары менен стратегиялык келишимдерди жаңылоого аракет кылууда. Анткени, Кытайдын таасиринин артуусу АКШнын стратегиялык кызыкчылыктарына каршы келет. Мындан улам, аймакта Кытайга каршы маалыматтык согуш алып барып, Кытай баскынчылыгына каршы коомдук пикир жаратууга аракет кылып келет. Көбүнесе мусулмандардын туйгусун кытыгылап, Шинжаңдагы зулумдуктарды ачып таштоону курал катары пайдаланууда.

         Россия болсо азыркы абалында региондогу мамлекеттерге экономикалык жактан колдоо көрсөтө албайт. Ошол себептен да регион үстүндө АКШ менен Кытайдын күрөшү күчөшү күтүлүүдө.

         Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азия мамлекеттери Орусиянын экономикалык чабал абалынан улам Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп барууда. Ошондуктан, Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакафий, аскерий баскынчылыгына каршы туруубуз керек. Бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл.
Ал эми, Борбор Азиядагы мусулмандар Кытайдын баскынчылыгынан, Орусиянын өкүмзордугунан чыгуу үчүн алгач биригүүлөрү зарыл. Бул биригүү улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу убактылуу төмөн пикирлердин негизинде эмес, бардык тармакта негиз боло турган Ислам акыйдасы негизиндеги биригүү болушу зарыл. Мына ушул Ислам негизиндеги башкаруу гана колонизаторлордун зулумдугунан коргоп, коомубузга бейпил жашоону кепилдеп берет. Үммөт кызыкчылыгындагы долбоорлорду чет элдиктердин колуна карматпастан, өзү ишке салып, калк кадыржамдыгы үчүн кызмат кылат. Мындан башка колонизаторлуктун зулматынан кутулуунун жолу жок.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here