ШКУ саммитин утурлай чек арада чыр чыкты

28
0

ШКУ саммитин утурлай чек арада чыр чыкты

         14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атуу катталды.

         Белгилүү болгондой, 14-17-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай Кызматтатык уюмунун саммити өткөрүлөт. Ага Кыргызстан, Тажикстан жана Россиянын президенттери да катышып, жолугушуусу күтүлүп жатат. Буга чейин, Россиядагы мигранттарга карата документтик талаптар татаалдашкан. Мындан улам, Борбор Азиядан барган мигранттар 3 ай сайын чек арадан кирип чыгууга мажбур болууда. Мындай мыйзамдын татаалдашы регион бийликтерине басым экени талашсыз. Россия басым өткөрүүнү муну менен эле токтотпостон, өзүнүн “козырь карталарынын” бири болгон чек ара маселесин да келтирип чыгарууда. Мындай кадамдар президенттердин жолугушуусунда талкуулана турган биринчи маселе болушу жана Путиндин астында көз карандылыгын сезип турушу үчүн кылынган ыкмалардан.

         Экинчи тараптан болсо чек ара чырынын чыгып туруусуна тажик жана кыргыз бийликтери да кызыктар. Тажик тарап муну менен калктын нааразылыгын чек арага бурууну каалайт. Кыргыз бийлиги болсо күн санап түшүп бараткан рейтингин сактап калуу жолунда пайдаланат. Ошондой эле, өлкө кызыкчылыгына каршы кабыл алган чечимдерден алаксытуу үчүн да мындай окуялардын болуп туруусуна кызыктар.

         Тилекке каршы, акыркы жылдары эки мусулман калк кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар байма-бай катталууда. Негизинен, бул жаңжалдар Орусиянын басымы натыйжасында уюштурулат. Айрым учурда ички саясаттагы кызыкчылыктан, кээде улутчулдуктун кесепетинен да жаңжалдар тутанып кетүүдө. Мындай окуялар адам өлүмү менен да коштолуп келет. Демек, чек ара жаңжалдарынан кутулуу үчүн мына ушул факторлордон кутулуу зарыл. Башкача айтканда, эки мусулман калк колонизатор орустун пландарын өз учурунда аңдап жетип, анын провакациялык аракеттерине жол бербөө керек. Экинчиден, өз калкынын кызыкчылыгы менен келечегин кожоюндарынын планы үчүн курмандыкка чалууга даяр болгон жетекчилердин кылмыштуу аракеттерин тыйып, коомдук пикир аркылуу токтотуп калуубуз керек. Мындан тышкары, эки мусулман калкты душманга айлантып жаткан ыплас улутчулдук, мекенчилдик пикирлеринен кутулуубуз шарт. Мындай төмөн пикирлер арабызга каапырлар тарабынан мусулмандарды бөлүп-жаруу үчүн атайын себилүүдө. Бул пикирлер жараксыз, ыплас экени талашсыз.

         Жыйынтыктап айтканда, СССРдин колонияларын мураска алып калган Россия региондогу мамлекеттерге басым өткөрүүдө жана аларды өзү каалаган жолго салууда дал ушул чек ара көйгөйлөрүнөн курал катары пайдаланып келет. Эгер Россиянын ишарасы болбосо региондогу экономикасы эң начар, эң жакыр мамлекеттер болуп эсептелген эки республиканын бири-бирине каршы согушуусу, бири экинчисинин аймагына бастырып кирип, гранатомёт жана пулемёттордон ок жаадырышы мүмкүн эмес.

         А бирок, чек араларды бекемдөө же эки мамлекет ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо менен эле көйгөй чечилип калбайт. Чек ара көйгөйлөрүн чечүүнүн жолу – бул колонизатор кафирлер ортобузга белгилеп койгон жасалма чек араларды жоюу, ушул чек араларды мыйзамдаштырып берген эл аралык мыйзамдарды четке кагуу о.э. ар түрдүү эл аралык жана аймактык уюмдарга мүчөлүктөн баш тартууда. Ал үчүн болсо, өз акыйдабыздан келип чыгуучу исламий түзүмдү жашоодо колдонуу үчүн о.э. ушул аркылуу эки дүйнө бактылуулугуна жетүү үчүн аракет кылышыбыз керек.  Мына ошондо, каафирлердин өз ара кырды бычак кылып коюп башкара бермей планы жокко чыгат. Кыбыласы, Китеби, Пайгамбары а түгүл кабыры бир эл камыр-жумур жашоо кечирүү үчүн бул иш абдан маанилүү. Ал эми, чегара маселелерин түпкү чечими болсо, Халифалык Мамлекетин тикелөөдө жатат. Анткени, Халифалык бүгүнкү дүйнөдөгү империалисттик системаны уратып, алар чийген чегараларды жокко чыгарат, каафир колонизаторлорду өлкөлөрүбүздөн кууп чыгат, улутчулдук жана мекенчилдик идеяларын жоготуп, “мусулмандар – бир туугандар” идеясын киргизет. Демек, аракет кылуучулар мына ушул жолдо аракет кылып калышсын.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here