Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан бюджетке колдоо катары 50 млн доллар алды

16
0

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан бюджетке колдоо катары 50 млн доллар алды

Кабар: Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанга республикалык бюджетти колдоо үчүн 50 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында  , бул сумманын 25 млн доллары – кредит. Насыя 16 жыл мөөнөткө берилди. АӨБ бөлгөн каражаттын калган бөлүгү – грант.

“Министрлер кабинети бул келишим боюнча бардык милдеттенмелерди аткарды. Анан калса, милдеттенмелер жарандардын бакубат жашоосун камсыздоо үчүн баары бир аткарыла турган талаптар болчу”, – деп жазды депутат Дастан Бекешев.

Ал дагы, Кыргызстан Чүй облусу менен Бишкектеги медициналык мекемелер үчүн Япониядан 7 млн алганын кошумчалады.

Буга чейин Бекешев Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 38 жылдык мөөнөткө 50 млн доллар алууну пландап жатканын билдирген. Ал каражат республиканын энергетика тармагын модернизациялоого жумшалары белгиленген.

Комментарий: Президент болгонго чейин “бир жылда мамлекеттин экономикасын бутка тургузам, Кыргызстанды беш жылдын ичинде карыз алуучу мамлекеттен карыз берүүчү мамлекетке айландырам” деген убадаларды берген Садыр Жапаров Кыргызстанды карыздан куткармак тургай, тескерисинче күн өткөн сайын карызга батырып бара жатат.

Жапаров бийликке келгенге чейин т.а. 2020-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 81 миллион доллар болгон болсо, 2021-жылы 5 миллиард 147 миллион долларга жетти. Ал эми, 2022-жылдын июнь айына келип 5 миллиард 224миллион доллардан ашып кетти. Бул карызга, өкмөт сентябрь айында Дүйнөлүк банктан “Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” үчүн алган 50 миллион долларды о.э. бюджетти колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан алынган карызды кошуп эсептесек, Кыргызстандын карызына дагы 100 миллион доллар кошулган болот. Бул дагы жыл соңуна жетпей туруп чыгарылган жөнөкөй эсеп. Себеби, өкмөт жылдын аягына чейин дагы ар түрдүү шылтоолор менен карыз алышы мүмкүн. Президент болсо мугалим жана дарыгерлердин айлыгы көтөрүлгөнүн айтып мактанууда. Кечээ күнү Садыр Жапаров өзүнүн фейсбуктагы баракчасында, Министрлер кабинети быйыл 1-октябрдан баштап пенсиянын көлөмүн көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Анын айтымында, пенсияны көтөрүү үчүн республикалык бюджеттен 90 миллион сом бөлүнүп, пенсияга 1700 сомдон 3400 сомго чейин кошулат. Демек, Азия өнүктүрүү банкынан бюджетти колдоо үчүн алынып жаткан 50 миллион доллардын бир бөлүгү пенсияны көтөрүүгө жумшалат. Негизи, карыз алып айлык, пенсия жана жөлөк пулдарды көтөрүү үчүн өтө акылдуу болуу деле шарт эмес.

Кыргызстандын карызга батып барышына негизинен колонизатор мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эл аралык башкаруу түзүмү себепкер. Сүткордукка негизделген капиталисттик түзүм жана анын колонизатордук куралы болгон эл аралык каржылык уюмдар үчүнчү дүйнө мамлекеттерин карызга батырып, алардын карыздан кутулушуна эч кандай мүмкүнчүлүк беришпейт. Бул жердеги үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин, анын ичинде, Кыргызстандын саясий чөйрөсүнүн ролу – алардын коррупцияга батып калышында. Бул коррупциялык схемага да тышкы колонизатор мамлекеттер шыктандырып турушат. Аларга Кыргызстан көбүрөөк карызга батып калышы үчүн, берилген карыздардын бир бөлүгүн өздөштүрүп алуу жөнүндө ойлоно турган коррупционер чиновниктер керек. Эл аралык саясат өкүлдөрү мына ушул арам тамак саясий топтон пайдаланат. Себеби, аталган топ мамлекет үчүн карыз алып жатканда бир жолу болсо да “оор өнөржайды өнүктүрүү үчүн, же болбосо, буга чейин сатып, жок кылынган ири ишканаларды калыбына келтирүү үчүн” деп карыз алган эмес.Кыргызстандын проблемасы, эл аралык капиталисттик система үстүбүздө турганында жана ушул система түзгөн эл аралык саясатта. Материалдык пайдадан башкасын эсепке албай турган капиталисттик түзүм үстүбүздө турган соң, Кыргызстан эч качан карыз жүгүнөн кутула албайт.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here