СEDAW конвенциясы – Исламга каршы күрөш! Анын аскерлери – Батышка моюн сунган малай өкүмдарлар

151
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

СEDAW конвенциясы Исламга каршы күрөш!

Анын аскерлери Батышка моюн сунган малай өкүмдарлар

Адам укуктарынын Араб хартиясы боюнча өткөрүлгөн семинарда Судан тышкы иштер министри Али Садык CEDAW конвенциясын ратификация кылуу боюнча аракеттер уланып жатканын баса белгиледи. Ал: «Судан улуттук мыйзамдарды эл аралык жана регионалдык келишимдерге шайкеш келтирүүдө чоң аракеттерды жасап жатат», – деди.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын аялдар жаатынын сүйлөөчүсү билдирүү жарыялап ушуларды баса белгиледи: «CEDAW абдан кооптуу, аны үгүттөп жаткандар канчалык жасалма ураандар менен аны жакшы кылып көрсөтүүгө урунушпасын, бул конвенция адамдын туура табиятында бүтүндөй төңкөрүш жасайт о.э. Ислам жана анын аялга карата көз карашына бүтүндөй тескери. Судан өкмөтүнүн бул конвенцияны колдонууга мынчалык катуу аракет кылып жатканынан ал Батыш мамлекеттерине канчалык моюн сунганы жана мусулмандарды дининен алыстатууга урунууга өтө бекемдиги көрүнүп турат. Бул конвенциядан мусулмандардын мээсине, айрыкча, социалдык тармакта шаръий өкүмдөргө тескери нерселерди орнотуу көздөлгөн».

Билдирүүнүн аягында мусулмандарга кайрылуу жасалып, мындай делет: «CEDAW конвенциясынын ар бир пункту – Исламга каршы ачык согуш. Ал муслима аялдарды бузууга жана Ислам өкүмдөрүнөн баш тарткан аялдарга айлантууга багытталган, эркек менен аялдын ортосундагы айырмага каршы чыгууга, бүтүндөй теңдикти орнотууга чакырат. Мына ушулардан силер CEDAW конвенциясы жана анын акыбеттерин түшүнүп жеттиңер. Эми силер үчүн ага каршы туруп, күрөшүү фарз болду. О.э. диниңердин өкүмдөрүн бекем карманып, Батыштын малай өкүмдарлары колдонуп жаткан жана жашооңорду бузуп жаткан пландарын кыйратышыңар силерге фарз. Ислам шариятысыз күч-кубатка жана бийиктикке жетүү мүмкүн эмес экенин унутпагыла. Качан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети ушул шариятты колдонсо, Батыш цивилизациясы бузган бардык нерселер оңдолот жана Аллах адамдарды жараткан табият албетте кайра оңдолот».

 

Роя гезити, №406, 2022-жыл, 31-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here