Зордуктоо окуяларынын себеп жана чечимдери

229
0

Зордуктоо окуяларынын себеп жана чечимдери

4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы окуучу кыз өлтүрүлгөн абалда табылганы кабарланды. Маалыматтар боюнча, окуучу кыз зордукталып, кийин муунтуп өлтүрүлгөн. Бул окуя коомчулукта кеңири талкуу жаратты. Негизи, мындай окуялар көптөн бери күн санап өсүп, коомдо мындай окуялардын себеби, алардын чечими тууралуу суроолор адамдардын башын катырып келет. Адаттагыдай эле, бул сапар да бийлик башка бардык проблемалардан элдин оюн ушул темага буруп жиберүүгө урунуп жатса, оппозиция мындан өз кызыкчылыктарына пайдаланып калууга умтулууда. Карапайым калк туйгуланып, каардануу менен ар нерселерди айтып жатса да, бирок, мындай окуялардын түпкү себеби жана түпкү чечими жаатында карайлап, дале баягы саясатчылардын оозун карап калышууда. Ал эми саясатчылардын айтымдарына карай турган болсок, алар чыныгы себеп жана чечимдерди издебей эле, Батыштан көчүрүп алган сөздөрүн сайрашып, популисттик кылып жатышканын көрөбүз.

“Мындай окуялардын түпкү себеби – демократия маскасын жамынган капиталисттик системада” деп айтсак, муну көпчүлүк түшүнө бербеши мүмкүн. Бирок, жөнөкөй эле бир акыйкатка назар салып көрүңүздөр: бул сыяктуу окуялар социалисттик система учурунда мындай массалык көрүнүшкө ээ болгон эмес, качан гана өлкөбүздө демократия маскасын жамынган капитализм колдонула баштагандан кийин мындай окуялар күн санап өсүп, алардын түрлөрү көбөйүүдө. Мурунтан капитализмде жашап келген өлкөлөрдө мындай окуялар адаттагы эле көрүнүшкө айланып бүткөн. (Биз муну менен социализмди жактап жаткан жокпуз, анын бузук система экени талашсыз. Болгону мында, ар бир идеологиялык системанын өзүнө ылайык жашоо образы бар экенин айтып жатабыз). Демек, тыянактап айтканда, бул сыяктуу окуялар капиталисттик система колдонулушунун табийгый “мөмөлөрү” болуп саналат.

Ушундай окуялар болгон соң, эми кайра мына ошол капитализм “карлыгачтары” болгон саясатчылар жана укук коргоочулар бул окуяларга карата чечимдерди сунуштап олтурушат. Мисалы, айрымдары жазаларды катаалдантып, өлүм жазасына тартуу, бычып салуу сыяктуу жаза-чараларды киргизүүнү сунушташса, кийинкилери анда айыпталуучулардын укугу бузулары тууралуу айтып жатышат. Дагы бирлери болсо катаал жазалар жалаң гана карапайым адамдарга карата колдонулуп каларын айтышууда. Булардын кайсынысы туура?! Булардын туурасын аныктап болбойт… (анткени, демократиянын табияты ушундай, андагы адамдар чыгарган мыйзамдар бири-бирине карама-каршы, ич ара кайчы келүүчү, өзгөрүүчөн жана таасирленүүчү болот). Айтылган сунуштарды карасак, алар башка капиталисттик мамлекеттердин мыйзамдарынын көчүрмөсү эле экенин көрөбүз жана ал мамлекеттер мындай мыйзамдары менен эч кандай ийгиликтерге жетишпегенин билебиз. Ооба, биздеги бийлик кызыкчылыктарына ылайык, алардын айрымдары парламент тарабынан колдоо таап, элди сооротуучу мыйзамдар болуп кала бериши ыхтымал. Лекин алар эч качан бул проблемалардын туура чечими болуп бере албайт.

Демократияга ылайык, адамдын акыйда эркиндиги, жеке эркиндиги, пикир эркиндиги, мүлк эркиндиги кепилденет. Эми караңыз, “Аллах баарын көрүп турат, күнөө иштерден тыйылайын” деген түшүнүк болбосо, тескерисинче, “өзүмдүн нафсим каалагандай эркин жашап өтүшүм керек” деген түшүнүк менен, адам ыңгайы келип турганда мындай кылмыштардан тыйылышы канчалык даражада болот? Аллах буйругандай авраттарыңарды жаап жүргүлө, анын хикматы менен бузукулуктарга бөгөт коюлат делсе, “менин деним – менин ишим” деп, жылаңачтанган аялзаты сексуалдык ыдыкка шарт түзүп берген болбойбу? Батыштын “аял укугу”, “гендерлик теңдик” түшүнүктөрүнө жамынып алып, окуу жана иш жайларында аял-эркектин аралашып жүрүүсү, аларды бузукулукка түрткөн оюн-зоок кечелери мамлекеттик иш-чара катары уюштуруп берилиши, жеке жашоолорунда никесиз эле ээрчишип жүрүүлөрүнө шарттар жаратып берилиши – булардын баары ыхтыярдуу бузукулуктан сырткары – зордуктоолорго да булак болуп берип жатпайбы? Көздөрүн арамдан тосуп, сөздөрүндө арамдан качып, шарият талабындай жашагандын ордуна, пикир эркиндигин шылтоо кылып, бузуку фильмдерди жайылтуу эркектерди зордукчулдукка түртүп, аялдарды алардын курмандыктарына айлантып жаткан жокпу?  Мүлк эркиндиги акыбетинде болсо, бир ууч адамдар бүткүл байлыкка ээ болуп, бийликти да ээлеп алышат. Алар мыйзамды өздөрүнө ылайыктап чыгартышат о.э. жалпыга тиешелүү мыйзамдардан өйдө туруп калышат. Мисалы, ушуга чейин кайсы капиталисттик мамлекеттин чиновник-капиталисттеринин өздөрү же балдары өлүм жазасына тартылып же кастрация болгонун уктуңар? Ал тургай, алар жөнөкөй эле жазаларды да тартышпайт. Кээде болсо, ким күчтүү болсо, алардын кылмыштары башка байкуштардын мойундарына илип коюлат. Демек, демократия чүмбөтү менен турмушубузга капитализм улам тереңдеп кирген сайын, улам тири шумдук окуялар арбып барууда. Өзгө эмес өгөй атасы, ал тургай, өгөй эмес өз атасы зордуктаган фактылар байма-бай катталууда. Демократия “жарчылары” болсо, анын чыныгы жүзүн жашырып, мындай кылмыштарды бет тырмачылык менен кайра динге оодарууга жан үрөшөт, кандай гана бети жоктук! Мисалы, мындай зордукчулардын 100 дөн биринин сакалы болсо же намаз окуса, дароо анын сакалы же намазына басым жасашат.

Жогоруда белгилеп кеткенибиздей, ар бир жашоо системасынын өзүнө тиешелүү өзгөчө жашоо образы бар. Эми элестетип көрүңүз, эгер исламий жашоо образы болсо, эркектер менен кыздар башка-башка жайда окуса, аял-эркек аралаш иштебесе, аял киши жат (гойримахрам) эркек менен ээн (хилватта) калбаса, аялзаты махрамсыз сафарга чыкпаса, эркектер арамдан көзүн тосуп жүрсө, аялдар көчөдө жасанбаса, атырларды буркурата себинбесе – мына ушундай жашоо образы болсо, анда аялдар кандай зордукчулукка туш болмок эле? Ушундай жашоо образында да ээнбаштар чыгып, күнөөгө кол урушса, казы ага шарият жаза-чараларын белгилеп, мамлекет ишке ашырып турса, ким зордукчулук кылмак эле?

Баса, аталган окуяга карата эл тарабынан сунушталган чечимдердин арасында кылмышкерлерге карата шаръий жазаларды колдонуу да көп кезикти. Анткени, мусулман калкыбыз өз Исламына талпынып жатат эмеспи. Бирок, бул сунуштардын бардыгы адамдардын мусулманчылык туйгуларынан гана келип чыккан болуп, аларга тактык киргизүү талап кылынат. Жогорудагы окуяга байланыштуу кыскача айтсак, эгер зордукчулардын зордуктаганы, андан кийин өлтүргөнү шаръий тастыгын тапса, зордукчулар алгач зынакерлиги үчүн жазаланышат. Бойдок болушса, дарра уруу менен жазаланышат, үй-бүлөлүү болсо, ташбараң кылып өлтүрүлүшөт. Тирүү калган абалда, андан кийинки өлтүргөндүктөрү жаатында жазаланышат. Мунун жазасы өлүм, эгер акылуулар кечиришсе, кун төлөнөт. Бул жазаларды шаръий казы белгилейт жана аларды Исламий мамлекет ишке ашырат. Мына ошондо гана жазалануучулар ахыретте жазаланбай турган болот.

Азыр бул жаза-чараларды белгилөөчү шаръий казы да, аларды ишке ашыруучу Халифалык мамлекети да жок. Ошондуктан, алар турмушта колдонулбай келүүдө. Ушулардан көрүнүп тургандай, бул жаза-чаралар эле эмес, бүтүндөй Ислам толугу менен Халифалык мамлекетинде гана колдонулат. Ошондуктан, мусулмандар исламий жашоодо жашашы үчүн Халифалык мамлекетин тикелөөлөрү фарз. Ал үчүн мусулмандар Халифалыкты тикелөөнүн шаръий тарыйкат-жолун үйрөнүүлөрү керек. Азыр Хизб ут-Тахрир жигиттери исламий жашоону кайра алып келүү жолунда аракеттенип, адамдарга Исламды үйрөтүүдө. Колонизатор кафирлер менен алардын малайлары болсо, калк менен Хизбдин ортосуна куугунтук жана камоолор аркылуу тосуктар коюуда. Ошондуктан, эл бул тосуктарды алып таштап, Хизбге кучагын ачуулары керек. Б.а. бул алардын Исламга жүздөнүүлөрү болуп саналат.

Азыркы учурдагыдай Мамлекетибиз жок учурда болсо, жогорудагыдай окуялар кеңири жайылып, адамдар арасын бузуп жаткан чакта, ыхластуу аалымдар, таквалуу таасир ээлери мындай адамдар арасын шарият алкагындагы сулх менен ислах кылуулары керек б.а. ушундай көйгөйлөргө тиешелүү шаръий өкүмдөрдү ишке ашыруулары керек. Азыр болсо андай адамдарыбызга “экстремист” дооматтары коюлуп, куугунтукталып жүрүшөт. Ошондуктан, шаръий өкүмдөр колдонулушун эңсеп жаткан эл мамлекеттен мындай мусулмандарды куугунтуктоолорун токтотууну талап кылуулары керек.

Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү

  1. 09. 2022

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here