Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаяты күйүүчү май продукцияларынын акылга сыйгыс даражада кымбатташына каршы демонстрация уюштурду

19
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаяты күйүүчү май продукцияларынын акылга сыйгыс даражада кымбатташына каршы демонстрация уюштурду

Өткөн жума күнү Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаяты Дакка жана Читтагонгдогу мечиттерде нааразылык демонстрациясын уюштурду. Демонстрациялар «Бийлик Эл аралык Валюта Фонду менен биргеликте күйүүчү май продукцияларынын баасын акыл сыйгыс түрдө кымбаттатты… Кафир Батыштын экономикалык өкүмдарлыгынан Халифалыкта гана азат болобуз» деп аталды.

Демонстрацияларда сөзгө чыккандар төмөндөгүллөрдү баса белгилешти: «Батыштын Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу уюмдары үчүнчү дүйнө мамлекеттерин карыз баткагына түшүрдү жана өлкөнүн күчтүү экономикасын ойрон кылып, чет элдик мамлекеттерге толук көз каранды экономикага айлантты, жергиликтүү жана эл аралык капиталисттерге ири байлыктарды тартып алышына таштап койду… Бийлик күйүүчү май продукцияларынын баасын кымбаттатканын дүйнөлүк базарларда баанын көтөрүлгөнүн же Индияга контрабанда кылынып жатканын шылтоолоп жалгандарды айтууда. Ушул аркылуу Эл аралык Валюта Фонду менен тил бириктиргенин жашырууга урунду».

Баяндын акырында Бангладеш калкына кайрылуу жасалды: «Силер убада кылынган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө чакырышыңар керек. Себеби, Халифалык гана адамдарды мындай бактысыздыктан куткарууга кудуреттүү. Халифалык колонизаторлор, алардын Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу уюмдары өлкөнүн экономикалык иштерине аралашуусуна эч качан жол бербейт. Экономиканы реалдуу товарлар жана кызматтарга байлап, валютаны алтын жана күмүш менен камсыздайт. Ошондуктан, Халифалык мамлекетинде мындай инфляциялар же негизги товарлардын баасы капыстан жогорулоосу болбойт.

 

Роя гезити, №406, 2022-жыл, 31-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here