“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мугалимдерди даярдоо башталды

268
0

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мугалимдерди даярдоо башталды

  Кабар: 8-августта Бишкек жана Ош шаарларында  Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мугалимдердин тренерлерин даярдоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

 “Окутуудан кийин бир-эки жуманын ичинде 73 тренер облустардагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын 2601 мугалимине «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин кантип окутуу керектигин үйрөтүшөт”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.

 Мындан тышкары, мугалимдерди окутуу үчүн жеке менчик мектептерден дагы ушундай арыздар каралып жатат. Окутуу офлайн жана онлайн режиминде өтөт

 Быйылкы жаңы окуу жылынан тарта 9-класстарга эки чейрек «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети окутула баштайт. Мындагы максат диний көз караштан улам келип чыккан араздашууга бөгөт коюп, дин аралык мамилени бекемдөө экендиги айтылууда. Бул сабак жумасына бир сааттан өтүлөт, жалпы 34 саат бөлүнгөн.

 Комментарий: Колонизатор мамлекеттер колония кылып алган мамлекеттердин же таасири алдындагы мамлекеттердин ички иштери, саясаты жана экономикасынан тышкары билим берүү тармагын да көзөмөлдө кармап турууга аракет кылышат. Себеби, билим берүү – бул сакафат таратуунун ажырагыс бөлүгү болуп, билим берүү аркылуу адамдын акыйдасы, түшүнүктөрү жана дүйнөкарашы калыптанат. Жакынкы тарыхка кайрылсак, кудайсыз коммунисттер да өз акыйдасын таратууда билим берүүгө олуттуу көңүл бурган. Дарвин теориясын билим берүүнүн негизи кылып алган коммунисттер бүтүндөй бир муунду кудайга ишенбей турган атеист кылып тарбиялады. Ал билим берүүнүн таасирлери бүгүнкү күнгө чейин жемишин берип келет. Хижаб, сакал, окуучу кыздардын жоолугу жана башка исламий көрүнүштөр менен баалуулуктарга каршы болуп жаткан иштер дал ошонун натыйжасы.

 Кудайсыздар түзүмү жашоодон четтеген соң анын ордун демократия маскасы артындагы капитализм түзүмү ээледи. Бул түзүм да “үчүнчү дүйнө” мамлекеттеринин саясат жана экономикасы менен бир катарда билим берүү тармагын да өз акыйдасы негизинде калыптандырууга киришти. Мында ал өсүп келе жаткан жаш муундун аң-сезимин ууландырууга ири өлчөмдөгү каражаттарды бөлүп келет. 2019-жылы Европа биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагына 35,7 миллион евро берген болсо, 2022-жылы 32 миллион евро бере турган болду. Бул аркылуу колонизатор Батыш бардык мектептерде өз философиясы, хазараты жана жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрү негизинде билим берүү программаларын иштеп чыгып, ишке салды. Ал тургай, кыздар менен балдар аралаш окуган Кыргызстандагы мектептерде “жыныстык тарбия” сабактарын өтүү маселесин көтөрүп чыкты. Бирок, элдин катуу каршылыгы себептүү ал сабак азырынча өтүлбөй турат.

 Садыр Жапаров президент болгонго чейин мектептерде “Ыйман” сабагын киргизүү демилгеси менен чыккан эле. Бүгүнкү күнгө келип болсо, бул тема “Диндердин өнүгүү тарыхы” болуп өзгөрдү. Себеби, колонизатор мамлекеттер калкынын ири бөлүгү мусулмандардан турган Кыргызстан жана башка исламий өлкөлөрдөгү мектептерде Ислам динине артыкчылык берилишине ыраазы болбойт. Тескерисинче, мусулман жаштардын ишениминде шек-күмөн пайда кылуу үчүн о.э. башка диндерди урматтоо сыяктуу Батыш сакафатын тыгыштыруу үчүн колунан келишинче аракет кылат. Мындан көздөлгөн максат,акыйдасынан башкаруу, саясат, жаза-чара, экономика, финансы жана билим берүү тармактарына да чечим келип чыга турган Ислам динин насроний жана буддизм сыяктуу куру рухий диндерге окшотуу. Ошол себептен Батыш Ислам өлкөлөрүндө мусулмандарды “диндер аралык диалог” түшүнүгүнө ээрчитип, малай акимдерди бул багытта кызматкерге айландырып алды.

Негизи бул долбоор Үммөттөгү мабдаий Исламга каршы багытталган. Ошондуктан Батыш малай акимдерден коопсуздук кызматтары, орган кызматкерлери,белгилүү адамдар, исламий жамааттар, муфтият жана имамдарды, эми мугалимдерди бир сапта иш алып барууга мажбурлоону талап кылууда. Алар өздөрү көтөрүп чыгып жаткан бузук пикирлери менен карапайым калкты жолдон адаштырып, калкты куфр менен ылайыкташтырылган “исламга” чакырып жатышат! Бул аркылуу куфр түзүмү бир ок менен эки коён атмакчы болууда. Бул аркылуу бир жактан мусулмандарды чыныгы Исламдан чалгытып, башка тараптан, мээлүүн ислам аркылуу аларды өз кызматкерине айландырып алуу.

Мунун алдын алуу мүмкүн. Ал үчүн мабдаий даъватты мойнуна алган даъватчылар бул долбоор канчалык кооптуу экендигин түшүнүп жетишибиз жана мабдаий даъватка дагы да олуттуураак көңүл бурушубуз зарыл! Эгер мабдаий даъватты көтөрүп чыгууда суздук кылсак, куфр акыйдалары биз бош калтырган мухитти ээлеп бара берет. Жогоруда айтканыбыздай, келечегибиз болгон жаштарды өздөрүнө тартып, мечит, мектеп, шаар жана айылдарда исламий пикирлерге каршы күрөшө турган армияны пайда кылып алат. Ошол себептен улам, “диндер аралык диалог”, “мээлүүн ислам” долбоорлорунун коркунучун түшүнүп, ага каршы мабдаий даъват алып барууну бир ирмемге да токтотпошубуз керек. Мына ошондо гана алардын аракетинин алдын алып, Үммөт жана келечек муунда куфр акыйдаларына каршы иммунитет пайда кыла алабыз!

 Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here