Путин менен Эрдоган Сочиде Сирия маселесин талкуулады

170
0

Путин менен Эрдоган Сочиде Сирия маселесин талкуулады

5-августта Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Сочиде жолукту. Төрт саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин жасалган билдирүүдө лидерлер Сириядагы бардык террордук уюмдарга каршы күрөштө кеңешип иш алып барууга келишишкенин билдирди. О.э Сириянын саясий жана аймактык бүтүндүгүн коргоого келишишти.

Буга чейин Түркия Тышкы иштер министри Мевлют Чавушуулу Сириянын түндүгүнө жасала турган операция тууралуу билдирүү жасаган. Анын айтымында,  Түркия мындан ары режимдин кыла турган аракеттерине ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Режимдин да аймакты террорлордон тазалоого акысы бар.

Түркия бийлиги мындан мурун да Сирия калкына бир катар кыянаттыктарды кылып келген. Маселен, Алеппо толугу менен оппозициянын колуна өтүү астында турганда «Фырат Калканы» операциясын баштап, өз таасириндеги куралдуу күчтөрдү шаардан алып чыгып кеткен. Натыйжада, Орусия менен Ирандын колдоосуна таянган Асад режими шаарды басып алган. Андан кийин Астанада Орусия менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Идлибге топтолгон жихадий топтордун ортосун ажыратып, аларды “радикалдуу» жана «умеренный» топторго бөлдү. Асад режимине каршы курал менен күрөшкөндөр радикал топтор деп аталды. Сочиде келишилген «Сириядагы бардык террордук уюмдарга каршы күрөшүүдөн» максат дагы дал ушул Асад режимине каршы күрөшүп жаткан топтор экени талашсыз.

Белгилүү болгондой, 2011-жылы Сирия режими Асаддын зулумдугуна каршы чыккан куралсыз калкка каршы армияны ишке салган эле.  А бирок, калкты кыргын  кылууга батынбаган аскер жетекчилери калк тарапка өткөн. Натыйжада АКШ таасирин коргогон режимдин бийлиги коркунучка түштү. Араб жазы аты менен белгилүү болгон көтөрүлүштөрдө АКШ малай алмаштыруу менен калктарды алдоого жетишкен эле. Сирияда бул максаты ишке ашпагандыктан, Асаддын режимин сактоо үчүн алгач Ливандан Хизбуллахты, кийин Иран менен Орусияны айрым кызыкчылыктарды убада кылуу менен чакырды. Түркия болсо оппозициянын кординатору катары столго отурду.

Жыйынтыктап айтканда, мына ушул үчилтик Асад режиминин өмүрүн узартуу үчүн Сирия түндүгүндө кайрадан операция жасоого даярданууда. Учурда Сирия түндүгүндө Орус армиясы абадан көзөмөл кылууда. Түркия кургактыкта 30 чакырымдык аймакты бошотуп коридор ачуу үчүн Орусия менен кеңешип иш алып барууга муктаж. Ошондой эле, буга чейин Асад режимин көшөгө артында колдоп келсе, эми ачык эле кызматташууга өттү. Муну Эрдогандын Сочидеги жолугушуудан кийинки билдирүүсү да ачыктап турат. Ал өз сөзүндө миллиондон ашык мусулмандын канына забын болгон Асад режиминин коопсуздук кызматы менен иштешип жатканын билдирди.

Анын айтымында терроризм проблемасын режим менен биргеликте чечилсе дагы да натыйжалуу болот имиш. Ал эми, Түркия террордук уюм деп эсептеген «Сирия демократиялык күчү» жана «Күрт жумушчулар партиясына» карата күрөш адаттагыдай экинчи планда кала бермекчи. Анткени, алар да Сирия режимин коргоодо Америка кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууда жана АКШ тарабынан каржыланып келет. Демек, Сирия маселесинде тараптардын аракеттеринин баары Асад режимин сактап калууга каратылган жана бул Американын мүдөөсү. Мунун акысына ар кимиси өз ролуна жараша үлүш алат. Маселен, Түркия кийинки жылдагы шайлоодо АКШдан колдоо күтсө, Орусия экономикалык блокададан чыга турган эшиктердин ачылуусун үмүт кылууда!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here