(Израиль) чабуулунан өлгөндөрдүн саны 45ке жетти

189
0

(Израиль) чабуулунан өлгөндөрдүн саны 45ке жетти

 (Израиль) 4 күндөн бери чабуул кылып жаткан Газа секторунда каза болгондордун саны 45ке жетти. Бул тууралуу Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматында, 5-августтан бери болуп жаткан чабуулдарда 44 адам, анын ичинде 15 жаш бала жана 4 аял каза болгондугу, 360 адам жараат алганы айтылган. Жарадар болгондордун абалы тууралуу кеңири маалымат жок.

Кээ бир маалымат каражаттары (Израиль) менен Газадагы “Исламий Жихад” тобунун ортосундагы согуш азырынча тынчыгандыгы жана тараптар ортосунда тынчтык келишими түзүлгөнү жөнүндө кабар таратып жатканы менен (Израил)дин тышкы иштер министри Яир Лапид жана коргоо министри Бени Ганц биргелешкен билдирүү таратып, Газадагы чабуул канча зарыл болсо, ошончо убакытка улана тургандыгын билдиришти.

 Комментарий: Жогорудагы окуяга көңүл буруп караган болсок, массалык маалымат каражаттары (Израиль) армиясынын Палестина калкын, анын ичинде аялдар менен жаш балдарды кыргын кылышын башталганына 4 күн болгон катардагы эле кагышуу катары сүрөттөп жатышат. Негизи яхудий вужудунун бул чабуулдары 4 күндөн бери эмес, 74 жылдан бери т.а. Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин 1948-жылы Мубарак жерде ыплас яхудий вужуду орнотулгандан бери уланып келет. Болгону яхудийлердин чабуулдары, баскынчылыктары, жай тургундарды куугунтуктап, турак жайларын бузуп салышы, кудум мурункулары сыяктуу эле, ар түрдүү айла-амалдар аркылуу адамдардын зээнинен чыгарылып жатат.

 Тажрыйбада көп жолу кайталанган нерсе ушул, эгер мусулмандарга карата кыргын болсо – ал канчалык чоң окуя болбосун – кудум эч нерсе болбогондой тез эле унутулуп калат. Эгер мусулмандар тарабынан же Исламдын атынан бирер окуя боло турган болсо – ал канчалык кичине болбосун – дүйнө жүзүндө талкуулана турган темага айланат. Массалык маалымат каражаттары күнү-түнү ушуну менен алек болушат. Мисалы, Европада мусулмандар мойнуна жүктөлгөн террордук чабуулдар ал жердеги бардык террорчулуктун болгону 2 %дан азыраагын түзөт. Ошондой болушуна карабастан, бардык маалымат каражаттары “Исламий терроризм” сөзүнө толуп кеткен, эч жерде “насроний терроризм” же “яхудий терроризм” деген аталыш менен кабар тараганын көрбөйсүз.

 Мындан тышкары, яхудийлердин бул чабуулдары жөнөкөй эле кагышуу эмес, ачык көрүнүп турган террордук чабуул. Бирок ушундай болушуна карабастан, эч бир мамлекет, Америка, Европа мамлекеттери же башка эл аралык уюмдар (Израил)дин бул чабуулдары ачык террор экенин айтышпайт. Массалык маалымат каражаттарынын эң “калысмын” дегендери да “(Израиль) менен Газадагы “Исламий Жихад” тобу ортосундагы согуштар” деп кабарлап жатат. Эмне үчүн?! Себеби, булар террорчу дегенде мусулмандарды, терроризм дегенде болсо, Исламды түшүнүүгө адаттанып калышкан. Ал тургай РасулуллахAдын тарыйкатын ээрчип, колуна курал албастан Исламий жашоону кайрадан баштоого чакырып жаткан мусулмандарга да «террорчу» тамгасын жабыштырышат. Ал эми кез-кезде жарыяланып туруучу террорчу мамлекеттер, кыймылдар жана адамдар тизмесинен, бүт дүйнөнүн башына балээлерди жаадырып жаткан АКШ жана Европа мамлекеттерин, же 1948-жылдан бери мусулмандарды кыргын кылып жаткан баскынчы яхудий вужудун, же Мусулмандардын үйлөрүнө бастырып кирип таяктап өлтүрүп жаткан Индия өкмөтүн, же болбосо, Ирак жана Афганистанда жийиркеничтүү иштерди кылган «Blaсkwater» сыяктуу ЦРУга баш ийген жалданма топторду көрбөйсүз. Себеби, бул тизмени террордун анабашы болгон АКШнын тышкы иштер министрлиги түзөт.

 Кыскасы дүйнөдө болуп жаткан окуялар батыш мамлекеттеринин о.э. аларга көз каранды болгон эл аралык уюмдар менен маалымат каражаттарынын чыныгы жүзүн тынымсыз ачып жатат. Ошол эле убакта Исламий өлкөлөр башчыларынын дүлөй, сокур жана дудуктугу уланууда. Кечээ “Ислам кызматташтыгы уюмуна” мүчө мамлекеттер чогулушуп, адаттагыдай эле бул маселени БУУда көтөрүп чыгарын билдиришти. Эмне демекпиз,  Аллах Таала булар жөнүндө Өз китебинде мындай деген:

صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَعْقِلُونَ

“…(Алар) дүлөй, дудук, сокур, демек алар туура жолго кайтышпайт”.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here