ЖККУ күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары башталды

172
0

ЖККУ күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары башталды

Кабар: Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” аскерий полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн машыгуусу башталды.

“Кобальт – 2022” деп аталган атайын-тактикалык машыгуунун негизги максаты – мүчө мамлекеттерин ортосунда кылмыштуулукка каршы күрөштө күч түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын бекемдөө.

Маалыматта айтылганга караганда, машыгуунун жүрүшүндө атайын багыттагы күчтөр “бандиттик, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана жок кылуу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын жабуу боюнча практикалык ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарат”.

Машыгуу 5-августка чейин уланат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Комментарий: Россиянын эл аралык саясаттагы салмагы сезилерлик даражада жоголуп барууда. Буга Россиянын Украинада алып барган согушу натыйжасында ага каршы АКШ жетектеген дүйнөлүк коомчулук колдонгон санкциялар жана эл аралык саясатта обочолонтуу себеп болууда.

Бирок, Россия азыргы чейин тагдырга тан бермекчи эмес. Ал кандай болбосун Борбор Азияны өзүнүн таасири астында кармап калууга аракет кылат. Мында Россия таяна турган аскерий кубатынан башка рычагдары дээрлик калбай бара жатат. Россия региондо саясий жактан АКШга уттурган болсо, экономикалык жактан таасирин Кытайга тарттырып барууда. Ушул себептен улам, Россия  регионду анын аскерий коргоосуна муктаж абалга алып келүүгө аракет кылат. Бул үчүн жасалма кооп-коркунучтарды же атайын туруксуздук чыгарууда түрдүү провокацияларды уюштурушу керек болот. Мында Россия үчүн сыналган ыкма – экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү натыйжа берет.

Андан тышкары, Путин ЖККУ уставына өзгөртүү киргизүү аркылуу уюмга мүчө мамлекеттерди ал жетектеген “тынчтыкты сактоочу” операцияларга тартуу үчүн чөйрө даярдап алды. Ушул жылдын март айында Россия президенти Владимир Путин Мамдумага ЖККУнун тынчтыкты сактоочу аракет жөнүндөгү келишимге “көзөмөлдөөчү мамлекет” деген жаңы түшүнүктү киргизүүнү назарга алган оңдоп-түзөтүүлөрдү ратификация кылуу үчүн сунуштаган. “Протоколдо “координациялоочу мамлекет” түшүнүгү киргизилет жана анын калкасында БУУнун тынчтыкты колдоп-кубаттоо операцияларында колдонуу үчүн ЖККУнун жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүн түзүү каралган”, – делет Путин тарабынан сунушталган түшүндүрмө катта.

Белгилүү болгондой, ЖККУнун учурдагы уставынын 4-беренесинде “уюмга мүчө мамлекеттердин биринин коопсуздугуна, туруктуулугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана суверенитетине коркунуч туудурган куралдуу чабуул уюмга мүчө бардык мамлекеттерге кол салуу катары каралат” деп белгиленген. Эгер, уюмдун уставына өзгөртүү киргизилип, ага тынчтыкты сактоочу операциялар да кошулса, “координациялоочу мамлекет”, тагырак айтканда Россия “тынчтыкты сактоочу операциялардын” алкагында ЖККУ күчтөрүн Донецк жана Луганскга тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here