АКШ Кытайга карата провакациясын күчөтүүдө

284
0

АКШ Кытайга карата провокациясын күчөтүүдө

Америка Тайвань маселеси аркылуу Кытайга карата провакациясын күчөтүп жатат. Мына ушул максатын улай, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 3-августта Тайвандын президенти Цай Инвэн менен жолукту. Пелоси жолугушуу учурунда дүйнө бүгүн демократия менен автократиянын ортосунда тандоодо турганын жана АКШ Тайванда демократияны сактап калуу чечкиндүүлүгүнөн кайтпай турганын билдирди.

Ал эми Цай Инвэн өз өлкөсүнүн суверенитетин сактап, демократияны коргоону уланта берерин айтты.

Бул окуяны утурлай Кытайды Тышкы иштер министринин орун басар Се Фен АКШнын Кытайдагы элчисин мекемеге чакыртып, Пелосинин сапары  «Бирдиктүү Кытай» келишимин бузганын билдирди.

«АКШ Тайвань картасын ойноодон, Тайванды Кытайдын айланасын чектөө үчүн колдонуудан баш тартышы керек. Тайвань Кытайдын Тайваны», деди Фен. Ал ошондой эле бул жолугушуу Кытайдын эгемендүүлүгүн тепселөө жана Тайвань аралындагы тынчтыкты бузуу экенин кошумчалады.

Пелоси Тайваньга АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Ньют Гингричтин 1997-жылкы сапарынан кийин келген экинчи спикер болуп калды.

Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин ыктымал сапарын Кытайдын суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Америкалык аткаминердин сапарын утурлай Бээжин аскерлерин чек арасына топтоп, Тайвандын аба мейкиндигинин айланасында аскердик машыгуу өткөрүп жатты. 4-августта башталган машыгуу 7-августка чейин уланат.

Буга чейин АКШ президенти Джо Байден Токиодо Япония премьер министри Фумио Кишида менен жолугушуу учурунда Кытай Тайванга кол салса, АКШ бул аралга аскерий жардамды убада кыларын билдирген.

Белгилей кетсек, 1949-жылы Мао Цзедун баштаган Кытайдын Коммунисттик партиясы менен Чан Кайши баштаган Гоминдан (Улуттук) партиянын күрөшүнөн кийин Гоминдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайвань 1971-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунда Кытай мамлекети катары эсептелип келген. 1971-жылдагы добуш берүүдөн кийин Бээжин бийлигинин бирдиктүү өкүлү дайындалган. Ушундан кийин Бээжин «Бирдиктүү Кытай» саясатын жүргүзүп, аралды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептеп келет. Ал эми, АКШ 1979-жылдан бери бул аймакта Кытайдын бийлигин таанып келет.

Маалым болгондой, АКШ Украинаны НАТОго кошуу шылтоосу менен Орусияны провакация кылуу аркылуу тузакка түшүргөн эле. Украина маселеси аркылуу Орусияны сазга батырган Америка Кытайды да Тайвань баткагына батырууга аракет кылууда. Муну менен акыркы жылдары дүйнөгө лидерлик кылган макамына жетип жаткан коркунучтун алдын алмакчы болууда. АКШнын бул саясатын улай НАТОнун акыркы саммитинде Кытай негизги коркунуч катары белгиленди. Мындан улам, Америка Чыгыш Түркистандагы мусулмандарга жасалган зулумдуктарды ачып таштап, Кытайдын Гонг-Конг жана Тайвань жараларын кашып атат. Анткени, Кытайдын акыркы жылдардагы экономикалык жана технологиялык жактан тездик менен өнүгүүсү АКШнын аймактагы таасирине зыян жеткирүүдө. Мындан улам, эл аралык абалдагы биринчи макамын сактап калуу үчүн аймакта туруксуздук болуусуна кызыктар. Америка Украина кризисин да Европа менен Орусиянын аймактагы таасирин сындырып, өзүнүн дүйнө үстүндөгү лидерлигин сактап калуу үчүн чыгарган эле.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here