Медведев баракчасы: Казакстан – жасалма мамлекет

321
0

Медведев баракчасы: Казакстан – жасалма мамлекет  

Кабар: Россия Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орунбасары Дмитрий Медведевдин “В Контакте” баракчасында 2-августка өтөр түнү “Казакстан жасалма мамлекет” деген жазуу пайда болду. Постто “Түндүк жана Түштүк Осетия, Абхазия жана Грузиянын азыркы аймактары Россия менен гана бир мамлекет тутумунда биригүүлөрү мүмкүн” экендиги айтылган. Бул жазуу 10 мүнөттөн кийин өчүрүлгөн, Медведевдин жардамчысы болсо кийинчерээк экс-президенттин баракчасына кимдир бирөө тарабынан бузуп кирип кирилгенин билдирген.

Постто автор 1801-жылга чейин Грузия деген мамлекет болбогонун, ал Россия империясы аймагы ичинде гана пайда болгонун айткан. Казакстан болсо, автордун ою боюнча, “искусственное государство” болуп, анын аймактары “мурунку орус аймактары” болуп саналат – азыр ал жерлерге азыркы бийликтер түрдүү улут өкүлдөрүн көчүрүп барып жатышат жана мындай абалды “орустарды геноцид кылуу деп сыпатташ мүмкүн”.

“Биз буга көз жума албайбыз. Ал жерлерге орустар бармайынча, тартип болбойт” деп жазган пост автору.

Бул посттун скриндери ММКларда пайда болгондон бир нече сааттан кийин, Медведевдин жардамчысы анын страницасына бузуп кирилгенин, баракчаны ким бузуп киргенин болсо социалдык тармактын администрациясы аныкташы керектигин билдирген.

Комментарий: Акыркы жылдары Россиянын президент баш болгон чоң-кичине чиновниктери Казакстан аймактарына көз арткан сөздөрүн айтып чыгышууда. Айрыкча, мындай билдирүүлөр Казакстан президенттери тарабынан Россия кызыкчылыктарына тескери келген билдирүүлөр берилиши артынан пайда болот. Мисалы, Казакстандын биринчи президенти Назарбаевдин 2014-жылы Украинанын Евробиримдик менен келишүүлөрүн колдоп-кубатташын билдириши артынан Путин “Казакстанда эч качан мамлекетчилик болбогонун” жана “Казакстан үчүн үлкөн орус дүйнөсүнүн бир бөлүгү болушу пайдалуу” экендигин айткан эле.

2020-жылы декабрь айында Россия думасынын илим жана билим комитетинин төрагасы Вячеслав Никонов 1-телеканалдын “Большая игра” программасында “Казакстан аймагы Россия о.э. Советтер Союзу тарабынан берилген үлкөн белек” деп айткан эле.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму учурунда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Донбасс республикаларын өз алдынча мамлекет катары тан алуу тууралуу суроого “…биз не Тайванды, не Косово, не Түштүк Осетия же Абхазияны тан албайбыз. Донецк жана Луганск сыяктуу квази-мамлекетчелер аймактарына карата да так эле ушундай мамиледе болобуз” деген эле.

Токаевдин ушул баянаты артынан Россия Казакстан нефти экспортунун 80 пайыздайын ташый турган Каспий қуурун эки жолу токтотуп койду. Мейли, Медведевдин билдирүүсү өчүрүп ташталган жана баракча бузуп кирилгени айтылган болсо да, бирок, муну түпкүлүгүндө Путин бийлигинин илгертен берки арзуусу деп айтууга болот. О.э. Медведевдин “өчүрүлгөн” постунда “Россия Украинаны азат кылган соң, чексиз Россия чегараларын кайта тикелөө боюнча кезектеги жүрүш башташы” айтылышы да Путиндин СССР сыяктуу империяны кайта тикелөө арзуусунда күйүп-жанып жатканына далалат кылат.

Россия Украинада катуу каршылыкка учурап, уруш ал күткөндөн көпкө созулуп кеткенине карабай, Путин максатынан кайтканы жок. Ошондуктан, казак бийлиги ыктымалдагы орус кол салуусунан коргонуу үчүн армиясын күчтөндүрүүнү баштады. Апрель айында Казакстан коргонуу бюджетин 441 миллиард тенгеге (915 млн доллар)  көбөйттү. Бирок, Казакстан жалгыз өзү же регион мамлекеттери жекече абалда орус баскынчылыгына каршы туруулары кыйын. Ошон үчүн регион мамлекеттери т.а. Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан респбликалары өз ара интеграцияны күчөтүүгө олуттуу аракеттер алып барышууда. Лекин, алардын интегарциялануу жараяндары АКШ башчылыгында жана анын көрсөтмөлөрү негизинде алып барылууда. Бул нерсе болсо “жамгырдан качып добулга тутулуу”дан башка нерсе эмес. Анткени, АКШ да куду Россия сыяктуу эле колонизатор мамлекет болуп, алар эч качан колониядагы калктардын пайдасына иш алып барбайт.

Эгер регион калкы чындап эгемендүүлүккө жетишип, чыныгы өнүгүүнү каалашса, анда бул мусулман өлкөлөрдүн мусулман калкынын Ислам акыйдасы негизинде биригүүлөрү зарыл. Жалгыз Ислам акыйдасы гана регион калктарын кыргыз, казак же өзбек…ке бөлбөй бириктирүүгө жана бир максатка карай жетектөөгө кудуреттүү. Андай болбосо, колонизатор мамлекеттер аларды каалаган убакта улутчулдук же мекенчилдик пикирлери аркылуу өз ара чыр-чатактарга алып кирет, ал эми, өздөрү болсо “тынчтык сактоочу күчтөр” маскасы артында кирип келишет. Ушундай батыл пикирлер артынан ансыз деле бытырандыланган мамлекетчелерди дагы да чачыратып (Каракалпакстан, Тоолуу Бадахшан окуялары сыяктуу) өз өкүмдарлыктарын бекемдеп бара беришет.

 Туркистон

 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here