Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Борбор Азияда кызматташтык келишимине кол коюшту

178
0

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Борбор Азияда кызматташтык келишимине кол коюшту

 Кабар: 21-июлда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери “XXI-кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак кошуначылык жана кызматташтык жөнүндөгү” келишимге кол коюшту.

Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери болсо өз өлкөлөрүндөгү ички процедуралар аяктагандан кийин бул документке кол коё турган болушту.

О.э. Борбор Азия өлкө башчылары жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү да кабыл алышты.

 Комментарий: Россиянын президенти Владимир Путин 28-29-июнь күндөрү Борбор Азиядагы калган республикаларды четтеп өтүп, Тажикстан жана Түркмөнстанга барып, аталган эки мамлекеттин башчылары менен жолугушкан. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушууда Путин негизги темаларга өтүүдөн мурда, миңдеген тажикстандыктар Россияда иштеп жатканын эскертип: “Билесизби, биз Россияда иштеп жаткан Тажикстан жарандары үчүн эң ыңгайлуу режимди киргизгенбиз жана сиз ар дайым жекече жолугушууларыбызда ушул маселелерди көтөрүп келесиз. Бүгүн, ал адамдар мамлекетибиздин экономикасы өнүгүшүнө өтө чоң салым кошууда жана мына ушундай адамдык “көпүрө”, Россия жана Тажикстан ортосундагы достук көпүрөсү болуп эсептелет”, – деди. Бул Путиндин Эмомалини эскертүүсү болуп, эгер тажик өкмөтү Россия менен мамилелеринде башка багытты көздөй турган болсо, Россиядагы тажик жарандарына мамиле өзгөрүшүн жана бул нерсе өз кезегинде Тажикстан үчүн олуттуу проблемаларды жаратышын эскертип койду.

 Түркмөнстанга сапарынын алкагында Путин Россия менен Түркмөнстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө туурасындагы декларацияга кол койду жана Каспий саммитине катышып, Азербайжан жана Ирандын жетекчилери менен өз-өзүнчө сүйлөшкөн, ал эми саммитке катышуу үчүн келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушпай кайтып кеткен. Себеби, Путин Токаевдин ЛНР жана ДНР боюнча позициясына “капа” болгон эле. Путиндин бул аракети ата-бала “түркмөнбашы”ларды сестентип койгон окшойт.

Кечээ күнү Чолпон-Атада өткөн консультативдик жолугушууда көтөрүлгөн негизги маселе – коопсуздук маселеси болуп, мамлекет башчылар чек араларды демилитация жана деморкациялоодо тышкы күчтөрдүн чагымына алдырбай, тынчтык жолу чечүүгө чакырышты. О.э. ички жана тышкы коопсуздук маселелеринде да өз ара кызматташтык жана жардамдашуу керектигин айтып өтүштү.

 Борбор Азия республикалары үчүн чечүүчү жана негизги ролду ойноочу тышкы күч Россия болуп, ал каалаган убакта чек ара пробламаларын же улуттар аралык жаңжалдарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аймактагы ар бир мамлекеттин чек ара жана этникалык проблемалары жетиштүү. Кыргыз-тажик, тажик-афган же түркмөн-афган чек араларындагы кырдаал, Тоолуу Бадахшан, жакында гана болуп өткөн Каракалпакстандагы жаңжалдардан Россия аймактагы мамлекеттерге басым өткөрүүдө пайдаланышы мүмкүн.

 Бүгүн эл аралык саясатта ири өзгөрүүлөр болуп жатат. Россиянын Борбор Азиядагы таасири алсырап барууда. Мындайда аймактагы мамлекеттердин башка дүйнөлүк күчтөр менен алака орнотууга аракет кылышы табигый көрүнүш. Ушул алкалар башында негизинен экономикалык тармак менен чектелген болсо, эми аскерий жана саясий тармактардагы мамилелер да күчөп барууда.

 Аймактагы мамлекеттердин АКШ, Кытай жана Батыш мамлекеттери менен күчөп бара жаткан мамилесине Россия жөн гана карап турбашы анык. Борбор Азия мамлекеттери кызматташтык, союздаштыкты күчөтпөсө, Россия булардын бирине таасир өткөрүп экинчиси менен согуштурууга о.э. колунан келишинче ички проблемаларды келтирип чыгарууга аракет кылат. Булардын ортосундагы биримдик пайда болбошуна аракет кылат. Тажикстан менен Түркмөнстан президенттеринин Борбор Азияда кызматташтык боюнча келишимге кол койбой турушу да Россиянын себептүү болгонуна шек-күмөн жок.

 Өкүнүчтүүсү, убактылуу бийлигин жалаң гана байлык топтоо үчүн пайдаланып жаткан аймактагы мамлекет башчылар чыныгы эгемендүүлүккө жеткире турган, калкынын ишениминен келип чыккан Ислам мамлекети байрагы алдында биригүүнүн ордуна, бир колонизатордон кутулуу үчүн башка колонизатордун кулдук кишенин өлчөп көрүү менен убара болуп жатышат!

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here