Европада газ дүрбөлөңү

25
0

Европада газ дүрбөлөңү

Европа Союзу биримдикке мүчө мамлекеттерге газ керектөөнү тезинен азайтуу боюнча кеңеш берүүгө даярданууда. Анын эскертишинче, Европа континенти кышында газ таңкыстыгына дуушар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Британиянын “Financial Times (Великобритания) гезити кабарлады. Кабарда келишинче, Еврокомиссия Россия газ берүүнү токтотуп койсо регион экономикасына кандай таасир көрсөтүшү жөнүндө жана газга болгон талапты тез арада кантип азайтуу жөнүндө план долбоорун иштеп чыккан.

Комиссиянын билдиришинче, энергияны үнөмдөө үчүн жетиштүү чаралар көрүлбөсө кыш мезгили орточо температура менен келген учурда Европа Союзунун өсүшү1 пайызга чейин азайышы мүмкүн. Эгер кыш мезгили суук болсо, Ички дүң продукция 1,5 пайызга кыскарышы мүмкүн. Ошондуктан, комиссия “Коопсуз кыш үчүн газды үнөмдөгүлө” деген документтин долбоорун сунуштап жатат.

О.э. кыш мезгилинде газ таңкысты жүз беришин ойлоп, азыртадан дүрбөлөңгө түшүп калган Европа Союзу энергия булактарын диверсификация кылуу үчүн Азербайжан менен мамилени бекемдөөнү максат кылууда. “Reuters маалымат агенттиги Баку менен Европа Союзу ортосунда сунушталган келишимге ылайык Түштүк газ коридору аркылуу Европа Союзуна жөнөтүлүүчү газ агымы көбөйтүлүшүн билдирди.

Комментарий: Ушул кезге чейин “стратегиялык курал” дегенде аскерий маанидеги куралдарга т.а. атомдук бомба же баллестикалык ракета сыяктуу куралдарга ээ болуу жана аны колдонуу түшүнүлөт эле. Ал эми, бүгүнкү күндө ушундай бир абал жүз берди дейсиң, мунай жана газ сыяктуу энергетикалык товарлардын мааниси аскерий куралдардан өтүп кетти. Мына, учурда Россия Европа Союзуна каршы газды стратегиялык курал катары пайдаланууда. Себеби, Батыштын бардык өнөржайы газ жана мунайга көзкаранды.

 Россиянын газды токтотуп коюшунан Европа мамлекеттеринин дүрбөлөңгө түшүүсү табигый көрүнүш. Себеби, кыш мезгиилнде Европа өз калкына газ жеткирип бербесе кыйроого учурайт. Алар кышында газ болбосо тезек жагып отура турган же баласы бешикте сууктан өлүп калса да унчукпай отура бере турган биздин калктарга окшобойт. Алар өз идеологиясы боюнча ойгоо калк болуп эсептелишет. Ошондуктан, өкмөт бүгүнкү күндөн баштап чара көрүүгө мажбур болууда.

 Маселеге башка тараптан жандаша турган болсок, Россиядан бара турган бир гана газдын азайтылышы Европа Союзун ушунчалык дүрбөлөңгө салып жаткан болсо,  жакында тикеленүүчү Ислам мамлекети өз аймагынан чыгып жаткан газ, мунай жана башка байлыктардын чет өлкөгө чыгып кете турган жолун тосуп койсо куфр дүйнөсү кандай абалга түшүп каларын өзүңүз элестетип көрүңүз. Себеби, Исламий өлкөлөр геосаясий жактан өтө маанилүү аймактарда жайгашкан. Эң маанилүү каналдар, дарыялар жана кысыктар Исламий өлкөлөрдө. Үлкөн байлыктарга ээ Жер Ортолук деңизи, Кызыл деңиз, Араб деңизи, Кара деңиз, Каспий деңизи сыяктуу энг маанилүү деңиздер да Исламий өлкөлөргө караштуу. Мындан тышкары, Исламий өлкөлөр жер алдындагы байлыктарга, ар түрдүү кымбат баалуу кендерге, таза суунун түгөнбөс булактарына жана түшүмдүү жерлер сыяктуу үлкөн материалдык байлыктарга ээ. О.э. бул өлкөлөрдөн Тынч океанына да, Индия океанына да, Атлантика океанына да чыга турган жолдор бар. Эгер азыр Исламий өлкөлөр бир мамлекет, бир Халифа жана бир байрак алдына бириге турган болсо, эл аралык майданда жетекчи мамлекетке айланышына эч кандай шек-күмөн жок. Ушундай болгон соң, Ислам мамлекети бүгүнкү күндө суунун баасы менен чет өлкөгө чыгып кетип жаткан байлыктарынын жолун тосуп койгон учурда куфр дүйнөсү чөгөлөп калары көрүнүп турган акыйкат.

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here