Кыргызстан Россия менен эсептешүүдө толук бойдон орус рублине өттү

58
0

Кыргызстан Россия менен эсептешүүдө толук бойдон орус рублине өттү

 Кабар: Кыргызстан мындан кийин Россия менен эсептешүүлөрүнүн бардыгын орус рублинде ишке ашырат. Бул тууралуу 20-июлда “Азаттык” радиосуна экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирген.

“Биз толук рублга өттүк десек болот. Анткени Россия SWIFT системасынан чектелгенден кийин операцияларды башка валюталар менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азыр эң альтернативдүү валютабыз – орустардын рубли болуп жатат. Бажы биримдигиндеги пошлинабыз да азыр Россия менен рубль-сом болуп жүргүзүлүүдө”, – деди министр.

Анын айтымында, буга чейин газ жана күйүүчү майлоочу материалдар боюнча “Газпром” менен эсептешүү доллар менен болуп келген.

 Комментарий: 1971-жылы АКШ президенти Никсон Бреттон-Вудс келишими бүткөнүн жана алтын менен доллардын ортосундагы байланыш жокко чыгарылганын жарыялады. Ошондон баштап алтындын акча менен болгон байланышы үзүлдү жана алтын да башка товарлар катары кадимки бир товарга айланып калды. Американын мындан көздөгөн максаты долларды дүйнөдөгү негизги акчага айландырып, эл аралык финансы базарын көзөмөлдөө болчу. Ошондон бери дүйнөдөгү бардык мажбурий кагаз акчалар АКШ долларына байланып, мамлекеттердин акчаларынын куну жана айырбаштоо баасы долларга карап белгилене турган болуп калды. Америка каалаган убакта доллардын курсун көтөрүү же түшүрүү аркылуу бул мамлекеттердин ички финансылык базарларын изден чыгаруу жана экономикалык басым өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Америка доллары мунай жана газдын баасын белгилөөчү валютага о.э. финансылык төлөмдөр валютасына айланып калды.

 Америка өзүнүн долларын колонизатордук куралына, башка мамлекеттерге экономикалык басым өткөрүүчү, алардын экономикасын силкинтип жиберүүчү каражатка айландырып алды. Америка өзүнө пайдалуу болгон убакта доллардын курсун жасалма түрдө көтөрүү же түшүрүү аркылуу – долларга байланган мунайдын баасын көтөрүү же түшүрүү аркылуу – анын каалоосуна моюн сунбаган же атаандаш болгон мамлекеттерди жазалап келет. Мисалы, атаандашы болгон СССРди кулатууда да көптөгөн жылдар бою мунайдын баасын жасалма түрдө төмөн кармап туруу менен СССРдин экономикасын кыйратып, кулатууга жетишкен… АКШ долларынын дүйнөгө өкүмдарлык кылышы жана каалаган убакта курсту көтөрүү же түшүрүү аркылуу дүйнөдөгү мамлекеттердин экономикасын өзү каалагандай силкинтип жатышынын бирден-бир себеби, доллардын туруктуу валютага т.а. алтын жана күмүш түзүмүнө негизделбешинде.

 Бүгүн Кыргызстан Россия менен эсептешүүдө орус рублине өтүүгө макулдашып алганы менен Россия рубли да кудум АКШ доллары сыяктуу эле, болгону бир кагаз болуп эсептелет. Рубль да алтын же күмүшкө негизделбеген. Россия да каалаган убакта рублдин курсун көтөрүү же түшүрүү аркылуу өнөктөш мамлекеттердин экономикасына таасир өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Белгилүү болгондой, Украинага каршы башталган баскынчылык согушунун артынан АКШ жана Батыш мамлекеттери жарыялаган санкциялар орус рублине катуу сокку берди. Бир нече күндүн ичинде Россиянын рубли долларга карата эки эсе кунсузданып кетти. Ошондон кийин Россиянын борбордук банкы рублдин курсун жасалма кармап туруу жана көтөрүү боюнча чараларды көрдү. Бүгүнкү күндөгү рублдин курсу жасала экендиги баарыбызга белгилүү. Борбордук банктын жасалма кармап турушу натыйжасында рублдин курсу, ал тургай, Украина согушу баштала электеги абалынан да “бекемделди”.

 Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Америка болобу, Россия болобу айырмасыз, өзүнүн улуттук валютасын башка мамлекеттерге басым өткөрүү куралына айландырып алышкан. Мындан кутулуунун жана дүйнөнү капиталисттик түзүм зулумунан, финансылык кризис жана кагаз акчалар өкүмдарлыгынан куткаруунун бирден-бир жолу – бул Ислам шарияты шаръий акча кылып белгилеген алтын жана күмүш түзүмүнө кайтуу. Т.а. алтын жана күмүштү мамиледе жүрүүчү, товарлар жана продукциялар сатылуучу, айлык маяна белгиленүүчү валюта жана акча запасы кылып коюудан турат. Бул болсо, Исламий Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө аркылуу гана ишке ашат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here